Рустам Маманов, экс-депутат, коомдук ишмер: “Азиз Турсунбаев өкүл балам, Алтынбек Сулайманов шопурум болгон”

Белгилүү инсан Рустам Мамановго бир катар соболдорубузду салдык. Коомчулукта ал тууралуу пикирлердин аягы суюла электигинен улам. Экс-депутат, айтылуу меценат бул сапар алдыдагы саясый багыты, идеология багытындагы аткарган иштери боюнча кеңири кеп салып берди. Эмесе, каарманыбыздын ким экендигине баа бериш сиздин колдо окурман…

— Рустам мырза, шайлоо алдында коомчулукка “жымың-жымың” эте көрүнө калганыңыз менен жарыш бүткөндө ың-жыңсыз чээнге киргендей карааныңыз чыкпай кетет. Бир жылдан бери маектешүүнү сурансам, моюн толгоп, “тоң моюндукка” салып келдиңиз эле бул сапар өзүңүз маектешүүнү демилгелегениңизге караганда, алдыдагы шаардык жана жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоого катышууну чечкенсиз го?..

— Мен сен айткандай шайлоолордун астында “жымың-жымың” эте чыга келип, аламан жарыш бүткөндө чээнге кирип кетчү адам эмесмин. Андыктан, сенин мага карата койгон кинең кичине жаңылыштык деп айтаар элем. Дегеле мен биздеги ыплас саясатка аралашпастыгымды мындан туура 1 жыл, 5 ай мурун өзүңө берген маегимде да баса белгилеп айтып кеткем. Аны эсиңден чыгарып койсоң керек. Мен ар убак кыргыздын идеологиясын, карт тарыхка бай улуу мамлекеттүүлүгүбүздү түптөөгө колумдан келген аракет кылуунун үстүндө иштеримди айтып келем. Алдыда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге карата шайлоо болгону турабы? Болсо боло берсин. Биздин өлкө ар жылы түрдүү шайлоолордон куру болбойт. Былтыр парламенттик, быйыл жергиликтүү, кийинки жылы президенттик шайлоо дегендей. Кыргызстан качан шайлоолордон куру болчу эле? Мен жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болчу шайлоолорго катышпайм. Саясатсыз деле иш кылып, элге, мамлекетибизге колдон келген салымыбызды кошсок болбойбу?

— Мектептерге бирдиктүү форманы кийгизүүнү идеялап, баштай коюп, ар жылы август айынын соңу менен ата-энелерди “быйыл мектепке барчу балдарыбызга бирдиктүү форма алып беребизби же каалаган кийим кийишеби” деп кыйсыпыр түшүрүп, санааркатып, кап-кайдагы балакетти баштап коюп, ың-жыңсыз кетип калып жатпайсызбы? Окуучуларды, элди чаң ызгытпай, мындан башка бир идея менен чыксаңыз деле болбойт беле?

— Эмне болуп кыйсыпыр түшүп жатышыптыр? Кыйсыпыр түшүп, алапайын таппай жатышса, анда ошондой ата-энелердин өздөрүндө айып бар. Биздин ата-энелер жай бою камырабастан жата беришип, качан гана август айынын ортосуна келгенде мектепке барчу балдарыбызды ойлой баштайбыз. Ага чейин ойлонмой жок. Менин идеям менен киргизилген бирдиктүү мектеп формасын өлкөбүздөгү мугалимдер, окуучулар, ата-энелердин дээрлик 95%ы кубаттап, туура багытта иш жүргүзгөнүбүздү баса белгилеп жатышат. Буга удаа сын-пикирлер да бар. Маселен, мындан туура үч жыл мурун мектеп формасына киргизилген бирдиктүү форманын тигилген, даяр үлгүсү жок, биздин жеңил өнөр жай ошого даяр болбой калгандыктан билим берүү министрлиги да мектептерге биздин идеянын астында тигилген форманы толук кандуу бекитпей, анча-мынча көйгөйлөр жаралган. Азыр мен билгенден учурдагы мектеп окуучуларынын 80%дан ашыгы биздин идеянын астында тигилген ошол формаларды кийишти. Окуучулардын мындай формаларды кийиши мугалимдер, ата-энелер үчүн да жагымдуу көрүнүш болуп жатат. Өлкөбүздөгү 1 миллиондон ашык мектеп окуучуларынын ичинен бирдиктүү форманы 600 миңден ашык өспүрүм, тестиер улан-кыздарыбыз кийишти. Биз муну менен мектептеги, жалпы эле коомчулуктагы “бай-кедейдин баласы” деген тенденцияны кандайдыр бир деңгээлде жое алдык деп ойлойбуз. Керек болсо дүйнөлүк аренадан алганда да биздин окуучулардын мектеп формасы жарашыктуулугу, жасалгаланышы, коомчулук колдогондугу жана бир канча критейлиги менен үчүнчү орунда келе жатат. Бул идеяны ишке ашырууга жеке эсебимден 300 миң доллардан ашык каражатым кетти. Ушул сындуу сыймыктанчу жактарыбызды силер, журналисттер жазбайсыңарбы? Колдоого алчу иштерди коомчулукка туура жеткизгиле да. Интрига, ушактамай, бир беткейликке ообой…

— Туура, бул иштериңиз деле чагылдырылды. Бирок идеяны 2015-жылы шайлоого катышуу үчүн делбелектеп чуркап жүргөнүңүздө баштаганыңызды танбайсыз да, туурабы?

— Эч кандай шайлоосу жок эле 2012-жылдары бул иштерге патент алып, 2013-жылдан тарта конкурстарды уюштура баштадым. Шайлоо 2015-жылы болуп жатат. Азыр коомчулукта эл үчүн бир иш жасап койсоң ошол жакшылыктан, соопчулук иштен да саясат, кылдан кыйкым издемей адат болуп калды. Ыя, айланайын туугандар, биз ушундай сокурлуктан арылбайлыбы? Мен 2012-жылдары бирдиктүү мектеп формасы үчүн патент алып, ишти баштасак, 2014-жылы “Кыргыз бийи” аттуу иш-чараны демилгелеп чыктым.

— Саясатка барбаган соң, мамлекет жасабаган ушундай идеологиялык иштерге миллиондорду чачып, жаныңызга анча эмне күч келип жатат?

— Башта айтпадымбы, азыр кыргыз коомчулугунда эл-жер үчүн жакшы соопчулуктуу иш кылсаң да ошондон кынтык издеген “кыргызбайлык” сапатыбыз абдан өрчүп кетти. Биз азыр өлөсөлүү өкмөтүбүздөн бирдеме үмтөтүп, мамлекеттен каражат сурагандан көрө “мен мамлекетке эмне кылдым, эл-жерим үчүн кайсы иштерди жасадым?” деп ойлонсок жакшы болот эле. Мен бизнес чөйрөсүндө жүргөн бардар адаммын. Топтогон материалдык байлыгым Кудайга шүгүр, өзүмө, бала-бакырама кенен жетет. Калган байлыгымды кыргыз мамлекеттүүлүгүбүздү, идеологиябызды, тарыхыбызды түптөөгө жеке салымымды кошуу үчүн сарптап жатам. Учурда жеке өзүмдүн эсебимден 1 миллион долларымды бөлүп берип, тарыхый санжырабызды жаздырып жатам. Бул эмгектин учурда 80%ы бүтүп калды. 2014-жылы “Кыргыз бийи” аталышындагы дагы бир идеологиялык багыттагы ишибизди коомчулук алдында дүңгүрөтө белгилеп алдык эле, аныбыздын да үзүрү болуп жатат. Азыр кайсы тойго же мааракелерге барбагын элибиз жаш-кары дебей, керек болсо 5 жаштагы наристелер баш болуп, “Кара жорго”, “Жалын бийи” деген бийлерге “тытып түшүп” жатышат. Мурдагыдай “Кавказ бийи” же Ошко барсаң “Андижан полькасы” деген музыкалардан качышып, өзүбүздүн нукура элдик бийлерге басым кое башташты. Патриоттуулукка ык койгон ушундай иштерибиздин баардыгы ата-бабаларыбыз тарабынан миңдеген жылдардан берки келе жаткан идеологиябызды даңазалоого, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды түптөөгө болгон аракетибиз экенин белгилегим келип турат.

— “Кыргыз бийин” даңазалоого канча каражат котордуңуз?

— Бул долбоорго баш-аягы 20 миллион сомдон ашык каражатым кетти.

— Мындан аркы кадамдарыңыз кандай? Алдыдагы жергиликтүү жана шаардык кеңештерге, арылатканда эмдиги жылы өтүүчү президенттикке катышуу ниетиңиз ойгонуп кетсе жарышка аттана бересиз да ээ? Өзбектин байыганы там салса, кыргыздын байыганы азыр “шайлоого чыгам” деп делөөрсүп калышпадыбы. Дарамет, деңгээлин билишпей…

— Алдыдагы шайлоолорго катышаар-катышпасымды убакыт көрсөтөт. Эл үчүн жасачу иштер али алдыда.

— Тар чөйрөдө “Рустам Мамановго түштүктөн чыккан саясатчылардын көбү акча карыз, бербей качып жүрүшөт” деген каңшаар кеп көптөн бери айтылып жүрөт. Сыр болбосо кайсы саясатчылар карыз? Бери дегенде миллиондорду алып, “куйрук түйүп”, из жашырып жүргөндөр барбы? Жиниңизге тийгендеринен коомчулукка жүзүн ачып коюңуз да. Шанс келип турганда…

— Ой толтура! Тажатышты… Анын эмнесин жашырайын. Эми мен азыр пендечилик кылып, баарына кең пейилдик мамиледемин. Бирде болбосо бирде берип калышаар…

— Албетте, мамлекет кылбаган идеологиялык иштериңизди колдоого алышыбыз керек. Догурунгандай болбойлу, миллиондоруңуз идеология багытына “кумга сиңген суудай жок болуп” кетип жаткан шартта Бишкекте, ошол эле региондорубузда бала бакча, мектеп, ооруканалардын жетишсиздигине көңүл буруп, башка меценаттар менен биригип жогорудагы мен атагандай социалдык объектилерди куруп, элдин муктаждыгын чечсеңер болбойт беле? Азыркы өкмөттү карагандан пайда жок экенин билесиз да…

— Эң туура идея. Мен башында кайрымдуулук иштеримди кылаарда идеологиялык беш багытта иш кылууну пландагам. Кудай буюрса, чет-четинен максаттарымды ишке ашырып келе жатам. Мамлекеттен колдоо, каражат бөлүнбөгөн соң өзүңдүн идеяңды ишке ашырыш үчүн ири каржы болушу зарыл. Кудай буюрса, сен атаган идеяларды да ишке ашыруу тилегим бар. Азырынча баарын “балп” эттирбей турайын. Баарына убакыты келгенде жооп берип, элге кылган эмгектеримди иш жүзүнө ашырам деп ойлойм. Быша элек ашты алдыга тарткан болбосун жакшы билесиң да үкам.

— Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп турган бир тууган үкаңыз Равшан Рысбаев сиздин бийлик менен соодалашкан жүрүшүңүз менен карьералык секирик жасадыбы же өзүнүн да күчтүү “домкраты” барбы?

— Кайдагы соодалашууну айтасың да үкам? Жиниме тийген суроолорду көп берет экенсиң! Өзүң эле саясый бирдемелерди ойлоп таба бересиңби? Иним Равшан Рысбаев өз мээнети менен кызматтык секирик жасаган ишбилги инсан. Муну министр Кубатбек Бороновдун өзүнөн сурасаң да калп айтпаса керек. Равшан 2012-жылы КСДП менен Ош шаардык кеңешине талапкерлигин коюп, шаардык кеңештин вице-спикери болгон.

— Мезгилдүү басма сөздөргө сиз тууралуу сын-пикирлер жарыяланып кетти го. Андагы жарыяланган сындарга кандай аргументтүү жообуңуз бар?

— Актануу же мактанычтык эмес, менин баскан изиме, эл үчүн аткарган иштериме коомчулук өзү тараза болсун. Айрым гезиттер мен тууралуу “Рустам Маманов Алтынбек Сулайманов менин шопурум болчу” деп мактанат дептир. Эми Алтынбек убагында менин шопурум болсо болгондур. Шопурлук кесип эмне жаманбы? Керек болсо, азыр шопурлардын “ити чөп жеген” заман болбодубу?

— Депутат Азиз Турсунбаев сизден эки жаш улуу болгонуна карабай сизди өкүл ата коюп алганына кандай карайсыз?

— Азиз Турсунбаев менден эки жаш улуу болуп туруп, мени өкүл ата шайлаганына неге анча таңданып жатасыңар? Керек болсо мени өзүмдөн беш жаш улуу аттуу-баштуу саясатчылар, көрүнүктүү адамдар өздөрүнө өкүл ата шайлап алышкан. Түз жүрсөң сени жаш-карыңа, улуу-кичүүңө карабай шайлап алышат тура.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ                  

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *