Тамара Исабекова, КР эмгек сиңирген артисти: “Илгери “артистти аялым, шоферду күйөөм дебе” деген лакап бар эле”

Жакында эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен КР эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган белгилүү ырчы-аткаруучуларыбыздын бири Тамара Исабекова 34 жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенет. Кадимки булбул үндүү Анарбек Ибраевдин өмүрлук жолдошу.

Ырчылыкка кандайча келип калгансыз? Ушул жагынан кеп баштасаңыз?
Жаштарга вокал боюнча сабак берип жатканыма да төрт жылга чамалап калды. Өзүм да адегенде филармониянын алдындагы ушул эки жылдык студиядан билим алгам. 2006-жылы консерваторияны аяктадым. Кичинемде “чоңойгондо ким болосуң?” десе, “ырдайм” дечү экенмин, ошол тилегим орундалды. Мектептеги окуучулук курагымда да ар кандай кароо сынактардан калчу эмесмин. Миң-Кушта Владимир Пругло деген агай жетектеген “Наристе” ансамбли бар эле. Ошонун “Аистенок” деген кичинекейлер тобунда “Бөбөгүм”, “Толкундар”, “Өс Ала-Тоом” сыяктуу чыгармаларды ырдачумун. Ырчылык өнөрдөгү менин багымды ошол киши ачты десем болот. Ал агай бул жакка кетип калгандан кийин Аттокур Чиликбаев деген дагы бир агайыбыз “Миң-Куш жаңырыгы” деген ансамбль уюштурган. Ошол ансамблде да ырдап калдым. Мектепти бүткөндөн кийин “ырчылыкка тапшырам” десем, “ырчы болгондон кийин өзүңдөй адам менен турмуш курбасаң, ырдай албай каласың” деп апам каршы чыкты. Тинатин деген эжем да “Наристенин” чоңдор тобунда ырдап, байкем бас-гитарада ойночу. Ошол эжем менен байкем студияда окуп калышыма чоң түрткү беришти. Онунчу класстан кийин заводдо копировальщица болуп иштеп жүрүп, анан жолдомо менен окууга келдим. “Алымканды” ырдасаң эле өтөсүң” деп байкемдин айтканы эсимден кетпейт. Эжем документтеримди өзү даярдап, Фрунзеге алып келип, окууга киргизди. 1982-жылы студияда окуп жатканда эле оркестрге солист кылып алышкан. Орношоор менен эле биринчи жолу Таласка гастролго бардым.
– Баса, Тамара эже, наамыңыз кут болсун!
– Рахмат. Бул наамга жетүү да оңой болгон жок. Оркестрге жаңы кирген учурда Гүлмайрам Момушева, Жекшен Жумашев, Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраевдер менен иштешип калдым. Ушул улууларды карап түздөндүк, көп нерсеге үйрөндүк. Гүлмайрам эже ырдаганда сахнанын бир бурчуна туруп алып, “ал кантип дем алып жатат, кандай аткарат” деп карап турар элем. Азыр бизди жаштар карабайт. “Ушул эжедей ырдасам” дебейт азыркылар. Себеби, “а” деп оозун эптеп ачкандарга эмгек сиңирген деген наамды бере коюп жатышпайбы. Мен 34 жыл дегенде араң ушул наамга жеттим. Кечээ эле төрөлгөн балдар наам алып жатышса, анан ошолор улууларды угабы? Бизден бир нерсе үйрөнөбү? Үйрөнбөй калсын! Ошондуктан, наамдарды эрте бербесе деп ойлойм. Анткени, атак-даңкка ар кандай жол менен жеткен жаштар өспөй калат. Бирок, өтө улгайганда эмес, учурунда берсе туура болоор эле. Менден бирөөлөр “Мирбекке наам эрте берилип калды, сиз кандай ойлойсуз?” деп сурап калышты эле, “Мирбек Атабеков таарынса таарынсын, ага туура эмес берилди, мен да силердей эле ойлоп жатам” дедим. Мен сыйлыктар менен наамдарды эрте алып жаткан жаштарга ичим күйбөйт, булардын келечегин карап, боорум ооруйт.
– Кайсы мамлекеттерге бардыңыз?
– Чынымды айтсам, чет жактарга көп бара алганым жок. Биринчиден, аял кишиге кыйын экен – балдар менен үйдө отуруп калып жаттым. Экинчиден, “бир үйдөн бирөө барсын” деген эреже да көп тоскоолдук кылды. Кыргызда ушундай нерселер боло берет экен. Мисалы, орустарда андай эмес. Муслим Магомаев менен Тамара Синявская гастролго чыкканда аларды жубайлар эмес, ар бирин чыгармачыл инсан катары кабыл алышкан. Бизде “күйөөсү баратпайбы” дегенсип, устукан бөлүштүргөндөй мамиле кылып келишти. Негизи, андай болбош керек.
– Анарбек Ибраев агай менен кандайча табышкансыздар?
– Окууга тапшырып жатканымда Анарбек кабыл алуу комиссиясында отурган. Анын жубайы болуп каларым анда оюма да келген эмес. Үйлөнгөнгө чейин оркестрде чогуу ырдап жүрүп эле тил табышканбыз.
– Эл алдында чогуу ырдап жүрөсүздөр, үйдөчү?
– Кесиптеш болгондон кийин үйдө деле чогуу репетиция кылган учурларыбыз көп. Кээде жаңы ырлар болуп калат дегендей. Дуэт болоордо чогуу даярданабыз, талаша кеткен учурлар да жок эмес. Тажрыйбасы көбүрөөк эмеспи, көбүнчө ал киши мага үйрөтөт.
– Азыр ырчылардын баары эле таланты бар-жогуна карабай эле балдарын сахнага сүйрөп чыгуу адатка айланып бараткандай. Сиздерде да “балдарыбыз жолубузду жолдосо” деген тилектер барбы?
– “Кичүү балабыздан бир нерсе чыгат го” деп ойлойбуз, бирок абдан тартынчаак, уялып эле ырдабайт. Ал эми кызыбыздан үмүт чоң – баардык жагынан ырчылыкка ылайыктуу, үнү, угуусу баардыгы жакшы. Азыр он алтыда, мектепте окуйт. Ошондуктан, “өспүрүм курактан өтсүн” деп өзүбүз ырдатпай жатабыз. Колдон келсе, азырынча кыйнабай туруш керек. 17ге чыкса, анан көрөбүз.
Эми сен айткан көрүнүш боюнча айтсам, балада бар болсо колдош керек. Бирок, таланты жокторун деле зордоп, сүйрөп жаткандарды көрүп таңгаласың. Илгери “артистти аялым, шоферду күйөөм дебе” деген лакап бар эле. Элдин баары артист аял алгандан коркчу. Азыр тескерисинче. Атургай “ырчылыкка үйрөтүп бер” деп келиндерин жетелеп келген кайната-кайненелерди көрүп жатам.
– Филармонияда 34 жыл иштесеңиз, эмнелер эсте калды?
– Айтылуу Асанкан Жумахматов агай менен иштешкениме абдан сыймыктанам. Ал талантты баалаган адам эле. Андан башка дирижерлор менен да иштештим. Бир топ директорлор алмашты. Бирок, көзү бар үчүн мактагандык эмес, уюштуруучулук жагынан Кыргызбай Осмоновдой директорду ушул күнгө чейин көрө элекмин. Бир эле мисал айтсам, “театр кийим илгичтен башталат” дегендей, Кыргызбай келгени филармониянын арттисттери килемдин үстү менен басып, өзүбүздү адам катары сезип калдык. Мурда килемдер чоңдор келгенде жайылып, алар кетери менен кайра жыйналар эле. Ачыгын айтсам, Кыргызбай Осмоновго чейин филармонияда 5-10 жылдап ырдабай калган ырчылар болгон. Директор андай кылбашы керек да. Албетте, ырчылардын баары эле укмуш эмес, мыктысы да, орточосу, жаңы ырдап жаткандары бар дегендей. Кыргызбай ошолордун баарын аралаштырып, алдыга сүрөп, канатына калкалап жатат. 350 киши Алматыга концерт коюп келдик. Мындай эч убакта болгон эмес. Ошончо эле киши Ошко барып, беш күн катары менен чоң концерт койдук. Кандай сонун?! Баарысын иштетет, өзүнүн да жаны тынбайт экен. Баарыбыз эле ага кошулуп күпүлдөп иштеп калдык.
– Чыгармачылыкта өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
– Бактылуумун! Үй-бүлөлүк турмушумда да бактылуумун деп айта алам. Себеби, жолдошум экөөбүздүн чыгармачылыгыбыз да, жашообуз да бирге өтүп жатат. Анарбек абдан жакшы адам. Албетте, ар адамда кемчилик болот. Издесең, жумурткадан да кыр чыгат. Ошолорду эске албаганда, сахнада кандай көрүнсө, турмушта да ошондой сонун адам. Ошон үчүн өзүмдү жогору сезем. Азыр ушул филармониянын ичинде жүрүүнүн өзү эле мен үчүн чексиз бакыт!

Атай АЛТЫМЫШЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *