Кулматов кимди күтөт? Же баарын Путин жасаш керекпи?

Кыргызстан ЕАЭБке кирип жаткан маалда биздин өлкөнүн экономикалык жактан жардылыгы эске алынып, интеграциялык биримдикке кирүүдө кудуреттүү өлкөлөргө “жутулуп” кетпесин деп, экономикалык-социалдык абалын чыңдап, ири өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу менен биримдиктин шарттарына адаптация болуубузга түрткү берүү максатында Орусия Кыргызстанга 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн эле. Анын алгачкы 120 млн. доллары Кыргызстанга бир жыл мурун эле атайы түзүлгөн, аты кыргызстандык, заты орустардан турган Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондуна келип түшкөн болчу. Бирок азырынча кыргызстандыктардын арасынан бул фонддун ишмердигине ичи жылыгандарды учурата элекпиз…

Тапшырмалар талаада калды…

Ооба, Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык Биримдигине киргенине 1 жылдан ашык убакыт өтсө да бул фонд өзүнө берилген тарыхый тапшырмаларды аткара алган жок. Буга биринчиден, фонд түзүлүп жаткан маалда анын башкаруучуларынын теңинен көбү орусиялык тараптардан болгону, кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоочу адамдарыбыздын өз ишин мыкты билбегени, уюштуруучулук жөндөмүнүн жоктугу себеп болду. Айталы, а дегенде фондду башкарган Нурсулуу Ахмедова дээрлик бир жылга убакытты текке кетирип, фонддун иштөө механизмин түзүп чыга албай койгонун көрүп отурдук. Албетте, алар сөз жүзүндө укмуштуудай кооз жана жарандардын, айрыкча, ишкерлердин таңдайын “так” эттирген программа, долбоорлорду оозанышканы менен иш жүзүндө аны жасай алган жок. Бул фондго түшүп жаткан арыздарды карап, бизнес-пландарды иргеп, аларды каржылоону ишке ашырууда ачык көрүндү. Тагыраагы, аталган фонддогу кыргыз экономикасы үчүн күнү-түнү тынымсыз иштей турган каражат дээрлик жарым жыл бою сактык кассада уктап жатты. Ал ортодо фондго арыз жазып, “эгер көлөмдүү каражат ыңгайлуу шарттар менен берилип калса, ири өндүрүш ишканаларын ачып, азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү завод-фабрика куруп, жарандарды да иш менен камсыз кылганча ата мекендик товар өндүрүүгө салым кошот элем” деген жүздөгөн ишкерлер убакттан уттуруп ара жолдо калышты. Албетте, бүгүнкү күнгө чейин фонд аркылуу 440 долбоор каржыланып, реалдуу ишке кирди делген маалымат болгону менен алар өлкө бюджетине канча каражат салым кошкону, ошол долбоорлор аркылуу канча салык, соцтөлөмдөр жүргүзүлүп келгени тууралуу атайылап көрсөтүлгөн маалымат не каржы, не экономика министрлигинде жок. Демек дал ушул 440 долбоордун деле ахыбалы анча жакшы эмес го деген ой келет…

Натыйжада, бул аралыкта ЕАЭБден жырылган дарбазасынан бизди карай агылган соода-сатык импорту ансыз да араң турган биздин базарды ээлеп калды. Ошондон кийин гана ойгонгон фонддун каржылоосу кечиккен жардам катары албетте, өз салымын кыргыз экономикасына кошо алган жок. Демек Кыргызстандын ишкерлери, өндүрүшчүлөрү өкмөттүн таттуу токочуна ишенип отуруп, базардагы позициясын алдырып жээкке сүрүлдү. Буга далил, а дегенде эле азык-түлүк өндүрүүчүлөр банкроттук абалга кептелишти. Ага акыркы бир жылдын ичинде жабылган ондогон тоок фермалар, сүт өндүрүүчү заводдордун жабылышы кызылдай факт!

Каражат кызыл кулактарга иштөөдө

“Эчки тууй албай жатып койго арачы түшүптүр” дегендей, жакында аталган фонддун өз миссиясын аягына чыгарып койгондон бетер, эми башка тараптардан инвестиция тартууга аракет кылуу максатын айтканы чоң күлкү менен кошо шектенүүлөрдү жаратты. Анткени азырынча Кубанычбек Кулматов жетектеп жаткан фонд эл алдында да, өкмөт алдында да өздөрүнүн ушул күнгө чейинки ишмердигинин отчетун бере элек. Каржылоонун көбүн кийим тигүү жана айыл чарба тармагына салдык дегени менен 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгында кийим тигүү өндүрүшү тескерисинче 33,4%га, кайра иштетүү 21,4%га, металл өндүрүү 14,4%га мурдагы жылга салыштырмалуу артка кеткени Өкмөттүн расмий билдирүүсүндө бадырайып жазылып турат. Демек азырынча кыргыз-орус фонду Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, ЕАЭБдеги өлкөлөргө тең ата шартта болуусуна салым кошмок тургай, тескерисинче ансыз деле эч кимге ишенбей, эч кимден жардам күтпөй, өз арабасын кылдыратып келе жаткан кыргыз өндүрүшчүлөрүн белге тепкенби деген да ой жаралат. Дегенибиз, буга чейин жеке тараптар өз алына жараша сырттан инвестор издеп, аларды көндүрүү менен тоо-кен, текстиль, азык-түлүк өндүрүү жаатына жан киргизип келе жатышкан эле.

Экинчи маселе, азыр кыргыз-орус фондунун пайдасын эле коммерциялык банктар көрүп жаткан кези. Анткени, каражаттар өлкөдөгү ири банктар аркылуу берилгендиктен, алар инфляциянын көлөмүнө карап, өздөрүнүн кызматтык шарттарын кошуп туруп, ишкерлердин колуна берген каражатты үстөгү менен кайрып алышууда. Демек колдон-колго берип койгону үчүн ортодо оңбогондой каражат банктардын капчыгында калып, анын бөксө бюджетке жетпегени чындыгында олуттуу ойлоно турган маселе. Ушул эле жерден дагы бир собол келип чыгат? Мисалы, Казакстанда мамлекеттик каржылык фонддор эч убакта өздөрүнүн каражаттарын банктарга берип, алардын калкты каржылоосун кубатташпайт. Анын ордуна аларда каржылык фонддор банктардын акчасына эл насыя алууга жол таап беришет да, өздөрү калктын атынан банктарга жеңилдиктерди берип, компенсациялоо ыкмасы менен долбоорлорду ишке ашырып келишет. А эмне үчүн бизде тескерисинче банктар өздөрү бир тыйын чыгарбай, фонддун акчасын пайдаланып пайдага туйтунат?

Үчүнчү жагынан, фонд аркылуу каржыланган долбоорлорду карап отурсаң, орто жана чакан бизнести колдоо максатында делген шарттаманын алдында, буга чейин эле кубаттуулукка ээ болгон, атаандаштарынан алдыга эчак озуп чыккан, аты-жыты белгилүү компанияларга берилгени айгине болуп чыгууда. Демек фонд ишкерлер ортосундагы чыныгы атаандаштыкты жаратуунун ордуна, монополисттердин пайдасына иштеп берип жатат деп тыянак чыгарууга да болот. Бирок минтип айтсаң албетте, фонддун кызматкерлери кырдана калып, “майда-чүйдөлөр менен иштешүү тобокелчиликке алып келет, анткени алардын күрөөсү биздин шарттарга туура келбейт” деп жооп берээри бышык.  Бирок маселе сөзсүз эле күрөөгө коюлган мүлктө эмес, реалдуу жумуш орундарын түзүү жана конкреттүү, базарга өтүмдүү товар өндүрүүдө тураарын албетте, алар капарына алышпайт…

Кыскасын айтканда, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда ЕАЭБдин шарттарына ылайык экономикалык турукташтыруу саясаты жүргөн жок. Муну жасоого берилген каражаттын азырынча бир да пайдасын эл көрүп, мамлекет сезе элек? Анда эмне үчүн очойгон айлык маяналарды чегерүү менен Кубанычбек Кулматов баштаган команданы кармап турабыз? Дегеле ал иштиктүү кадамдарга баруу үчүн дагы эмнени күтүп жатат? Же эмне орусиялыктардын акчасын Кыргызстанда эффективдүү иштетип, экономикага жан киргизиш үчүн Владимир Путиндин өзүн жалдап келишибиз керекпи?!

Тынчтык Алтымышев

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *