Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров коркунучтуу фигурага айландыбы?

Буга чейин ИИМдин орун басары Данияр Абды­каров боюнча ММКларда терс маанайдагы материалдар чыгып келген. Бу жигит Максим, Марат Бакиевдин аркасы менен карьера жасаганы, Таласта УВДнын начальниги болуп турганда элге каршы күч колдонгону, аягында өзү качканы, анан ошол 7-апрель окуясынан көп өтпөй эле Кеңешбек Дүйшөбаевдин тилин таап, УКМКга кызматка кирип кеткени айтылган болчу… Ушул жылы министрдин орун басары болгондон бери күмөндүү суроолор жарала баштаганда, «Азия Ньюстун» кабарчысы: «Сиз «Бителде» иштеп жүргөндө ал жактан чоң суммадагы акча чыгарып кеттиңиз беле? «Каралардан» таяк жегениңиз чынбы?» деп кайрылган. Бирок, ал жооп берген эмес. Эми дагы редакцияга Д.Абдыкаровдун үстүнөн тирукмуш каттар келиптир. Биз алардын баарына токтолбой, этиканы сактап, азыноолак гана собол таштайлы. Данияр мырза, сиз кызматтык абалыңыздан пайдаланып, өзүңүз кызыкдар болгон бизнесмен, журналист, саясатчы, депутат, деги эле мамлекеттик чоң ишмерлердин телефондорун тыңшатып, компромат чогултуп жүрөсүзбү? Мыйзамга каршы келбейби? Мелис Турганбаев, Кашкар Жунушалиев сиздин интригаңыздын айынан кызматтан кеткени чынбы? Ошондой эле ИИМдеги бир топ ишбилги кызматкерлердин артынан жашыруун түрдө матери­ал топтоо менен жумуштан кетиртип, эми да ушундай «өнөрүңүздү» улантып атасызбы? Учурдагы ИИМ башчысы Улан Исраиловго тымызын кыйынсынганңыз ыраспы? Мини­стрдин башка орун басарлары элдин тынчтыгы, кылмыштуулукка каршы иштеп жүрүшсө, сиз «тыңшатуу» жагынан өлкө ичине кооптуу көрүнүш жаратып аткан жоксузбу? Баса, Таластагы 6-апрелдеги кандуу кагылышка чейин на­чальник УВДнын милдетин аткарып турганыңыз (ал жердеги шефиңиз С.Мамашовдун кызы ооруп, бир канча убакыт Москвада жүрүп калганы), ошондон пайдалануу менен Акүйгө тескери маалымат бергениңиз, Конгантиевдин барышына туртку болгонуңуз жана Болот Шерди камаганыңыз аныкпы?..

Булак: “Азия ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *