Табылды Акеров, саясат таануучу: “Бийлик аферистик иштери менен дүйнөгө таанымал компанияны пайдаланып, Өмүрбек Текебаевди каралап жатат”

Өткөн жумада гезитибиздин эксперти  Т.Акеров “Мегаком” компаниясынын тегерегиндеги чыр, президенттин аппараты, анын пресс-кызматы эмне иш кылат, заказ материалдарды кантип уюштурат ж. б. у. с. көптөгөн маселелер боюнча кызыктуу кеп козгогон болчу. Гезит жарык көргөндөн кийин, окурмандарыбыздан көптөгөн телефон чалуулар болду. Ошого байланыштуу, бүгүн гезитибиздин эксперти Т.Акеровго ошол маселелерге кайрадан кайрылып, дагы тактап, чагылдырып берүүсүн сунуштадык.

– Табылды мырза, сиз өткөн сандагы маегиңизде “президенттин пресс-кызматы заказ материалдарды жазып, ММКларга чыгаруу менен алектенет”- деп билдирдиңиз эле. Демек, пресс-кызматта иштегендер жалаң эле заказ материал жазып олтурабы?. Буга чейинки жеке менчик гезиттердин жабылышы, соттолушу, бардыгы тең, ошол пресс-кызматтын айынан болуп жаткан турбайбы?

– Пресс-кызматтын өзүнө тиешелүү милдеттери бар. Ошого аларды жумушка алып жатканда “заказ жазасың” деген шарт коюлбайт. Ошондуктан, эгер кызматкер макул болсо гана жазат, бирок, анын баш тартып коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, “кызматтан кетип калбайын” деп, айрымдары айла жок жазышат. “Жазбагандары көпкө кармалбайт” дегендей жазылбаган эрежелери бар. Ошондуктан “кара пиар” өтө көп.

Өткөндө айтканымдай көпчүлүгүндө мунун баары пресс-секретардан көз каранды.   Эгерде ал ишти мыкты билсе, анда кызматкерлерге көп деле проблема жаралбайт. Эгер ал ишти билбесе, коомдо таасири жок инсан болсо, анда ММКларда пресс-кызматынын баркы жок болот да, анан эптеп өзүнүн иштеп жатканын көрсөтүш үчүн ар кандай жолдорго барат.

Албетте, оппозициялык  маанайдагы ММКлар дайыма пресс-кызматтын көзөмөлүндө болот. Алардын жабылып, соттошуп, банкрот болуп жатышы да көпчүлүгүндө пресс-кызматы менен байланыштуу. Редакторлор байкабай ар кандай сенсациялуу материалдарды бастыра беришет. Пресс-кызматы ал жерден жабырлануучуну табып, аны “сотко бериңиз, биз соттон жардам беребиз”- деп колдоп коюшу мүмкүн. Анан ал 21 же 10 миллионго гезитти сотко берет. Анан гезиттин проблемасы башталат. Бирок, редакторлор азыр андан деле коркпой калышты. Алар  андай абалда дароо гезиттин атын өзгөртө салып, жаңы ат менен чыгып жатат. Айтор жазылбаган мыйзамдар менен күрөш ушинтип жүрүп келет.  Пресс-кызматы “кыйратып жатабыз” деп ойлойт, бирок, күрөш улуна берип, акыры чыңалуу апогейине жеткенде чон толкундоолорго айланып кетип жатат.

– Эми жеке өзүңүзгө тиешелүү бир суроо берейин. Сизге канча жолу заказ тапшырмасы берилди эле?

– Мага биринчисинде 2003-жылы А.Бекназаровдун иши боюнча тапшырма берилген. А.Бекназаров караган кылмыш ишинин копиясын коопсуздук кызматы аркылуу алдырып, мага беришкен. Бирок, мен 2-3 күн карап, анан “бул жакта эч нерсе жок экен”- деп кайра кайтарып берип, заказ жазуудан баш тартып койгом. Кийин, менин бактыма пресс-секретарь алмашып кетти. Экинчи ирет – “А.Атамбаевди шыба” деп тапшырылган. “Президент Акаев өзү жеке тапшырма бербегенден кийин, зарылчылык жок да, жөндөн жөн эле кара пиар менен алектенүү туура эмес”- деп баш тартып койгом.  Бул жолу куугунтук болуп, президенттин аппарат жетекчисине тоголок кат жазышкан. Аппараттык кеңешмеде менин маселем каралып, мени чакыртышкан. Барсам 3 беттен турган, эч ким кол койбогон тоголок кат экен. Мен 8 жылдан бери бир да кемчилиги жок иштегем. Бирок, катта бир да жылуу сөз жок экен. Аягында сөз таппай калып, “кыргыз тарыхын сүйөт, кыргыздардын байыркы тарыхы жөнүндө китеп жазып жатат. Оппозициялык негизде ойлонот”- деп жазып бүтүрүптүр. Президенттин администрация жетекчиси катты окуп бүтөрү менен, мен: “эгер алдагы катка ишенсек, анда мен эл душманы экенмин…”- деп жибериптирмин.  Олтургандар күлүп жиберишти. Аппарат жетекчиси оңтойсуз абалга калып, “жок, бул тоголок кат экен. Мына эч кимдин колу жок. Сиз коркпоңуз. Биз сизди айрым бөлүм башчылар сиз жөнүндө ушундай ойдо экендигин билдирип коелу деп гана чакырдык. Бөлүм башчыңыз да  сиз тарап болуп жатат, сизди Акаевдин Таджикстанда сүйлөгөн сөзүн мыкты жазып, алкоого арзыды деп жатат”- деп сөздү буруп кетти. Ошону менен баары унутулуп калды.

– Менимче, эми баары түшүнүктүү болду көрүнөт. Демек, президент болуп ким келбесин, мурдагы эле кадрларды жанына топтоп, булар эски эле кара пиар саясатын улантып, Кыргызстанда кайра-кайра революция болуп жаткан турбайбы?

– Бир чети ошондой десе да болот. Бирок, менимче Кыргызстанда ким гана болбосун өлкө жетекчилигине жеш үчүн келип жатат. Ошондуктан, кайра-кайра революция болуп жатат. “Жеш” үчүн, чөнтөктү толтуруу үчүн эски эле кадрларды ала беришет. Себеби, алар кың этпей иштеп берет.

– Бийлик “Ата Мекендин” лидери  Ө.Текебаев жана башкаларды эмнеге куугунтукка алып жатат. Мында дагы биз билбеген кандай сырлар катылышы мүмкүн?

– Бул жерде өтө башты айландырган  саясат жатат деп ойлойм. Бул меселе бүгүнкү конституциялык өзгөртүүлөр менен түздөн-түз байланышта. Бийлик конституциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, өлкөнүн жана коомдун саясий турмушун толук көзөмөлгө алууга аракет кылып жатат. Себеби, конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин, стратегиялык обьектилер сатылышы күтүлөт. Бийлик муну президенттик шайлоолордон кийин, Атамбаев мураскерин олтургузуп алгандан кийин ишке ашыралы деген. Бирок, бүгүн абал өтө татаалдашып баратат. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөнү көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн болуп турат. Ошондуктан, президенттин тегерегиндеги адамдар буга окшогон айрым маселелерди бүгүн эле чечип алууну көздөп жатышат. Ошол себептүү “Мегаком” маселеси чыгып жатат.

Бул жамада Башкы прокуратура Белиз шаарынан келип, талаш жаратып жаткан документтерди тактоо үчүн бул шаардын башкармалыгына расмий кайрылгандыгы анык болду.

Бирок, илгертен калыптанган эрежелерге ылайык, офшорлордо бийлик эч качан ишканалардын документтерин жана анын учредителдери жөнүндө маалыматты сыртка чыгарбайт.  Офшордун бийлиги атайын кайрылууларга да жооп бербейт. Демек, Башкы прокуратура ал жактан жооп ала алат деп айтуу кыйын. Анан калса, бул иште “Белизден келди” деген документтерде кездешкен катачылыктар, алардын офшордук эрежелерге жана турмуш реалдуулугуна төп келбеши – аны спецоперация катары баамдоого түрткү берип, бул документтер чоң күмөн жаратып жатат. Мисалы, документте Ө.Текебаевдин паспортунун ордуна, айди картынын номеринин көрсөтүлүшү, фамилияларда жана аттарда катачылыктар ж.б. жагдайларды айтсак болот.

Ошондуктан, бүгүн “Белизгейт” операциясын уюштуруу менен чындап эле “Ө.Текебаевди жана ата-мекенчилерди каралоо пландаштырылганбы же мунун артында дагы башка жашыруун сырлар барбы?”,- деген суроо  саясатчыларды жана эксперттерди, коомчулукту кыжалат кылууда.

Чынын айтсак, “Белизгейт” операциясы бийлик үчүн көп маселелерге жол ачып берип жатат. Менимче, бийлик “Белизгейт” операциясын  уюуштуруу менен бир нече маселелерди чечкиси келип жатат.

Биринчиден, учурда оппозицияда калган “ата-мекенчилерди” ооздуктап турууга ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөп жатышы мүмкүн. Б.а. бийлик кез-кези менен бул маселени ММКларда көтөрүп, Ө.Текебаев башында турган “ата-мекенчилерге” каршы кара пиар уюштуруп, аларды жүдөтүп турууга мүмкүнчүлүк алууда. Б.а. бийлик “Белизгейтти” суукта үшүп-тоңуп, наны, отуну жок олтурган эл оппозицияны колдоп кетпөөсүнө кепилдик катары карап, уюуштурушу мүмкүн.

Экинчиден, бийлик “Белизгейтти” мындан тышкары экономикалык  маселелерди чечүүгө да колдонууну көздөп жатышы ыктымал. Мисалы, 7-апрель революциясынан бери жаңы келген бийлик кайра-кайра ар кандай себептерге такап, “Мегаком” компаниясын сатууга аракет кылгандыгы белгилүү.

Бул боюнча Ө.Текебаев фактыларга жана документтерге таянып, 7-апрельден кийин ошол кездеги премьердин милдетин аткаруучу А.Атамбаев “Мегакомдун” 49 пайызын эле улутташтырып, калган 51 пайызын калтырып койгонун айтканы бар.  Кийинчирээк Атамбаев Орусияга барып, Путин менен сүйлөшүп, 51 пайызды орустарга калтырууга да макул болгонун айтуу менен Ө.Текебаев: “бул иште биринчи кызыкдар тарап  бул А.Атамбаев” деп билдирүүдө. Ушуга байланыштуу, “чындап эле  иттин өлүгү дал ушул жерде жатпасын” деген ой туулбай койбойт. Себеби, “Ата Мекен” партиясы 7-апрелден кийин дайыма “Мегаком” компаниясын “толук улутташтыруу керек” деп билдирип келген.

Бул жагдайларды эске алганда, бийлик “Мегакомдун” 51% акциясын Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов, А.Саляновага “ээлик кылууга аракет кылган” деп жаманатты кылымыш болуп, өздөрү бул ишкананы башка алымсактарга сатып жибергени жаткан жокпу (?) деген суроо туулбай койбойт. Бийлик “Мегакомду” көз боёмочулук менен сатып жиберип,   “мына Текебаевдер бул ишкананын 51 пайызын өздөрүнө алгысы келди эле, биз аны элге кайрып, бюджетке 100 миллиондогон акча алып келдик”- деп жарыя кылып коюшу да толук мүмкүн. Себеби, бийлик “мародергейт” операциясында мошенник, аферист А.Юсуповду колдонгону жалпыга белгилүү. Ал бул жолу да аферистик, мошенниктик иштери менен дүйнөгө таанымал Avalon Consultants Limited ж. б.  компанияларга шилтеме берип, “ата-мекенчилерге” каршы кара пиар уюштуруп жатат. Ошондуктан, бийлик бул аферистик негиздеги компаниялардын кызматын пайдаланып, “Мегакомду” сатып жиберүүгө ниеттенип жаткандай шек жаралууда. Анткени, “Белизгейт” операциясы А.Батукаев, “Кыргызгаз” операцияларына коендой окшош. Бийликтин “А.Батукаев өлгөнү турат, өлсө да мекениинде өлсүн”- дегенин укпадык беле. “Кыргызгаз” сатылганда “Бизге “Кыргызгаздын” кереги жок, бизге газ керек” дегендей ураан айтылганын да укканбыз. Ошондуктан, “Белизгейт” деле дал ушундай иштердин бири эмес деп, эч ким кепилдик бере албайт.

Жыйынтыктасак, Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов, А.Салянованы каралоо – бийликтин мамлекеттик деңгээлде көз боёмочулугун көрсөтүп жатат. Бийлик буларды каралоо менен  өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жашырып, “Мегакомду” сатып, өз максатына жетүүнү көздөп жатат десек да туура болчудай.

Үчүнчүдөн, бийлик Ө.Текебаев болбосо да А.Салянованын 2017-жылкы президенттик шайлоого катышып калуусунан коркуп жатат.

– Демек, бийлик шашылып, шаштысы кетип жатыптыр да.

– Ооба. Бийликтин шаштысы кетип жатат.

– ММКларда ар кандай маалымат тарап жатат. Айрымдары “ата-мекенчилер” атайын юридикалык компанияны жалдап “Белизгейтти” иликтетип жатыптыр десе, кээ бирлери “Атамбаевди кыңырларын изилдетип жатышыптыр” дешет. Сизде кандай маалыматтар бар?

– Мен деле бул боюнча гезиттерден окуп жатам.  “Белиз шаарынан талаш жараткан документтер келди” деп коопсуздук кызматы президентке сүйүнчүлөрү менен “ата-мекенчилер” бул документтердин кайдан чыккандыгын аныкташ үчүн атайы чет жактан компания жалдаганы айтылган. Менимче бул туура кадам болгон. Себеби, чет элдик компаниялар так иштейт. Алардын бул жасалма документтерди кимдер жасап жатканын аныктап берүүгө мүмүкүнчүлүгү зор.

– Сиздин оюнузча, бул документтерди кимдер жасашы мүмкүн. Коопсуздук кызматынын төрагасы Сегизбаев “кокустан келип түшүп калды” деп билдирбедиби? Ошондой болушу мүмкүнбү?

– Коопсудук кызматына кокустан материал эч качан түшпөйт. Түшсө да, ал коомчулукка антип жарыяланбайт. Коопсуздук кызматы “алма быш, оозума түш” деп олтура берсе эле, документтер өзүнөн-өзү эле келип түшө бербейт да. Бул атайы уюуштурулган операция. Ар бир өлкөдө коопсуздук кызматтары ар кандай аракеттерге бара беришет. Эки жакка да иштеген резиденттер, агенттер, шпиондор болот. Булар бири-бирине кызматкерлерди, ар кандай иштерди да акчага сатып аракет кылышат. Мисалы, экс-премьер-министр А.Муралиевдин баласы “коңшу өлкөнүн (тагырагы, Казакстан болсо керек) пайдасына иштеди” деп 22 жылга кесилип олтурат. Бирок, биздин чекисттер казакстандык резиденттерди кармашкан жана камашкан жок да. “Бир нече жылдан бери аңдып жүрдүк”- деп айтып жатышат. Мындай иш жөн калбаш керек эле да. Себеби, мындай иште, мамлекеттик сыйлык жагы да бар. Шпион кармоо бул өтө баалуу иш да. Анан кантип, биздин эле гражданин кармалат да, сырт жактыктар кармалбай калат. Менимче, бул жерде “заказ маселеси бар” деген пикир чындыкка реалдуу.

– Анда “Белизгейт да ошондой иштердин бириби?

– Белиз шаарынан ушундай өңдөгү документтер Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жок да. КСДП фракциясынын лидери И. Өмүркуловдун жубайына жазылган кагаздын да мурда келгенин ММКлар жазып жатышат. Демек, биздикилер же ошол резиденттер мурдагы документти жасагандарды таап, ошолорго “ата-мекенчилерди” олчойгон акчага заказ берип коюшу мүмкүн да.

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *