Видео – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчы Ташиевдер Жалал-Абадда оппозициялык митинг өткөрүштү

Кечээ, 7-декабрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчы Ташиевдер оппозициялык митинг өткөрүштү. Митингге 3 миңден ашык адам катышып, үчилтик кызуу колдоо тапканы айтылууда. Мадумаров, Келдибеков жана Ташиевдер эл алдында жалындуу сөздөрдү сүйлөп, бүгүнкү бийликтин эки жүздүү бетин ачышкан.

Булак: Сентябрь

 

2 comments

  • Башка партияларды жамандасанар да биздин”Республика-Ата журт”партиясын жамандабагылачы кудайжалгагырлар,анынар элге да жакпайт,кечее эле болунуп алып бугун жамандаганынарга жол болсун,силер минтип очко топтойбуз деп ойлосонор,адашасынар,кайра кашыктап тапкан абийринерди чомучтоп жоготосунар ошонорго окунуп турам бир жагынан сыймыктанам себеби мындан чыкты биздин партия кучтуу партия,биздин партия таза партия,биздин партия олуттуу реформалар партиясы

  • Райымбек Усупжанов says:

    “Кыз боозуп энесин коркутат”-болбой, бийликтин эмес экөөлөп Келдибековдун бетин ачып беришсе болмок.Ушул катышып олтурушкан кары-картаңдардын пенсияларынын арты менен ушул даражага жетти-дешип. Үчөө тең бийликтин даамын татып калгандар. Дагы эле элдин ырыскысына элдин жардамы менен кол салсакбы?-деп турган чактары. Коомубузга таза адамдар келмейинче коом тазаланбасын түшүнүүгө убакыт жеткени- алигиче көпчүлүккө жетпегени өтө өкүндүрөт.”Уялбагандан өзүң уял”-деп айткандай Үчөөнүн элдин алдына чыкканын көрүп биз уялчу болдук.Булардын чындап эле эл үчүн иштеп берели деген ниеттери болсо,жаңы муундарга жол бошотуп бергендери туура болмок. Антейин дешсе келгендер мурунку ичип жегендерин кустуруп коёрун жакшы түшүнүшөт

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *