Видео – Нурлан Мотуевдин Алмаз Атамбаевге берген жообу

Алмаз Атамбаев 1-декабрда журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн саясый оппоненти Өмүрбек Текебаев тууралу суроого жооп берип жатып, аны Нурлан Мотуевге окшоштурарын айткан. Ошондой эле “Нурлан Мотуевдин түрмөдө олтуруп алып аялдарга кастинг жасап жатканы мага жагат” деп шакаба менен жооп берген.

Ага чейин мурунку президент Курманбек Бакиевдин, азыркы Алмаз Атамбаевдин пресс-катчысы Алмаз Үсөнов да Өмүрбек Текебаевди Нурлан Мотуевге салыштырган болчу жана “Нурлан Мотуев түрмөдө олтуруп алып кыздарга кастинг жарыялап жатат” деп билдирген эле.

Кечээ, 6-декабрда эркиндикте эле жүргөн Нурлан Мотуев “тупой дурачок Алмаз Үсөновго” жана “бирөөнүн жеке турмушуна аралашкан Алмаз Атамбаевге” видеопост менен өздөрүнө ылайык жооп кайтарды.

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *