Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бул референдум Кыргызстандын тарыхындагы эң легитимсиз, эң мыйзамсыз референдум болду!”

Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте жарандык коомдун, саясый партиялардын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү 11-декабрда болуп өткөн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын талкууга алышты.

 

3 comments

  • R5 says:

    Менин ойумча азыркы референдум жана буга чейин кабыл алынган референдумдар легитимсиз жана мыйзамсыз Деп айтсам жанылбайт болушум керек, анткени 1993 жылы кабыл алынган конституцияда так жана даана жазылган, кандай турдо референдум отот жана аны элдин канча пайызы катышы керектигин. Биздин бийлик да легитимсиз болуп келген буга чейин жана легитимсиз турдо дагы деле болуп Жатат. Конституцияны озгортууго эч бир бийликтин укугу жок, жана аны озгортуп жазууга да Текебаевдин укугу жок, бул жерден эки жак тен мыйзамды бузуп келишти, мына ушуларды сурака алыш керек, эмне себептен биз ушундай жагдайга келип такалдык деп!!!!???

  • Райымбек Усупжанов says:

    Айланайын Өмүке, саясат десе эле сагызгандай шакылдайсың? Сындан башка маанилүү сунушуң барбы?- деги эл үчүн. Бул конституцияны да сиз жазгансыз. Бирок, эл үчүн эмес өзүңүз массалык маалымат каражаттарында моюнуңузга алгандай “Атамбаев, Сариев жана башка бизнесмендер үчүн. 1993-жылы “Легендарлуу” парламент кабыл алган конституцияга кайрылып келсек, завод-фабрикаңардан, гектарлаган жерлериңерден,бизнесиңерден айрылып каласыңар! Мен жазган конституцияны кабыл алгыла”-деп мен аларды көндүргөм, бир күн кечкээ чейин артынан ээрчип жүрүп деп кан какшап айтып келдиңиз эле. Эми минтип түп нускасы жок конституцияны өзгөртүү легитимсиз-деп сайрайсыз. Сүйлөгөн сөзүңүз менен жасаган ишиңизди айкалыштырып жүрбөйсүзбү? Эмне үчүн ушул убакка чейин конституция эки вариант менен жазылганын элге айткан эмессиз?. Биз го жаңылышыбыз мүмкүн, ушул вариант туура-деп. Конституциянын атасы сиз эмне үчүн “менин балам эмес, мага окшобойт, эмнеге алмаштырдыңар -деген жоксуз ушул күнгө чейин? Үмөтлиева болбосо,” жабылуу аяк” жабылуу боюнча калмак, Бирок анын сөздөрүнө туура же туура эмес деп жооп берген жоксуз. Орустар айткандай “Молчание знак согласие” болду.Тынч жаткан элди козутпай саясый жол менен жыйнаган дүнүйөңдү кучактап жөн эле жатсаңчы.

  • Абдыкерим says:

    Буюрса, жаны бийликтин келишине эми жаны конституциянын долбоорун даярдай беришибиз керек, бул конституция Атамбаевдин мооноту буткондо ишке кирет жана дароо эле иштен чыгат. Акылы бар адам чыкса 93-жылкы конституцияны база кылып ордуна коет, болбосо ар ким озу жаза берген неме дагы деле легитимдуулук ала албайт. Текебаевдин жазганы деле азыркыдан легитимдуу эмес, ким экен ал озу оз конституциясын тануулагандай. Азыркы референдум тукко турбайт, озгоруп деле тоодой жумуш аткарбайт, бирок да бир функциясын аткарат, дал ошол 2010-жылкы да легитимсиз экенин баса белгилегеп берет, 2020-жылга чейин деле бузса болоорун корсотот, кыскасы аталык укугунан ажыратты Текебаевди, мааниси ушунда. Конституция эле эмес, бийлик мыкчып олтургандар оздору да легитимсиз деген жыйынтыкка алып келип койду. Далайы жоопкерчиликке тартылат буюрса.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *