Кадыр Кошалиев, “Таза коом” элдик партиясынын тең-төрагасы: “Партиялардын жаназасын окуган топтун ана башында өзүм болом”

Эгемендиктин 25 жылдыгынын алдында кесиптешибиз, тележурналист, азыркы учурда “Таза коом” элдик партиясынын тең төрагасы болуп эмгектенип келе жаткан агабыз Кадыр КОШАЛИЕВ менен болгон баарлашууда соңку кыргыз тарыхы, азаттыктын кунар баасы, учурдун көйгөйлүү маселелери, болочок жөнүндө божомолдор, бүлбүл  жанган үмүттөр жөнүндө сөз болду.

– Сиз үчүн Эгемендиктин кунар баасы канчалык?

– Билгенге элдин эгемендиги, мамлекеттүүлугүнүн болушу чоң бакыт. Элинин саны 40-60 миллиондон ашса да өзүнчө мамлекеттүүлүккө жетише албай азаттык үчүн кармашта канга боелуп, күрөшүп келе жатышкан  дүйнөдөгү уйгур, күрд сыяктуу элдердин тагдыры ага айкын күбө. Калкыбыздын саны салыштырмалуу аз экендигине карабай 25 жылдан бери өзүнчө мамлекет катары түтүн булатып, БУУда желегибиз желбиреп турганы чоң олжо, кунар баасы ченемсиз дөөлөт. Болгону ата бабаларыбыз  кылымдап эңсеп келген азаттык  Алла Тааланын буйругуна жараша  көктөн тилегенибиз жерден табылгандай жеңил баада колубузга тийгендиги, албетте, бир жагынан жагымдуу көрүнүш болсо, бир жагынан эгемендиктин накта  баркына эмдигиче жетпей жаткандыгыбыздын себеби да ошондон улам болду окшойт.

КРнын Эгемендигин тастыктаган Декларацияны Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганына 25 жыл болду. Ошондо төрөлгөн балдар азыр бойго жетишти. Канткен менен түшүнгөн кишиге бир сереп салып, баа берүүчү мезгил келди. Учурдан пайдаланып жалпы кыргызстандыктарды азаттыктын 25 жылдыгы менен чын ниетимден куттуктап, мамлекеттүүлүгүбүз бекемделип, зоболобуз көтөрүлсүн демекчимин!

– Сиздин оюңузча эгемендикке ээ болгонубузга чейрек кылым болгондугуна карабастан  өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшө албай чайналып, чайпалып келе жатканыбыздын себептери эмнеде?

– Анын бир канча негизги себептери бар.

1). Өзүнчө мамлекет болгонубуз менен улут катары өз өнүгүү жолубузду аликүнчө так аныктай элекбиз. Ал ириде мамлекеттик башкаруу түзүлүшүбүз кыргыз элинин улуттук табиятына төп келмек турсун, караманча каршы келип жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

2). Идеологиялык багытыбызда иреттүүлүк жок. Батышчыл баалуулуктар, диний радикализм бура бастырбай улуттук нарк-дөөлөттөргө кедергисин тийгизип, өз жолубуздан тайдырууга салым кошууда. Калыстык үчүн айтып койгон парз, кеч да болсо  азыркы бийлик бул өксүктөрдү түшүнүп, быйылкы жылды “Тарых жана маданият” жылы деп жарыялагандыгын, Маданият министри болуп улуттук-мекенчил көз карашты карманган Т.Казаковдун келишин ж.б.у.с  маселелерди жакшы жөрөлгө катары бааласа болот.

3). Коомдо адилеттиктин жоктугу, элдик бийлик эмес партиялык-кландык бийликтин орношу, мыйзамдардын иштебей жаткандыгы коррупция, кылмыштуулуктун тамыр жайышына шарт түзүүдө.

4). Экономикалык саясаттын башкы багыты өндүрүштү көтөрүүгө, элди жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталбастан, күнүмдүк көйгөлөрдүн кишенинен чыга албаган чабалдык, сырткы күчтөрдүн тескери таасири эл чарбасынын бардык тармактарын өз алдынча алга жылдырууга кедергисин тийгизүүдө.

5).Өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болгон илим жана техника, билим жана тарбия, руханий кайра жаралуу маселелерине артыкчылык берүүнүн ордуна, бул маанилүү тармак көңүл борборунан алыс сүрүлүп калды.

– Сиз ар дайым Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү керектигин айтып келесиз, ал ойдон кайта элексизби?

– Ал ойдон кайтмак турсун, кайра турмуш өзү талап кылып жатканын көрүп, ынанымым ансайын бекемделүүдө. Эгер Элдик Курултай орносо бийлик буттактарынын  ыйгарым укуктары элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багытталат. Бийликти узурпациялоого жол берилбейт жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги пайда  болот. Мамлекетти башкаруу чыгымы кескин кыскарат. Кылмыштуулуктун, коррупциянын тамыры кыркылып, адилеттик орнойт. Сырттан кийлигишүүнүн күчү азайат, шайлоо тополоңу, митингдер токтоп, революциянын зарылчылыгы болбой калат. Мамлекет, эл, бийлик бир бүтүндүккө айланып, калктын бийлик жүргүзүүгө жигердүү катышуусу аркасында элдик бийлик калыптанат.

Натыйжада, Курултай түзүмү мамлекеттүүлүктү сактоонун жана бекемдөөнүн негизги түркүгүнө айланат, мамлекеттик башкаруу системасы өнүктүрүлүп, бир бүтүндүк камсыздалат. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, ишенбөөчүлүк жоюлат. Курултай – элдин эркин, каалоосун чагылдырган, улуттун жүзүн, ар-намысын аныктап турган чен-өлчөм, көрсөткүчкө айланат.

– Сиз бир мезгилде “партияларды жоготуп, Курултайды орнотуш керек”- деп жүрдүңүз эле эми өзүңүз “Таза коом” партиясынын башына келиптирсиз, муну кандай түшүнсө болот?

– Күтүлгөн суроолордун бири болду. Ооба, мен он беш жылдан бери башкаларды ээрчибей өзүбүздүн улуттук-мекенчил жолубуз менен гана өнүгүшүбүз керек экендигин зар какшап айтып келе жаткандардын бири болом. Аракетибиз күч болгону менен көзгө толор натыйжага жетише албадык. Саясий күрөштүн эрежеси партиялык түзүлүш болгон соң, биздин үнүбүз көчө кыйкырыгынын деңгээлинде калып жатты. Саясий ишмердүүлүктү өз эрежеси менен жүргүзүү үчүн партиялар аркылуу күрөшүү зарылчылыгы туулду. “Таза коом” партиясынын программасын улуттук баалуулуктардын негизинде кайра иштеп чыктык. Элдик Курултай, Аксакалдар институттарын өз ыйгарым укуктары менен коомдук-саясий системага киргизүү маселесин өзөктүү максат катары алдыбызга койдук.

Биздин партиянын жаңы программасында: “Кыргызстандын эли – мамлекеттин өзөгү, эң башкы байлыгы жана бийликтин ээси экендигин баса белгилеп; адилеттикти, аруулукту, тазалыкты, калыстыкты, чындыкты туу туткан; эркиндикти, теңдикти, шайкештикти сүйгөн; бийлик жана байлык элдин кызыкчылыгына иштеген; табигый өнүгүү мыйзамдарын сыйлаган;  улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга бирдей маани берген; илим-билим, техника-технология жана инновациялык жаңылыктарды ийкем өздөштүргөн; руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү усулун карманган; мыйзамдуулукту жана салттуулукту  бекем сактаган; тегиз жыргалчылыкка  жетишкен, бакубат мамлекетти куруу ишин алдына ыйык максат катары койду,”- деп жазылган.

Демек, мурдагы бараткан багытымдан тайган жокмун, болгону тактика өзгөрдү. А мүмкүн жылдардын бир жылдарында  партиялар жоюлушу мүмкүн, ошол учур биз тирүү турган мезгилде болсо, мен алгачкылардан болуп партиялардын жаназасын окуган топтун ана башында болорумду азыр эле жашырбайм.

– Эң түйүндүү маселе болгон идеология боюнча эмнелерди айтмакчысыз?

– Коомдук турмуштун чөйрөсүндөгү улуттун кызыкчылыгынын артыкчылыктары менен руханий биримдиктин принциптери айкалышып келип, ошол элдин көз караш, түшүнүк, баалуулуктарынын  системасын жаратуу аркылуу улуттук идеология калыптанат. Кыргыз элин улут катары сактап турган баалуулуктар – дүйнө тааным, тарых, тил, ишеним, каада-салт, маданият, ар кандай өнөр туундулары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн өбөлгөсү. Улуттук өзөк гана өнүгүүгө өрнөк болуп бере алат. (“Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт.”Л.Гумилев)

Улуттук ой-тутумдар менен идеалдарга негизделген идеологиялык ишмердүүлүк адам, үй-бүлө, коом, мамлекет масштабында системалуу жана иреттүү  жүргүзүлгөндө гана өз жемишин бермекчи.

Сырткы идеологдор таңуулаган эрежелерди бейпарасат кабыл ала берүүнүн натыйжасында жеке адамдын укугун көкөлөтүп, Кыргыз улутунун кызыкчылыгын тебелеп салдык. Чачыранды болуп жаткан элибиздин кубат-духун чогултуп, ар-намысын көтөрүү максатында коомчулук тарабынан көтөрүлүп жаткан “Манастөр” улуттук руханий  борборун  түптөө маселеси бышып жетилди.

Коомдогу теңдик жана социалдык адилеттик – туура жол менен өнүгүүнүн ачкычы. Биз адилеттүү, ар тарабы шайкеш жана таза коом курабыз десек, ишти эң оболу билим берүү тармагын оңдоодон баштаганыбыз туура болот. Бул жалпы өлкөнүн тагдырына түздөн түз тиешеси бар узак убакытты, жетиштүү каржыны, саясий эркти талап кылган орчундуу маселе.

Илимий жана этнопедагогиканын  принциптерин, табылгаларын ийкем айкалыштыруу аркылуу иш алып баруу азыркы доор талабына туура келет. Тарыхтын узак жолун баскан элибиз жаш муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан.

Элибиздин акыл казынасынан жаралган – “адам бол, түз жүр, ата-энени урматта, мекенди, элди сүй, ушак айтпа, уурулук кылба, ак сүйлө, улууну сыйла, кичүүнү ызаатта, атаңа наалат келтирбе, уяттуу- адептүү бол, суу сыйлаган зор болор, нанды кесир кылба, кыздуу үйдө кыл жатпайт, оомат оошот, билим жугушат, өнөрлүү өлбөйт, тегиңди бил, атанын уулу бол”,- деген сыяктуу не бир асыл баа даанышман ойлор элдик тарбиянын көөнөргүс кенчи болгон.

Жеке адамдын ар тараптуу жетилүүсүндө бир гана анын укугуна басым жасоо бир жактуулукка алып кетерин турмуш көрсөттү. Эң башкысы инсандагы чексиз мүмкүнчүлүктөрдү чар тарап ачып, кесиптик билим менен бирге адамдык насилди ыйык таза сактап, ар бир адамдын өзүн-өзү таануусуна шарт түзүү зарыл. Билим-тарбия тармагын жөнгө салуу менен кесипкөй, ар тараптуу даярдыгы бар адистерди, болочоктун кадрларын даярдоо аркылуу  Кыргызстандын бардык тармагын максаттуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Келечекте кыргыз мамлекети илим менен маданияттын өлкөсүнө айланышы керек.  Ансыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Дат баспаган, жок болбогон байлык – бул илим, билим жана руханият.

Үпел Анаркулова

Булак: “Майдан.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *