Темир Сариев Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев бир топ тыныгуудан кийин үн катып, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди. Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыгып жаткан Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлерине жолдогон кайрылуусунда артка кылчайып, баштан өткөн кыйын кезеңди эстен чыгарбоого чакырды. Ошондой эле азыркы Баш мыйзам 2010-жылы кандай кырдаалда жазылып, кабыл алынганын, бул үчүн эл жанын канжыгага байлап, эски бийлик менен күрөшкөнүн билдирип, эми ошол Конституцияны коргоо баарынын милдети экенин белгиледи.

Мындан сырткары коомдук талкууга берилген бир айлык убакыт өтө аз экенине токтолуп, Конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштады. Сариевдин пикири боюнча ал кеңешмеге жалаң гана бийликтин адамдары эмес, оппозиция өкүлдөрү менен укуктук эксперттер кирүүсү зарыл. Ошондо гана коомго кызмат кылуучу Баш мыйзамды кабыл алынат.

 

2 comments

  • Иса says:

    Темир Сариев, Алымбеков, Равшан Жээнбеков, Оторбаев, Мадумаров, Ташиев , Роза Отунбаева ,Текебаев жана башка жакшы деген саясатчыларыбыздын бирикпегендигинен ушул ахвалга келип такалып жатабыз. Ушундай убакытта бирикпесе качан бириге алышат. Эгерде биригишсе чала сабат, коркок азыркы конституцияны өзгөртөбүз деген саясатчылар өз билгендерин жасай алышпай калмак.

  • Абдыкерим says:

    Бул киши пикирин жон эле койбоптур эми. Ичкен жегенин аш кыла албай ыктытып аран журот. Балыкчы-Корумду жолунун жообун даярдай бергени дурус, ал эле эмес. Атамбаев сурабаса сурап алчулар келет акыры бийликке.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *