Кенжебек Арыкбаев, журналист: “Сиз чарчадыңызбы Алмазбек Шаршенович?”

Кечээ эле Акаевди ай ме­нен күнгө теңеп, анын артынан калбай жүргөндөр кийин Бакиев үчүн «жанын берүүгө даярлардын» далайы бүгүн Атамбаевдин доорунда да дардалаңдап жүрүшөт. Кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп коюушуп. Тилекке каршы, андай «мителерден» арылуунун «вакцинасы» жакынкы жылдары табылбайт да окшойт. Алардын «кылыктары» мезгил өткөн сайын унутулуп да кала берчүдөй. Бирок, ал «кан соргучтардан» айырмаланып журт башындагы адамдын айткан сөзү, берген убадасы, кылган иши эч качан эч убакта унутулбайт белем. Керек болсо кылымдардан-кылымга аңыз кеп бо­луп эл ичинде айтылып келе берет окшобойбу. Ошон учун ал хан, падыша. Бекеринен сөз кадырын баалаган кыргыз эли «хан адашса калк адашат», «хандын сөзү эки болбойт» деп айткан эмес чыгаар? А чынында эле мамлекетти жетектеген адамдын жүргузгөн саясаты эли үчүн жасаган эмгектерине жараша өлчөнөт. Бийлик болсо колдун кири. Түбөлүк калчу нерсе – атак, даңк, бедел. Анын сыңарындай өмүрүн эл- жерине арнаган жетекчилер И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Сүйүнбаев, Н.Исанов, А.Масалиев жана башкалар «алтынды дат баспаган» сыяктуу арадан канчалаган мезгилдер өтсө да элдин оозунда эң жакшы эскерүулөр менен айтылып келе жатканы бул ойлорго далил…
Мындан туура беш жыл мурун өлкө башчысы А. Атамбаев Жогорку Кеңешке келип, жалаң колу туткактардын айынан экономикага оңбогондой зыян келтирилип жатканын айтып катуу түтөгөн. Мамлекеттин бир жылдык бюджетинин үчтөн бир бөлүгүнөн ашуун акчалар уурдалып кетип жатканын жар салган. Албетте, бул кагаз жүзүнө түшүрүлгөн гана суммалар, көзгө көрүнүп калган фактылар. Документти айланып, тетири жакка тегеренип кеткен пулдар канча? Ошондуктан хан сарайлар, мейманканалар курулуп жатат да. Алардын кожоюндарынын дээрлик көпчүлүгү чиновниктер. Анда алар анча акчаны кайдан күрөп алып жатышат болду экен? Өлкө башчысы парламенттеги ошол ачуу кайрылуусунан кеп өтпөй коррупцияга кар­шы согуш жарыялады. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги коргоо кеңешинин туңгуч курамы менен болгон жыйында жеке өзү төрагалык кылган. «Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» деген өз докладында жооптуу милдеттерди коюп, «уурулардын орду түрмөдө» деген эле.
Ажо андан аркы пикиринде: «Биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болуп, мамлекеттин жана жарандардын баардык күч аракетин жокко чыгарып жаткан коррупцияны сөзсүз жеңүүбүз керек! Эгерде бул кесепетке чечкиндүү күрөш ачып кар­шы турбасак, анда Кыргыз­стан далайга чейин дүйнөлүк өнүгүүнүн чаңында  калып, калктын орчундуу бөлүгү жакыр бойдон кала берет» деген жалындуу сөзүн сүйлөгөн. Бүгүнкү көз караш менен кара­ганда ошол айткан улуу сөздөр, милдеттер өтөөсүнө канчалык деңгээлде чыга алды? Мындай суроонун артынан кайра суроолордун жаралганы – «бул күрөштө» кандайдыр бир бийлике жагымсыз оппоненттер гана тузака илинип жаткан жокпу? Майда-чүйдөлөрдү эмес, саясый маанидеги туткундарды айтканым.
 
Ал эми бийлике бели ийилгенче жүгүнүп, эл ырыскысын ичип тоногондор мантайып эле басып жүрүшпөйбү? Албетте, та­кыр эле жаман дегенибиз деле жарашпас. Аталган «согуш» алгач от алганда катуу эле күрүлдөгөн. Андагы башкы про­курор Аида Салянова да билек түрүнө ишке киришкенин билебиз. Ителгидей учуп келип улам бир депутатты, министрди илип да кетип жаткан. Ал учурда коррупцияга каршы күрөш да чечкиндүү жасалып, коомдо да позитивдүү пикирлер жарала баштаган. Ал кез­деги министр, депутат болуп жүрүшкөн  А.Шадиев, И.Пирматов сьшктууларга кылмыш иши козголгон.
Бишкектеги №1 түрмөнүн начальниги кылтакка илинген. Ошондой эле М.Садыркуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши да аягына чыгып, сотко өткөзүлгөн. Дагы көптөгөн «мителер» тергөөгө алынган. Баса, И.Пирматов демекчи, ошол кезде анын «кылмышы» алаканга салгандай көрүнүп турса да, анын депутаттык кол тийбестигин алып салуу тууралуу сунуш Жогорку Кеңештен тийиштүү добушту ала албай калган. Бүгүн болсо ошол Пирматову да, Шадиеви да билмексен-көрмөксөндөй болуп парламентте элдин өкүлү болуп отурат. Азыр деле жергиликтүү бийликтен тарта жогорку бийлик серелерине чейин жемкорлук боюнча жыйындар өтүп  жатат дечи. Би­рок, ал аракеттердин натыйжасы элди ыраазы кылгандай иш жүзүнө аша албай келет. Өзгөчө акыркы учурларда. Ушу тапта колго түшкөн коррупционердин кылмыштуулугун ачуу ашып кетсе 2000 доллардын деңгээлинен көтөрүлө албай калды. Баштагыдай коррупциянын «киттерине» чабуул жасалгандай көрүнүш негедир жок. Кечээ жакында болсо катардагы жарандарга салыштырмалуу өзгөчө көпөстөрдү түйшөлткөн үй-мүлкүн, тапкан ташыгандарын көрсөткөн «декларация» деген неме да 2-3 жылга чейин токтомой болду. Өйдө жактагылар ошентип чечишти.
Мын­дай жорук эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болуп көрө элек болчу. Ансыз деле ал маалыматта кыйратып баардыгы көрсөтүлбөгөнү дүлөйгө да, сокурга да маалым эмес беле? Мисалы, өткөн жылдагы толтурулган декларацияда Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирден бири, «менин бир үйүм, бир советтик маркадагы машинем, анан бир маршруткам бар» деп «бол­гон байлыгын» атаган. Ал эми Ф.Жамашева килейген Жогор­ку Соттун терайымы болуп турган кезде ез декларациясында « үйү жок» экенин көрсөтүп, далайларды таңгалдырган. Болгону 1996-жылы чыгарылган «Фольсфаген Гольф 3» улгусундегу авто унаасы бар экенин көрсөткөн. Чиновник­тер ошентип өздөрүн-өздөрү коргоп жаткан чакта республиканын башкы салык инспекциясы тарабынан да «гениалдуу» чечим чыкты. Эгер сырт жакка чыгып үч балаңа үч чокой сатып алсаң же беш литр сүттүн ордуна алты литр сүт алып келатсаң үчүнчү чо­кой же ашыкча бир литр сүт үчүн айып пулга жыгыласың. Албетте, бул баягы эле алы жеткен карапайым элди тоноого арналган аракет эмей эмне? Накта парадокс! Ошол эле учурда өкмөт башчысы жакында эле жалаң капчыктуу ишкерлерди чогултуп алып, «силерге болгон салыктын түрлөрүн азайтам» деп, дагы далай нерселерди божурады. Эркин эксперттер болсо «бул кадам казынага түшчү каражаттарга коркунуч жаратышы мүмкүн» деп чыгышты. Мындан үч-төрт жыл мурун болсо керек, Кыргызстандагы эң бай адамдар ээлик кылган ири 16 ишкана үч жылга чейин салыктын дээрлик түрүнөн бошотулган. Максаты – алар са­лык төлөшүп, жүдөбөй, эркин дем алышып кыргыз экономикасына кыйраткандай үлүш кошушмак. Тилекке каршы, андан мамлекеттин куржуну томпойгон желе жок. Тескерсинче, миллиондогон чыгашаларга кириптер болду. Му­ну ал кездеги республикалык салык кызматынын башчысы И.Масалиев деле жакшы билсе керек. Аягында башкы про­куратура аларга иш козгомокчу болуп барып, ошону менен дым-дым болушкан.
 
Коррупция демекчи, дүйнөлүк  алкакта «Италиялык ма­фия» деген «бренди» бар Ита- лияда 2008-жылы (ал кездеги елке жетекчиси) Сильвио Бер­лускони да коррупцияга каршы согуш ачат. Министрлер менен сенаторлорду баш кылып бийлик сересиндегилердин 500дөн, орточо деңгээлдеги атка минерлердин 2000ден ашуунун турмөлөргө отургузат. Алардын үй-жайларын конфискациялап, бала бакча, интернат жана башка социалдык жайларга айлантып жиберген. Мындайдан корккон мамлекеттик атка минерлер­дин дээрлик көпчүлүгү өз ыктыярлары менен кызматтарын таштай качышкан эле. Ал эми В.Путин бийликке келээри менен чалкыган Россиянин байлыгын менчигиндей бөлүп алышкан «7 банкир» деген жемкорлордун уюгуна кол салган. Алардын алды Англиядан каза таап, бир тобу зынданда отурат. Эл байлыгын жеп-жуткандарын азыркыга чейин кусуп бүтө алышпайт.Айтмакчы кечээ жакында эле ЖК депутаты Каныбек Иманалиев «менин колумда Кыргызстанды куруткан 100 коррупционердин тизмеси бар. Элдин баары аларды тааныйт. Аларды ансыз да кармоого болот» деп бакылдап чыкты. Бул анын жөн гана популисттик аракеттеринин бири эмес болуш керек. Анда эмне үчүн К.Иманалиев көргөн ууруларды укуругу узун президент көрбөй жатты экен, тийиштүү органдарга көорсөтмө бере ал­бай. Же ажобуз «өлбөс кощейлер» менен алп урушуп жатып чарчадыбы? А.Атамбаев кор­рупцияга каршы күрөш жарыялап жатканда «мамлекет­тин жазалоочу кылычы жөн гана чымындыөлтүрө турган таякчага айланып калбашы керек» деген кепти айткан эле. Эгер ушул айтылган сөздүн  мааниси чындап эле анын аянычтуу формасына кептелип калса, мындан беш жыл мурун мамлекет башчысы айткандай «…анда Кыргызстан далайга чейин дүйнөлүк өнүгүүнүн чаңында калып, калктын орчун­дуу бөлүгү жакыр бойдон кала берет» окшойт. «Калк айтса да калп айтпайт» дейт. Балким, акыркы учурларда эл оозунда байма-бай айтыла калып жат­кан «азыркы бийликти, өзгөчө кадр саясатын 4-5 адам гана тейлеп калган» деген кептер турмуш чындыгына айланганбы? Андай болсо алар га­на ажонун «көзү», «кулагы» болуп, президент ошолордун орбитасында калган эмеспи?
Кенжебек АРЫКБАЕВ
Булак: “Азияньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *