Видео – Анкарада Россиянын элчисин атып өлтүргөн адам “Мен бул жерде өлөм! Бул менин Аллепону бомбалоо үчүн өч алганым!” деп кыйкырган

Кечээ, 19-декабрда Түркиянын борбору Анкаранын Заманбап искусство музейинде “Россия түрктөрдүн көзү менен” фотокөргөзмөсүн ачып жаткан Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөн. Кол салган адам музейге сырттан Андрей Карлов менен удаа кирген жана Карловду кайтарып жүрөм деп полициянын күбөлүгүн көрсөткөн. Анын курагы болжол менен менен 25 жаштарда, түрк жана араб тилдеринде сүйлөгөн. Элчини артынан аткандан кийин “Мен эч жакка качпайм! Ушул жерде өлөм! Бул менин Аллепону бомбалоо үчүн өч алганым!” деп кыйкырган.

Видео: Россия 24

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *