Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинети түзүлдү

Коопсуздук кызматынын генералы Марат Иманкулов, экс-депутат, экс-элчи Турсунбай Бакир уулуу баштаган саясатчылардын оппозициялык бир тобу биригишип, Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинетин түзүшкөндүгү белгилүү болду.

Бейшемби күнү, 12-январда Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинети коомчулук үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, кабинеттин максаттары менен милдеттерин, анан эң башкысы курамын жарыялайт.

Көмүскө министрлер кабинети азыркы Сооронбай Жээнбеков жетектеген КР Өкмөтүнө оппозиция болуп, анын ар бир саясый кадамына, экономикалык саясатына өз баасын берип турат.  Бүгүнкү бийлик сазга батырган саясый жана экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун сунуштайт. Бүгүнкү бийликке күзүндө өтчү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын адатынча будамайлоого жол бербөө үчүн күрөшөт. Эгер бүгүнкү бийлик кокустан жыдып калса жоопкерчиликти өз колдоруна алууга даяр экенин жарыялашат. Президенттикке өз талапкерин чыгарышат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Эмне үчүн көмүскө? Эгер көмүскө болсо,элдин алдына кантип ачыкка чыгат??? Биз 25 жылдан бери көмүскө экономика, көмүскө саясат, көмүскө башкаруудан башыбыз чыкпай келе жатат. Эми көмүскө министрлер кабинети калдыбы? Турсунбай Бакир уулун жакшы эле тааныйм. Ал көмүскөдө же көлөкөдө жүрүүчү инсан эмес. Өз оюн түз айткан, элдин мүдөөсүн уга билген, саясатты семичкедей чаккан коомдук ишмер катары таанымал. Менимче “көмүскө” эмес “коомдук”- деп аташса туура болмок.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *