Видео – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы митингде сүйлөгөн сөздөрү

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер 7-декабрь күнү Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионунда бүгүнкү бийликке каршы митинг уюштуруп, өз тарапташтарынын алдында келечек максаттары менен бөлүшүштү.

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Кийинки кездерде иштей албай же, ичип жегени билинип калып же, жоопко тартылып, кызматтарынан кол жуугандар учурда бийликке сын тагуу менен өздөрүнүн элге кылган кыянат иштерин жашырып жабуу үчүн, элдин көңүлүн башка нукка буруп, алардын толгон токой көйгөйлөрүн чечүүнүн ордуна, өздөрүнүн керт баштарынын кызыкчылыктарын ойлошуп ар бир нерсени саясатташтырып келе жатышат. Бир кезде Ташиев менен Бабанов бириккенде ортого “балдарынын” келечегин коюп антташты эле, эми аягы кандай болот? Балдары чоңойгондо тели теңтуштарына эмне -деп жооп беришет? Балдарынын келечеги үчүн сөздөрүнө турбаган саясатчылар элдин келечеги үчүн сөздөрүнө турушмак беле? Ташиев берки экөө менен эми кимисин ортого коюп антташты болду экен?.Үчөө тең өздөрүнүн кыйналып кысталгандарын элге айтып бийликтин үстүнөн арызданып алышты. Дагы да болсо ичтериндеги бийликке болгон “кек”терин элдин күчтөрү менен алуунун аракеттеринде. Мен тасманы көрүп олтуруп бирөөнүн да “Элим кечирип койгулачы? Менден да каталык кетти эле. Учурунда ичип жеген элем. Кеч да болсо түшүнүп, эми минтип кетирген күнөөмдү акташ үчүн силердин таламыңарды талашайын, бийликке келгендер биз кетирген катаны кайталашпасын, силердин ырыскыңарды ичип жебесин” -деген ой-максат менен алдыңарга келдим деп сүйлөгөнүн уккан жокмун. Бирок, мени кыжалаат кылганы стадион толо элдин баягы эле “Тырмоочту” кайра басууга даярданып тургандарыы болду. Үчөө өздөрү айткандай “кичинекей ит”, “бөлтүрүк” “карышкырлардан” башка эл башчысы болоор кыргыздын азаматтары калбай калганбы?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *