Өзбекстан жарандары шишкебек бышыруу аракети маалында каза болушту

Тольяттиде Өзбекстандын эки жараны жаңы жыл түнү шишкебек бышыруу аракети маалында чыккан өрттөн каза болушту.

31-декабрда Тольяттинин Комсомол районундагы гараждан чыккан өрт өчүрүлгө соң анда эки адамдын күйгөн денеси табылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, каза болгондор Өзбекстандын 52 жана 50 жаштагы жарандары болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча жаңы жыл түнү алар гараждын ичинде шишкебек бышырганга аракет кылып, андан өрт чыгып экөө тең каза болушкан.

Кылмыш иши козголгон жок, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *