Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесин өткөрдү

Кечээ, 10-январда Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмеси өткөрүлдү. Жалал-Абад ОИИБнын 2016-жылдын 12 айында аткарылган ыкчам кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы туурасында ОИИБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Маратбек Шайбеков баяндама жасады. Областтын аймагында жалпы катталган кылмыштардын саны өткөн жылы 2469ду  түздү. Жалпы катталган кылмыштуулук  2015-жылга салыштырмалуу 83 кө азайган. Отчеттук мезгилде катталган кылмыштардын ичинен 2071 кылмыштын бети ачылган.

Жалал-Абад ОИИБнын жыл жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесинин жыйынына КРнын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков катышты.

Жолдошбай Осмонов, өкүлдүн басма сөз катчысы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *