Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Осмонов Замирбек Бабакулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына төрага Замирбек Осмоновду тааныштырууда анын алдындагы негизги милдеттерди атады. Тактап айтканда, 2017-жылы ведомство мамлекетке экономикалык жана коррупциялык кылмыштар натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуусу жана төмөнкүлөр боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл:

– салык төлөөдөн баш тартуу жана жалган ишкерлик фактыларын аныктоо;

– мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу.

Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №524 токтомуна ылайык, контрабандага каршы күрөш алкагында алкоголдук продукцияны жүгүртүү жаатындагы күңүрт схемаларды аныктоо боюнча мобилдик топтордун ишин күчтөндүрүп,

– экономика жаатындагы , укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарындагы, отун-энергетикалык, агроөнөр-жай, билим берүү тармагындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы (жер-мүлктүк мамилелер) коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ишти жандандыруусу керек.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы республиканын экономикалык коопсуздугу жана экономикалык кылмыштуулук түрүнө каршы күрөш абалы үчүн жеке жоопкерчилик алат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *