Өмүрлөрү эрте өчкөн үчөө: Бекмырза Рахман уулу, Асанбек Кулматов, Айгүл Шаршен кызы

Кыргыздар адабиятты өзгөчө баалаган элдердин бири. Эпосторун, дастандарын, жомокторун миңдеген жылдар бою кагазсыз эле сактап, муундан-муунга өткөзүп келгендиги кандай гана эрдик! “Манас” эпосунун ар бир чыгармачыл адамга таасири чоң деп ойлойм. Жалгыз чырпык эч качан токой болбой тургандыгы, ынтымак бар жерде гана ырыс болоору ошол эпосто, башка жомоктордо да баяндалат. 

Азыр эл баштаган элитанын, жазуучулардын биримдиги жок болуп жаткандыгынан пайдаланган “жайсаңчылар”, душмандар акырындык менен баш көтөрүп, илгерки Манастан Коңурбайдын кегин алуу үчүн эпосубузду муунта баштагандыгы кашкайган чындык. Жазуучуларыбызда ынтымакчылык болсо, канкор Коңурбайдын кыргыз терисин жамынган тукумдары ушундай жолго бара алышат беле?

“Ынтымак жок”- демекчи, улуу муундагы жазуучулар менен кийинки жазмакерлердин ортосунда тымызын тирешүү бар. Мисалы, улуулардын кийинки жазган чыгармалары “улуу” боло албай, баягы эле соцалисттик коомдун рамкаларынан чыкпай жаткан сыяктанат. Ошондой чыгармаларды компьютер заманындагы эл окумак беле? Бая күнү бирөөсү телевизордон: “Көчө адабияты – адабият эмес. Биз аябай жемиштүү иштеп атабыз. Жакынкы эле жылдары жүздөн ашуун роман жазып жибериптирбиз”,- деп мактанып атат. Тилекке каршы, ошол көп романдын бири да окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып кетпегендиги өкүнүчтүү. Анан акчасы барлар гана китептерин чыгарып жатышат, “эл китеп окубай калды, начар китептерди үзүлүп түшө окуп атышат”- деп нааразы болушканычы. Ошентип тагдырына таарынгандар заман талабына бап келген чыгарма жазып, мага эле алып келишсинчи. Мен чөнтөгүм жука экенине карабай, басмаканалардын бири менен келишим түзүп, “сатылгандан кийин акчасын төлөйбүз” деп китебин чыгартып берейин. Өтүмдүүлүгүнө көзүм жетпейт да. Ошон үчүн андай тобокелчиликке бара албайм. Окурмандар базарда олтурушкан менен алар ойлогондой келесоо эмес. Жакшы чыгарманы жакшы деп, жаманын карабай коюшат. Көпчүлүгү маянанын төмөндүгүнөн улам өз адистиги боюнча иштебей, үч-төрттөн дипломдорун катып коюшуп, тириликтин азабынан базарларда ысыкка күйүп, суукка тоңуп олтурушат.

Албетте, азыркы муундагы жазуучулар эле кыйратып жиберди деп айтуудан да алысмын. Булардын да толгон-токой кемчиликтери бар. Бирок, мен азыр ошол кемчиликтерди айтайын деп ушул макаланы жазып жаткан жерим жок. Арабыздан эрте кеткен үч калемгерибизди эскерсемби деп колума калем алып олтурам. Эскерип гана тим болбостон, “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей айрым замандаштарга кыйытма жазууну чечтим. Ал кандай кыйытма? Муну баамдаш өчүн, макаланы толук окуп чыгышыңыз керек, урматтуу окурман.

Бекмырза Рахман уулу

Бекмырза өзү да кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгондуктан, жазган чыгармасында сөздүн куралышына, сюжеттин кызыктуулугуна өзгөчө басым жасаар эле. “Министрдин кызынын махабаты”, “Кытайдан качкан келин”, “Негр бала, атаң кайда?”, “Балакеттүү байтал базар” сыяктуу китептерди жазды. Булардын ичинен бир чыгармасынын негизинде жазылган сценарий кино болуп тартылды.

Бекмырзанын “Күлкү” гезитинде, андан кийин “Чалкан” журналында редактор болуп турган кезинде, бул киши менен иштешип калдым. Бекем кайсыл гана чыгармага көз жүгүртпөсүн, анын кандай деңгээлде жазылганына дароо эле баа берчү. Бирок, өзү да табиятынан ак көңүл эле. Акыркы күндөрү калп эле мактамыш болуп жагынып чыгармасын гезитке чыгаргысы келген, болоор-болбос тыйынына “ашык” болгон досторунун курчоосунда калган. Бирөөсүнүн кучактамыш болуп туруп чөнтөгүндөгү акчасын сууруп алганын айтпай эле койоюн. “Баш жазып бер” деп келген, кечке кабинетинде бака-шака болуп каткырып олтурушкан, жагалданып мактаган, чыгармачылыгына убакыт жагынан чоң жолтоо болушкан далай кадырлуу эле газеталардагы дос-сөрөйлөрүнөн бүгүнкү күндө дайын жок. “Бекесин” бир да жолу эскерип, гезитке жазыша элек. “Бекелеп” эле турушчу эмес беле. “Бекеси” болсо, алардын “сообуна” калып, чөнтөгүндөгү акыркы тыйынына чейин “оомийин” кылып, анан  “Восток-5теги” үйүнө  жол киренин жоктугунан “Учкун” концернинен жөө кетчү.

Бекмырза Рахман уулу инсульт оорусунан көз жумду.

Асанбек Кулманбетов

Асанбек “Көркоонун тукумдары”, “Киши жегич кемпир”, “Таштанды кыз” сыяктуу чыгармалары аркылуу эл оозуна алынып калган. Анын адамгерчилиги да аябай мыкты эле. Бирок, ажал деген нерсе адамгерчилигине, талантына карап олтурбайт экен. Асакемди жол кырсыгы аркылуу алып кетти.

Асанбектин калган китептерин мен кайталап чыгартып, саттырып, андан түшкөн акчага үй-бүлөсүнүн да тирилигине көмөктөшүп турайын деп сөз берген элем. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, андай болбоду. Колумдан келбеди. Китеп бизнесине адабияттын “погун” түшүнбөгөндөр аралашып алып, мага окшогондорго чоң жолтоо болушту. Өздөрүнүн менчик басмаканалары бар. Каалаган нускада китеп чыгарышат. Өкмөткө бир тыйын салык төлөөрүн кудай билет. Чыгарган китептерин өтө арзан сатып, чыныгы чыгармачыл адамдарды ач калтыруу менен алек. Мисалы, 2000-жылдарга чейин бир китептин баасы 45 сом болсо, азыркы учурда кагаз баасы 20-30 эсе көтөрүлгөнүнө карабай булар соодалаган китептер 30 сомдон араң ашат. “Китеп чыгарат элем”- деп аларга барсаң, “ар бир нускаңды 25 сомдон басып берем”- деп алакандарын “кытыр-кытыр” эттире тырмашат. Анан чыгартып алып, бир топ кыйынчылыктар менен эле эптеп-септеп 30 сомдон араң сатсаң, сага эмне калат? Андан сырткары автордун балдары да сенден үмүттөнүп олтурбайбы.

Жазуучулар союзу ушул нерсени колго алып, чыгармачыл адамдардын китептерин өздөрү чыгарып, сатыгын уюштуруп, калеми жок “жазуучуларга” каршы катуу чара көрмөйүн, адабиятыбыз күндөн күнгө алсырай берет.

Калеми жок жазуучулар демекчи, бир сүйлөмдүн башын курай албаган айрым акчалуулар бирөөлөрдүн чыгармаларын сатып алып, өздөрүнүн аттарынан китеп кылып чыгарып жатышкандыгы айкын. Акчага муктаж болгон калемгерлер дайыма эле жакшы чыгарма жаза беришмек беле? Тигинин сабатсыздыгынан пайдаланып, эптеп эле бир нерселерди чампалай салып “түртүп” жиберээри айкын эмеспи. Аны окуган окурмандар улам ирээнжип олтуруп, акыры кыргызча китепти таптакыр окубай калышы толук ыктымал.

Айгүл Шаршен кызы

Окурмандарга кеңири тараган китептердин көпчүлүгү Айгүл эженин калемине таандык. Эже жумасына бирден чыгарма “шилтеп” атып, аз эле жылдардын ичинде жүзгө жакын китептин автору болгонго жетишиптир. Андан сырткары да бир топ чыгармаларын “китеп пираттарына” тарттырып жиберип, автордук укугунан бери берип салган. Мисалы, “Г… аттуу жазуучунун китебин окусам, Айгүл Шаршен кызынын эле стили экен” деген сөздөрдү көп эле угуп жүрөм окурмандардан.

Окурмандарга аты-жыты белгисиз кезде Айгүл эженин “Күкүк эне же сойкунун тагдыры” аттуу чыгармасын кол жазма боюнча Жаныбек Жанызак мага көтөрүп келип, “китеп кылып чыгарып ал… мага үч миң сом берип, калган пайдасын өзүң көрө бер” деп мага сунуш кылган эле. Өз каражатымдан китеп кылып чыгарып, Жакеме сураган акчасын берип, китептин сатыгынан өзүм да пайда көрө баштадым. Андан кийин “Тагдыр таразасы”, “Молдонун кыянатчылыгы” аттуу китептерин да бастырдым эле, окурмандар талап кетти.

Ошол-ошол болду. А.Шаршен кызынын китептери окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, өзү да китеп бизнесмендеринин талашына түшүп калса болобу. Биринчи эле Жаныбек Жанызак өзүнө тартып алды. Мурда Айгүлдүн жазуучулук дараметине ишенбей, америкалыктарга окшоп мени курал сыноочу “аянтчага” айлантса керек.

Ошентип, Жакем болсо, Шаршен кызын “жаз” деп “куп” иштетип, эмгегине жараша калем акы төлөп берип турганга да аракеттенип аткансыды. Ал эми айрым жексурлар тез жазганга өзгөчө жөндөмдүү бул калемгерге анча-мынча тыйын берип туруп, карыздын “проценти өсүп кетти” деген кара-өзгөйлүк менен анын айрым чыгармаларын биротоло тартып алып, китеп кылып чыгараарда “Айгүл Шаршен кызын” өчүртүп, анын ордуна өздөрүнүн аты-жөндөрүн автор катары жаздырып коюшчу деген сөздөр бар.

Айыккыс ооруга чалдыккан Айгүл Шаршен кызы мындан эки жыл илгери Ала-Тоо конушунда бир бөлмөлүү батиринде жатып каза болду. Аны акыркы сапарга узатып жатканда топурак салганы барган калемгерлерден Жаныбек Жанызак экөөбүз гана болдук. Суук кабарды кеч угуп калган Жора Сулайманов “Ачык сөз” гезити аркылуу эскерүү жазды. Дагы бир редактор аял “Жакшы киши эле” деп өз гезити аркылуу кейимиш болду. Бул “кейүүнү”, чамасы, кол алдындагы журналисттердин бирине жаздырса керек. Өзү эч нерсе жаза алчу эмес эле.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ,

Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү

Булак: “Майдан.kg” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *