Реформа-эки жүздүү, революция-шизофренник кылат, козголоң-ойготот

Реформа силерден эч нерсе талап кылбайт. Ал айтат: имараттын бет маңдайын сырда, а анын ички бөлүгү эски көрүнүшүн сактап кала берсин. Кир басып жашай бер, бирок ал кирди кошуналар көрбөсүн. Башкысы, бет маңдайы (фасады) кооз болсун, сенин жана үйүңдүн ичиңде эмне болуп жатканы кошуналарга маанилүү эмес. Алар үйүңдүн жанынан өтүп жатып, бет маңдайын эле көрөт. Эмне кааласаң жасай бер, бирок көчөнү караган эшик менен эмес, жашыруун жол менен. Фасад жана параддык эшик кошуналар көрүшү үчүн көрсөтмө болот, анткени алар ошону гана көрүшөт. Сенин чыныгы жашооң жашыруун жол менен өтөт, сен ачык жашабайсың. Параддык эшик – бул көрсөтмө-табличка, сенин чыныгы жашооң анда эмес. Сен бул эшик аркылуу эч качан кирбейсиң, ал болгону башкалар көрүшү үчүн турат.

Параддык эшикти байкасаң, андай эшик ар кимдикинде турат. Аларды бет, бет кап, образ атайт, анткени бул «имидж». Эрин помадасы, тушь, упа жана эндик сага имидж жаратат. Бирок, бул сен эмессиң. Бул болгону грим, макияж.

Революция анчалык терең барбайт. Ал сенин конок бөлмөңдү өзгөртөт, сен ага меймандарды чакыра аласың. Индияда ошондой. Конок бөлмө таза жана жайлуу, бирок башка бөлмөлөрүн көрүүдөн, силерди кудай сактасын. Ашканасы кир жана балит, туалети эң жаман. Бирок, Индияда ашкана, даараткана менен эч кимдин иши жок. Көңүл бөлүүчү жай — бир гана камкордук — жайлуу конок бөлмө; анткени анда конок тосот.

Революция жалганчы; ал сенин чыныгы натуураңа тийишпейт, бирок сенин абройуңду колдойт. Мына мораль деген эмне – бул кооз конок бөлмө. Андай конок бөлмөнү күтүп, атүгүл Пикассонун картинасын дубалга илип койсо болот, — баары сенин акчаңа жараша.

АДАМДЫН АКЧАЛАЙ БААСЫ БАР   

Жакында мен бир чакан аңгеме окуп чыктым. Чарли кыштакта жашаган досу Джордж менен шаар айланып, сейилге чыгат. Алар шаардын кооз жайларын ырахаттана көрүшөт. Бир маалда Джордж кокусунан кеп салат:

«Эй, тээтиги сымбаттуу кызды карачы. Ал бизди карап жылмайып жатат. Сен аны билесиңби?»

«Ооба, ал Бетти. Жыйырма бакс».

«А тигил жанындагы кара чачтуучу? Эх, кандай жагымдуу».

«Долорес. Кырк бакс».

«Ой, карачы ким келетат. Тим эле, укмуш».

«Глория. Сексен бакс».

«Кудай ай!», — Джордж үн салат. – «Кантип эле бүт шаар боюнча сулуу, ыймандуу кыздар жок?».

«Албетте, бар», — Чарли жооп берет. – «Бирок, аларга сенин чамаң, акчаң жетпейт».

Адептүүлүк өзүнүн чегине жетип, анан карайлап, тепселенип жок болот. Ар бир адамдын өзүнүн баасы бар. Адептүү адамдын дагы өзүнүн баасы бар. Өзүң байкоо салчы. Эгер сен көчөдө баратып, жүз доллар көрсөң, балким аны албайсың, ал эми миң доллар көрүп калсаң, анда аны алыш керекпи же жокпу ойлоно каласың…Эгер он миң доллар таап алсаң, анда ойлонбостон аласың. Бул сенин жүз, миң, он миңге түшкөн моралыңдын тереңин иллюстрациялайт (сүрөттөйт). Ар кимдин өз баасы бар. Адам өзүнө, туура «бир канчага» жол берет. Чектен чыккандын баары – ашыкча. Бирок, адептүүлүк бааланбайт! Анда адепсиздикти тандайбыз.

Адеп-ахлактуу адам адептүү, бирок жүз пайызга эмес; анда адептин бир канча катмары бар, анын аркасында адепсиздик жашырынып жатат. Ошол үчүн кандай гана адептүү адам болбосун аны адепсиздикке түртүү оңой. Башкысы – анын баасын туура аныкташ керек.

Мулла Насреддин аял менен ээндеп, саякаттап жүргөнү тууралуу бир окуяны укканым бар. Ал таанышып, анан сурайт: «Сиз мени менен жатууну каалайсызбы?». Аял абдан ачууланып, кыйкырат: «Сени мени ким деп ойлоп жатасың? Сенин акылың ордундабы!  Сен эмне дегениңди билесиңби! Мен сага кайдагы сойку эмесмин!».

Насреддин айтат: «Мен сага он миң акча берем». Аял жибип, жылмайып, Насреддинге жакындап аны колдон алат. Анда Насреддин: «А он сом акчага эмне дейсиң?». Аял жооп кайтарат: «Сенче, мен сага киммин ыя!». Насреддин айтат: «Сенин ким экениңди түшүндүм! Эми баа жөнүндө сүйлөшөлү».

Дайыма жана баарында «баа» маселеси калкып чыгат. Он сомго – аял ачууланат. Он миңге – ал макул болот. Ага күлбөгүлө, бул ар бирибиздин башыбызда турат. Мораль сени трансформировкалабайт. Ал реформага караганда жүрө берет, аныкы дагы көбүрөөк баада, бирок сенин ички маңызыңдын өзөгү өзгөрүүсүз калат.

КОЗГОЛОҢ-БИЛИМГЕ, РЕВОЛЮЦИЯ – МҮНӨЗГӨ, РЕФОРМА-ФОРМАЛДУУЛУККА ТАЯНАТ

Реформа – бул бөлүктүк революция. Революция – бул сырткы процесс-жараян. Козголоң – бул ички революция. Бул гана ынанымдуу жана ишенимге татыктуу. Калганынын баарысы – «жасалма». Реформа сени эки жүздүүлүккө айлантат, революция болсо шизофренник кылат. Козголоң гана сага толук жашоону, бүтүндүктү, ден-соолукту, көз карандысыздыкты сездирет. Реформа сени респектабелдүү кылат. Эгер сен буга умтулсаң, анда реформа сен үчүн толук жетиштүү. Ал сени ийкемдүү жана ийилчээк кылат.

Сыртыңан көрүнүктүү жана жагымдуу көрүнөсүң. Бирок, ичиңен сен ирип, чирип жана сасый баштайсың, аны эч ким сезбейт: сени бетиңдеги сыпайылык сактайт.

Революция сени эки ажырымга жеткирет. Ал сени такыбага айлантат, бирок күнөөкөрдөн кутулбайт. Күнөөкөр менен такыба кошулбайт, ажырайт. Революция сени эки инсанга айлантат. Ал сага эки дүйнөнү жаратат. Баардык табыйгий нерсе басылып,  мораль сыртка чыгат. Жогорку «күчүк» – мораль – төмөнкү «күчүк» – табиятты башкарууга аракеттенет. Бирок, ал бардык табияттык эбегейсиз күчкө ээ (анткени ал табийгый) болгондуктан,  алсыз жерди пайдаланып, жашыруун сенин жашооңо билинбей  келүүнү улантып,  реванш алат. Ал сенин моралыңды талкалайт, күнөөнү сезүүгө мажбурлайт, анан сен дайыма ички кагылышууну баштан кечиресиң, анткени бул күрөштө эч кимге жеңүүчү болуу насип болбойт.

Өзүңө адеп-ахлакты-абийирди интеллектуалдуулук менен колдойсуң, бирок сенин бардык жашоо маңызың  сендеги табияттуулукту колдойт. Мораль аң-сезимден чыгат, калган сендеги табийгыйлык көмүскө сезимде жашырынат. Аң-сезимдүү акылдын катмары абдан кичине, көмүскө сезим он эсе күчтүү жана он эсе чоң. Сен өзүңдүн гана аң-сезимиңди билесиң, ошондуктан сенде аң-сезимиңдеги адеп-ахлак өз ырын ырдоону улантат; ошол эле учурда кубаттуу көмүскө сезимдеги бардык адепсиздикти тамырга терең кое берет. Бул сени күнөөкөр да, такыбалуу да кылат. Күнөөкөр басырылып калат. Бирок, ал баш көтөрчү жана ревнаш алчу    саатын күтүп жатат.

Мына эмне үчүн адамдар ушундай кайгылуу жана эки ачалуу көрүнөт. Алар бардык энергиясын ушул кагылышууга (конфликт) чачат. Алар дайыма чыңалып, ойлуу болушат. Такыба чыңалып араң турат, ал дайыма кыйналат жана чочулайт – өзүндөгү баш бербеген жеке дүйнөсүнөн-тирлик маңызынан коркот. А куулган, четке кагылганы дароо пайда болот! Ал эртели-кеч моралисти, эгоисти, аң-сезимдүү аңкоону айдап чыгат. Ал тактыга талапкер болгон алдамчыны айдап чыгат.

Ошондуктан, такыбалуу, адептүү адам психикалык бузулуунун чегинде турат. Өзүңөр билесиңер… Эгер силер такыбалуу болууга аракеттенсеңер, анда дайыма «кылдын учунда» кылчылдайсыңар. Кандай гана майда-барат болбосун силердин гармонияны  бузуп коюшу мүмкүн, ар бир болбогон нерседен жан-дүйнө тынчтыгынын тең салмагынан ажырап калууга жөндөмдүүсүңөр. Качан тең салмактуулук жоголгондо, силер эки анжы болуп, экиге бөлүнүп кетесиңер. Качан экиге ажыраганда, тездик менен өөрчүгөн невроз пайда болот.

Козголоң – бул ички революция. Козголоң ичтен башталат, реформа сырттан башталат. Эч качан бир-нерсени сырттынан баштабагыла. Тээ тереңде жаткан негизгиден баштагыла. Ички маңыздан баштагыла. Реформа эмне кылуу керектигин шыбырайт. Революция силерге кандай кылууну айтат: такыбалуураак, мыкты мүнөз, оң сапаттар менен. Революция айланаңарда силерди ичтен-сырттан коргой турган калың калканды, тосмону жаратат. Бекем болот калкан – ушуну «мүнөз» аташат.

Чыныгы адамда мүнөз болбойт. Маселен, Иисуста мүнөз болгон эмес – бул чоң көйгөйдү жататкан, болбосо жөөттөр-еврейлер ага анча каршы болмок эмес. Ал шар, тунук, мүнөзсүз жана эч кандай калкансыз болгон. Ал моралист болгон эмес, ал ачык, назик жана коргоосуз болгон. Ал такыба эмес, акылман болгон.

Реформа сени «джентльмен» кылат. Революция сени такыба адамга айлантат. Козголоң сени акылман кылат. Иисус акылман болгон. Ал кылгандын баары кандайдыр бир мораль менен байланыштуу болгон эмес. Ал аны өзүнүн түшүнүгү менен жасаган; өткөндүн коюлган эрежеси болгон эмес, өзүнүн түздөн-түз билими менен. Козголоң — билимге, революция – мүнөзгө, реформа формалдуулукка таянат.

Качан сен көбүрөөк билгенде, анда сен эң негизгисинен өзөгүнөн баштайсың. Сенин жаның нурга толгон, айланага тараган жарык ошол жерден  жанат. Алдыга жылуунун бирден-бир ыкмасы – бул ишти ичтен баштоо. Үрөндү эсте: ал дагы жерден ичтен өнүп чыгып, ачылып, үлкөн бир даракка айланат. Сенин ички ишиң ушундай болушу керек – өнгөн үрөндөй.

Реформа – бул косметикалык ремонт. Бул кемчиликти жымсалоону актоо жолу аркылуу аракет – бул-тигил жерин актайбыз, бирок негизги структура мурунку бойдон калат. Реформа революцияга алып келиши мүмкүн, балким революцияга тоскоол болоор; бул адамга жараша болот. Реформаторлордун эки тиби бар: революция үчүн түбүн-ордун даярдагандар жана аны ишке ашырууга аракеттенгендер. Реформа иш жакшы жүрүүдө, ошондуктан революцияга зарылчылык жок экендигине таасир берет. Бул революциялык проблема кимге керек? Реформа адамдарга үмүт бергендиктен, алар үндөбөй калат. Демек, баары өзүңө жараша болот.

Жагдайды тууру түшүнгөн адам реформаны революцияга алып баруучу процесс катары пайдалана алат, бирок жагдайды билбеген адам реформаны туура пайдалана албайт. Тескерисинче, реформа революция үчүн «тормоз»-кедерги болот. Бул революцияга да тийиштүү. Эгер адам билимге канык болсо, революция козголоңдун астанасы боло алат, антпесе, революция тормоз бойдон калат. Бирөөлөр айтат: «ошентип, революция жүрдү, андан ары барып эмне кереги бар? Ансыз деле ашыкча болду». Мындан ар кандай реформа тормоз же катализатор боло алары түшүнүктүү. Баары жагдайды туура түшүнүү жөндөмүнө жана билимге жараша. Сен жашоону кандай кабыл аласың жана аңдайсың, баары ошого көз каранды.

Бул жашоонун жана жумуштун фундаменталдуу эрежелеринин бири болот: түбү дүйнөнү кандай кабыл аласың жана аңдайсың, баары аны түшүнүүгө жараша болот. Атүгүл, катализатор да, кээде жаңылыш түшүнүүдөн улам тормозго айланат. Кээде, коркунучтуу уу саналган нерсе, туура түшүнүүнүн аркасынан улам жыргалчылыкка багытталган даары катары пайдаланылат. Бардык даары уудан даярдалат, бирок ал адамдарды өлтүрбөйт, тескерисинче ден-соолукту сактоого жардам берет. Акылдуу колдо, атүгүл уу даарыга айланат; эссиз колдо, атүгүл даары ууга айланат. (бул туурасында кыргыздын макалдары көп-которм.) Революция – бул структуранын өзгөрүшү. Бул физикалык, социалдык, тышкы, экономикалык, саясий өзгөрүү. Бирок, ал адамдын өзүнө кенедей да тийишпейт. Революция козголоңго, балким ага тоскоол болууга  алып келиши мүмкүн. Жүз революциянын токсон тогузу козголоңго тоскоол болот. Мына коммунизмдин динге чукул каршы чыгышынын себеби…

Асылбек БЕКТЕНОВ

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *