Президенттин көлөкөсүнөн орун тапкан Карашевдин урук тууган, жек жааттары мамлекеттик кызматтарды каптады

Албетте башы шумдук иштеп, бир нерсени кыйратып жатса, бир туугандардын мамлекеттик үлкөн кызматты ээлегендерине ич күйдүлүгүбүз деле жок. Тескерисинче андай болсо кубанмакпыз. Бирок, таңгөрүнүкү десе “кол ийрисине тартат” демекчи, башы иштебесе деле трайбалисттик система жана “таанышың болсо таңкасың” деген кайран саясат жүрүп жатканы ич ачыштырат. Мына президенттин көлөкөсүнөн орун тапкандардын урук тууган, жек жааттары мамлекеттик орундарда олтурушат. Эми ажонун досу азыркы премьер-министр Сооронбайды баары эле билет. Жээнбековдордун кланы түштүктөгү майлуу, сүттүү орундардан тартып, борбордук аппаратка чейин ээлеп алганын көпчүлүк жакшы эле билет. Биздин айтарыбыз бери жагындагы эле президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашевдин бир туугандары тууралу фактыны келтирмекчибиз. Анын бир тууган эжеси Венера Карашева ЖоКеде бөлүм башчы. Бир тууганы Мухаммед Карашев болсо Башкы прокуратурада прокурор. Ал эми Башкы проку­рор айым Индира Жолдубаева, Аалы Карашевдин бир тууган балдызы. Жакында эле Аалы Карашевдин бир тууган иниси УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча кызматынын жетекчилигине дайындалды. Мына окурман бул жазылгандын баары ушак эмес факт. Эгер аты аталгандардын элге ак кызмат кылганы болсо “Азамат” дейли дагы, эптеп эле Аалы мырзанын артынан кызматка илешип, анысын татыктуу аткара албай Карашев династиясын Бакиевдин династиясы сымал уяткарса эмне дейли?

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *