Видео – Азимбек Бекназаров: “Сариев менен Бекназаров банк ячейкаларындагы акчаларды бөлүп алышыптыр деген ушакты Атамбаев тараткан”

“Темир Сариев менен Азимбек Бекназаров 2010-жылы апрелде банк ячейкаларындагы акчаларды бөлүп алышыптыр” деген ушакты элге Алмаз Атамбаев тараткан. Анын бул калпын ошондо 16-июнда Роза Отунбаева Сокулукта жокко чыгарган. Ошол ызы-чуу мезгилинде Атамбаев бир жума дайынсыз жоголуп кеткен. Кайда экенин эч ким билбейт. Анан Сокулуктагы жолугушууда эл Отунбаевадан ушуну сурап жатпайбы. Роза Исаковна “анын баары калп, тескерисинче биз ал учурда Атамбаевдин өзүн таппай калганбыз” деп элге түшүндүргөн. Анан Атамбаев “Темир Сариев менен Бекназаровду бийликке жолотпойм” деп жүрдү. Бирок Темир Сариев министр, анан премьер-министр болуп иштеди. “Сен банкты уурдагансын! Кайсы бетиң менен келдиң?” деп кууп жибербейби Сариевди. Анткен жок, анткени айтканынын баары жалган ушак.

Булак: Сентябрь

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Ячейкадагы акчаларды кимдер “алганын”, канча алганын УӨ түн мүчөлөрү жакшы билишет. Себеби, ячейкадагы “баланча” миллион сом Оштогу коогалаңга жумшалган -деген-маалымат бир кезде ММКаларга чыгып кеткен. Казак-кыргызда жакшы макал бар “” Жакшы айылдын (аулдын) балдары бирин- бири “баатыр” -дейт. Жаман айылдын (аулдын) балдары бирин-бири “катын”-дейт-деген. Силер бири -биринерге шылтабай ачык эле айтсаңар кудайдын алдында күнөөңөр жеңилдемек. Өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы. Өз катаңарды моюнуңарга алып, же чындыкты болгондой элге айтып берсеңер эл силерди кечирээр. Болбосо эртеби, кечпи бийликке таза киши келип “көмүлгөн иттин” өлүгүн казып чыкса, урук-тукумуңарга чейин “баланча” уурунун тукуму деген сөз “кетпес так” болуп калаарын унутпагыла!.”Суудуку-сууга”-дегендей элдин ырыскысын элге кайрып бергиле!. Эгер Атамбаев калп айтса, эмне үчүн сотко бербейсиңер?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *