Видео – Алмаз Атамбаев жоготуп алган агасын Өзбекстандан кантип тапканын айтып берди

Өзбекстанга 24-декабрда жумушчу сапары менен барган Алмаз Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Самарканда жолугушту.

Ал жолугушууда Атамбаев 2007-жылы Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда Өзбекстанга визит менен келгенин, аны Өзбекстандын ошол кездеги премьер-министри Шавкат Мирзиёев тосуп алганын эскерди. Ал жолугушууда Атамбаев анын агасы Өзбекстанда жашарын, өзбек жараны экенин жана көп жылдардан бери жоготуп таппай жүргөнүн айтат. Ал эми Шавкат Мирзёев тез арада Алмаз Атамбаевдин агасын Нурабад деген шаардан таптырып, кыргыз делегациясы жашаган мейманканага алып келдирет. Ошондо бир туугандар 14  жылдан бери катышпай калышкан болот. Атамбаевдин агасы Өзбекстандын жарандыгын алып, мектептердин биринде мугалим болуп иштеп калган экен.

“Мен ошондо эле айткам, биз бир тууган калкпыз деп, бир туугандардын бири Кыргызстандын премьер-министри болсо, бири Өзбекстандын жараны”, – деди Алмаз Атамбаев.

Видео: Канал 11

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *