Улан Молдодосов: “Изатка болгон чечимди чыдамсыздык менен күтүп атабыз”

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов менен Бразилия олимпиадасында байгелүү 3-орунду багынткан Изат Артыковдун абалы тууралуу маек курдук. Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик (ВАДА) тарабынан балбандын канынан стрихнин табылды делип, бу суроо бүгүнкү күндө да чечиле элек маселе катары бааланууда экенин Уландын өз оозунан уктук.

— Улан, Бразилия олимпиадасы эбак тасмалын жыйып салган. Бирок, биздин балбан Изат Артыковдун тагдыры дале болсо “бычактын мизинде” экенин баарыбыз билебиз. Ушу жөнүндө сенин оюңду уксак…

— Мен сөздү абалтан баштайын деп турам. Бир кездерде биздин оор атлетика боюнча спортубуз кыйроо мезгилине туш болуп, мектептерибиз жабылып, андагы спортчулардын машыга тургандай шарттары калбай калган эле. Ошондо ушу багыттагы эмгеги сиңген адисттер бир силкинип, кайра жандануу, Кыргызстанда оор атлетика спортун Азия жана дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү, өнүктүрүү жагына бет алдык. Бул 2010-жылдарга туш болду. Ахматбек Келдибековду Оор атлетика федерациясына президент кылып шайлап, ошол эле жылы Азия чемпионатын Бишкекте өткөрдүк. Биздин мамлекеттин мартабасы эл аралык чөлкөмдө бир карыш өйдө көтөрүлүп калды. Ошону менен бирге бир нерсени айтып коюшубуз керек, алыс кетпейли, кошуна Казакстан оор атлетика спортун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыгуу маселесин мамлекеттик масштабда карап, чет мамлекеттен эң күчтүү адисттерди тартып, каражат бөлүп, такай көңүл чордонунда болгон үчүн көрсөткүчтөрү жаман болгон жок. Бразилия олимпиадасы буга мисал болуп бере алат. Биз ошол эле 2010-жылдары агайлар менен кеңешип-кесип, Бразилия олимпиадасына 2-3 спортчуну даярдайлы деп Изат Артыков, Сыргак Абдраманов жана Айдар Мамадраимовдорду тандап алдык. Тилекке каршы, Изаттан башка экөө оор жүктү көтөрө албай калды. Жалгыз Изат калды. Ал ортодо Ташкентте өткөн Азия мелдешинде чемпион болуп, көрсөткүчү Лондон олимпиадасындагы күмүш медалдын ээси кытайлык оор атлетчиникине теңелди. Өзүбүзчө кыйын болуп, “Бразилия олимпиадасында алтынды жеңебиз” деп төш кагып калдык. Даярдыктар деле жаман болгон жок. Элдин баары чет мамлекетте, заманбап шартта даярданышса, биз өзүбүздүн эле Көл жээгиндеги Кажы-Сай тарапта машыктык. Олимпиадага Изат Артыков, Үсөнкан Майназаров, Өмүржан Молдодосов үчөө кетти. Мен бу жерде калдым.

— Бирок Изат мелдешке чыккан күнү ошол жерде болдуң го?

— Ооба, ошол жерде болуп калдым. Анткени жүрөк чыдабады. Жалгыз көзгө басар спортчубуз, баардык үмүтүбүз Изатта эле. Акчанын көзүнө караган жокмун, мамлекетке да догумду артпастан өз каражатым менен эки күн жол жүрүп, Изаттын жанында болуп, кайра эки күн дегенде Бишкекке кайттым. Менин ордумда башка бирөө болсо “каражаты чоң экен” деп барбай коюшу мүмкүн эле да. Антүүгө абийирим жол бербеди. Олимпиада комитетине “мен барбасам болбойт” деп чуу салганым да жок. Мелдештин баш-аягы үч жарым саатка созулду. Мен үчүн үч мүнөттөй эле өтүп кетти. Татыктуу коло медаль жеңгенден кийин кыргыз элине жарык нур тартуулагандай болуп, бекер учуп келбепмин деп, жөн эле далбас урбаганымды сездим. Кандайдыр көкүрөк көөдөнүмдү жылуулук аралады. Эртеси эле Бишкекке чогуу учуп келдик. Бир жума өтпөй эле олимпиада жактан суук кабар соцтармактар аркылуу желдей тарады. “Изат Артыковдон допинг табылыптыр” деген. Башында көп деле маани бербедим, андай болушу мүмкүн эмес эле дегенсип.

— Стрихнин деген эмне экен, кандайча Изаттын канында пайда болду?

— Оор атлетчи спортчулардын баары күч берүүчү анаболик пайдаланат. Стрихнин деген неме уруксат берилбеген дары-дармектин катарына жаңы эле 2016-жылы кириптир. Бирок, аны алыска чуркаган желтамандар чаалыкпас үчүн колдонуп келишип, кийин допинг катары тыюу салыныптыр. Биздин спортчуга таасири деле жоктугун билдик. Анткен күндө деле Изаттын канында кандайча пайда болуп калганын азыркыга чейин түшүнбөй отурабыз. Олимпиадага даярдык көрүп баштаган алгачкы күндөн баштап, ичкен-жегендери катуу көзөмөлгө алынат.

— Такыр эле шек-шоораты жокпу?

— Рио шаарында Изаттын атаандашы 155 кил салмакты түрткөндөн кийин калыстарга келип, “могу спортчунун канын текшериш керек, допинг бар” деп ишенимдүү айтты. Жеке оюмда ошо спортчу биз помостко үчөөбүз чуркап кеткенде ичип аткан суусуна бирдеме кошуп ийгенби деп шекшип атам. Андай да болушу мүмкүн.

— Эми ток этерин айтчы, Изаттын тагдыры бүгүнкү күндө кандай?

— Азыр Бразилия менен Американын адвокаттары биздин таламды талашып жардам берип жатат. Кызматы 30 миң доллар экен. 16-октябрда соттук териштирүү болмок, башка күнгө жылып кетиптир.

— А Изаттын медалы азыр кайда?

— Менин кабинетимде турат. Эң кызыгы, эгер чындап эле оор атлетчиге тыюу салынган дары-дармек болуп, допинг катары табылганда, менин кабинетимде бир да мүнөт, керек болсо секунд да тургузбай алып кетишмек.

— Азыр эмнеге өкүнүп турасың?

— Бир нерсеге өкүнүп эмес, өкүнүч менен карап турам. Изатты бала кезден тарбиялап келген Үсөн Майназаров агай азыр “жумуштан кетем” деп турат. Анткени азыр бул кишиге баардыгы жемелегенсиген көз карашта экенин жашырышкан жок. А канча эмгек жумшады, канчалаган терлер акты, канчалаган нерв короду? Мунун баары эч бааланбай турат.

— Дагы бир жаш оор атлетчи Сергей Долгалев деген балбаныбыздан допинг табылып, чоң спорттон 8 жылга четтетилди. Бул жөнүндө эмне айта аласың?

— Долгалев потенциалы бар жакшы бала. Бирок, 2012-жылы менин кабинетиме келип, “Улан байке, мага машыктыруучу азыр көп көңүл бөлбөй жатат. Сиз да сурап койбойсуз, эмнеге мындай мамиле кылып атасыздар?” деди. Мен ошондо ал баланы отургузуп алып жакшы сүйлөштүк. “Биринчиден, сен оруссуң, кыргыздын тамагын жеп, суусун ичип алып күчтөнүп, эрезеге жеткенде башка мамлекетке качып кетип каласың. Анткени менин башымдан ушундай окуялар далай өткөн. Экинчиден, сен дейдисиң. Командага кошулбай, кайдыгер көз карашта өзүң менен өзүң жүрө бересиң. Аксөөк адамдардай болуп адамды теңиңе албайсың. Үчүнчүсү, мен билгенден сен допинг колдонуп жүрөсүң. Мына ушу үч себеп менен сага болгон мамилебиз да ушундай” дегенде, ал мага кайра “Улан байке, биринчиден, мен Кыргызстандан эч жакка кетпейм. Экинчиден, команда менен бирге машыгып, камыр-жумур аралаша бирге болом. Менменсибейм, баш көтөрбөйм. Үчүнчүдөн, допинг колдонбойм, анаболик, стереоид ичпейм. Убада берем” деди. Сүйлөшүүнүн акырында аны сыноо мелдештери болгон Азиянын биринчилиги жана Казакстандагы эл аралык турнирге алпарарымды айтып түшүндүрдүм. Айткандай эле Азия мелдештерине барып, жакшы көрсөткүч көрсөтө баштады. Бишкекте болгон жаштар арасындагы Азия чемпионатында чемпиондукту жеңди. Берген убадаларынын жарым-жартылайын аткарып, оңолуп калды. Бирок, командага көп аралашпаган жагын калтырган жок. Ал ортодо “жылдыз” оорусуна чалдыгып, жөн эле жерден машыгууга каалаган учурда келип, каалаган учурда келбей кыйшаңдай баштады. Ошентип жүргөн учурда мындан 7-8 ай мурун допингден кармалып калган. Анан бир жакка кетсемби деп жүргөнүн да уккам. Ошондон бери өзүнө жолуга элекмин.

— Мен суроонун башына кайра келейин. Изат Артыковдун соту бүтө элек экен. Алдын ала бир өңчөй жыйынтык чыгаруу эрте окшойт. Үмүт барбы?

— Үмүт бар. Эмнеге дегенде дагы бир жолу айтып коеюн, стрихнин күч бербеген кызытма экен. Демек, оор атлетика тарыхында биринчи жолу болуп аткандан кийин мүмкүн айып салуу менен гана чектелип калаар деп турабыз. Ошол эле учурда чет элдик жактоочуларыбыз колдорунан келгенди жан аябай иштеп атышат. Бул жөнүндө Үсөн Майназаров агай экөөбүз гана иштеп атабыз. Башка эч ким билбейт. Менимче калгандарынын баштары ооруган деле жок. Агай экөөбүз ОБСЕге чалабыз, байланышып турабыз. Жакынкы күндөрү эле эл аралык оор атлетика федерациясына “Изат Артыков кайсы мелдештерге катышууга укугу бар?” деп кат жөнөткөнү турабыз.

— 4-орунду ээлеген колумбиялык спортчу “кана менин коло медалым?” деп эл аралык олимпиада комитетине, эл аралык оор атлетика федерациясына дооматын кое элек бекен?

— Биз аларга “акыркы жыйынтык чыкканча кое тургула. Оор атлетиканы түшүнөсүңөр да, чыдап тургула” дегенбиз. Алар кыйпычыктабай күтүп турушат.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *