Лондондо депутатты өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Лондон соту британ парламентинин депутаты Жо Коксту өлтүргөн адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Сот арачылары айыптоо өкүмүн бир добуштан колдошту. Андан соң буга чейин акыркы сөзүн айтуудан баш тарткан 53 жаштагы айыпталуучу Томас Мейр сөз берүүнү өтүндү, бирок судья Алан Уилки ага уруксат берген жок.

Лейбористтик партиядан Коомдук палатанын мүчөсү, европачыл өнөктүктүн активисти Жо Кокс 16-июнда, Бирстоль шаарчасындагы шайлоочулар менен жолугушууга барган маалда өлтүрүлгөн. Мейр аялга карата үч жолу ок чыгарып, андан соң бир нече жолу бычак менен сайган. Кол салуу маалында ал «Биринчи кезекте Британия!» деп кыйкырып, кийин Жо Кокско жардам берүү аракетин көргөн көчөдө бараткан 77 жаштагы адамды сабап салган.

Анда аза күтүүгө байланыштуу референдум алдындагы үгүт өнөктүгү бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган. 23-июнда өткөн жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында британдыктардын көбү өлкөнүн Европа биримдигинен чыгышын колдоп добуш беришкен.

Саясатчылар Жо Кокстун өлтүрүлүшүн “демократияга жасалган чабуул» деп аташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *