Элмира Ибраимова, эксперт: “Жолдорубуз начарлагандан начарлап, аларга кеткен чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө”

Жакында жергиликтүү кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо кыргыз жолдору чоң көйгөй экенин даана көрсөттү. Бул теманы өз убадалоосунда эскербеген бир да партия болгон жок. Ар бири жаңы жол салып, эскилерин оңдотуп. көпүрө салып беребиз деп ант берип жатышты. Бирок мындай убаданын далайын уккан электорат буга албетте ишенген жок, ошентсе да жол маселеси учурда курчуп турган мезгили. Анын үстүнө бийлик алардын курулушу менен оңдолуусуна каражат бөлүнүп жатканын такай эскертип турат. Жолго алынган насыялар өлкөнүн тышкы карызынын үчтөн бир бөлүгүн түзүп турганын айтсак эле жетиштүү, а тышкы карызыбыз учурда 3 млрд 762 миллион долларды түзүп турат.

Кыргызстандын жолдору жылмаланып, оңдолгондон кийин бир жыл жетип-жетпей бузулбай, миллиарддаган насыялар бизге, а тактап айтканда биздин балдарыбызга кандай таасир тийгизет болду экен? Бул тууралуу бизге экономикалык серепчи, Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Эльмира Ибраимова маек куруп берди.

-Эльмира Султановна, алгач бир нерсени түшүнүп алалы, бийлигибиздин айтымында, жол инфраструктурасын өзгөртүүгө болгон салымдар арбын болгону менен кандайдыр бир көзгө илинээрлик жыйынтыгын байкаган деле жокпуз? Биз­дин жолдорубузга сарпталган акчаны чогултуп, бүт өлкөнү асфальттап салууга болот эле. Бирок андай болбоду.

– Азыр жолдорубуздун жалпы узундугу 34 миң километриди түзүп, жалпы пайдаланууда 18,5 миң километр. Бирок көйгөй жолдордун жалпы узундугунда эмес, анын абалында. 2016-жылга карата жалпы пайдалануудагы жолдордун эскирүүсү 80%, ал эми жол курулмаларынын 70% толугу менен оңдоп, өзгөртүүнү талап кылат. Себеп? Жол сапатынын начарлыгы жана автоунаанын техникалык талаптары менен жолдорду пайдалануу эрежелерин сактабагандык.

Бирок бул жерибиз туңгуюк: Кытайдан насыя алып, жолдорубузду калыбына келтиребиз, кытайларга үстөгүн төлөйбүз, анан кытай жумушчуларын жалдап, жолдорубузду оңдотобуз. Кытай жүк ташыгычтары баягыдай эле жолдорубузду талкалап, бузууда – өзүнчө эле айлангөчөк. Бир сөз менен айтканда, насыя акчабыздын баарын соруп алган түбү жок аң. Азыр биз кыска мөөнөттүн ичинде республика ичиндеги жолдордогу унаа каражаттарына техникалык талаптарды иштеп чыгып, киргизишибиз керек болуп ту­рат. Бул жерде кеп максималдуу көлөм, салмак, дөңгөлөк огунун салмагы жана унаанын башка сызык параметрлери тууралуу болуп жатат.

Экинчи маселе, жол иштерин олуттуу, өнөкөт түрдө бюджеттен каржыланбагандыгы. Унаа жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын 1000 км жол оңдолушу керек, ал эми бөлүнгөн каражат анын үч­төн бир гана бөлүгүнө жетет. Ошондуктан жыл сайын өлкөбүз толугу менен жараксыз болуп калган катуу кыртыштагы 200 км жолду кайтарылгыс жоготот. Акыркы 5 жылдын ичинде 1000 км жол жоготтук!

2016-жылы жолдорду оңдоп, аларга кам көрүү үчүн республикалык бюджетте 2 миллиард сомдой каражат каралган. Жол куруу жана аларды калыбына келтирүүгө – 100 миллион сомго жетип- жетпеген каражат, ал акча өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен бюджетти тактаганда, жылдын соңуна чейин 2 мил­лиард 353,5 миллион сомго жеткирилген. Бирок бул аз да. Жаңы жолдорду куруп, жаңы курулгандарына кам көрүү (кайталап кетейин, ал жолдор­дун сапаты төмөн жана аларды пайдалануу эрежеси сакталбайт) Маминвестициялар программасы боюнча донорлор берген насыянын эсебинен жасалат. 2016-жылы донорлор 11 миллиард 179,6 миллион сом бөлүп бергени менен, орто мөөнөттүү келечекте бул максаттарга жылына карызга алынган 20 миллиарддай сомду сарптоо каралууда. Ошентип, биз өз алдыбызча жаңы жол кура албайбыз, жада калса колдо бар жол инфраструктурасын түзүктөп тейлей албайбыз деген чечимге келдик.

-Мындай кырдаалда эмне кылуу керек, насыя албай, көлүк унаага отуруп, ат, эшек минип жүрсөк жол­дорду асфальттоонун кереги жок болуп калабы?

-Жок. Жолдордон тышкары дагы баарыбызга белгилүү бир көйгөй бар…  Ал мамлекеттик каржылоону башкаруу маселесине байланыштуу. Акча жок деп какшашат. Аны ала турган жер да калбай калды. Калп! Жол инфраструктурасын тейлөө үчүн каражат түзүүчү системаны жасоо керек. Маселен көзөмөлдөөнүн электрондук системасы аркылуу унаанын белгилүү бир түрүнөн жол алымын төлөтүүнү киргизсе болот. Мисалы Беларусь, Тажикистан, Латвия, Орусия, Казакстан, Өзбекистан жаңы курулуп же оңдолгон жолдорунда көлөмдүү жүк ташуучу жолдорунда унаадан акча төлөттүү системасын киргизип койду.

Айрым европалык өлкөлөрдүн мисалында автоунаа менен күйүүчү майга салык салуунун комбинациясы жолдорду каржылоонун туруктуу булагы болуп бермек.

Биз киреше менен чыгашабызды туура ченеп, насыяны жөн гана сарптоодон алыстап, ал карызыбызды кантип кайтарып берээрибизди ойлоно баштабасак, карызыбыз өсө берип, акыры биз үчүн ал зор көйгөйгө айланышы мүмкүн.

Маалымат үчүн: 1 км жол курууга чет өлкөлөрдө жана бизде кеткен чыгымдар:

-Кыргыз Республикасы: 0,7-ден 3,1 миллион долларга чейин (ал жол 5 жыл кызмат кылып берет);

-Орусия – 1,3 – 1,9 мил­лион доллар (ал жол орто эсеп менен 8 жылга чейин туруп берет);

-Беларусь – 1-3 миллион (орто эсеп менен 10 жылга чейин туруп берет);

-Кытай – 0,9 миллион доллар (орто эсеп менен 25 жыл туруп берет);

-АКШ – 2,4 – 4,2 миллион (орто эсеп менен 30 жыл туруп берет);

 -Германия – 2,7 – 4 мил­лион доллар (орто эсеп менен 30 жыл туруп берет);

 

-Биздин башкы финансистер мунун түшүнүп жаткан чыгар. Буга чейин ушундай системаны түзбөгөнүнүн себеби эмнеде?

-Себеби бул жерде катуу саясий эрк керек. Жогоруда аталган чаралар ишке ашырылса ишибиз жеңилдеп, жол насыясын толугу менен төлөп кутулмакпыз, бирок  ага карабастан ал чаралар  баары бир киргизилбейт. Ал контрабандист, баңги затчылар, бажи, жол кайгуулу үчүн ыңгайсыз, себеби булар алыска жүк ташыгандар, жол оңдоочу компаниялардан пара алып турат, ошондуктан булар бир добуштан каршы чыгат. Иш жүзүндө көрүп турабыз, булардын добушу чындап эле басымдуу. Жөнөкөй бир мисал келтирейин – кайсы бир өкмөт отурумунда ойдо жок цифралар айтылды: өлкөбүздө чоң жүк ташыгычтар жол киреси үчүн бир рейс ичинде салмак габари­т көзөмөлү пунктунда отурган ар түрдүү аткаминерлери менен  жол кайгуулчуларына 350-дөн 500 АКШ долларын төлөйт экен. Жүк ташуу унаасынын кыймылдоо масштабын эске алсак, көмүскө жол алымдары жыл сайын 50-60 миллион долларга жетет экен! Бул өлкөнүн баардык жолдорун тейлеп, оңдоп чыгарууга мамлекеттин бир жылдык чыгымынан кыйла ашып түшөт экен. Жолдор миллиондогон кирешелүү бизнес. Тилекке каршы, ал мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбайт, жана анын эсебинен жемкорлор байып келет.

– Жаңы салынып жаткан жолдорубуз европалык жолдордон кыйла айырмаланып турат, эмне үчүн?

– Жаңы салынган жолдун кызмат кылуу мөөнөтүн ага кеткен каражатка салыштыра , келсек, Кыргызстанда жолдор Европа менен АКШ жолдоруна салыштырмалуу кыйла кымбатка түшөт. Мисалы 30 жылдын ичинде биз бир эле 1 км жолун салууга 4-18 миллион доллар  сарптасак, ошол эле Германияда эң көп дегенде 4 миллион сарптайт.

Ооба, Кыргызстандын географиялык шарттары курулуш иштерин кымбаттатат. Бирок, жаңы салынган же оңдолгон жолдор мурда салынган магистралдардын үстүнө салынып жатканын белгилей кетүү керек. Мындан тышкары АКШ  же Европада жол салуу баасына жер үлүшүн сатып алуу, жол жээгиндеги инфраструктураны жакшыртуу да кирет, башкача айтканда чыгымдарды айрым техникалык түзөтүүлөргө салыштырса болот.

Ал эми жолдорубуздун сапатын чет өлкөлүккө салыштырып болбойт. Жолдорубуз мөөнөтүнөн эрте бузула башташынын себеби долбоорлоо сапаты жана колдонулган материалдарда. Жемкорлук аткаминерлерге көптөгөн мүчүлүштүктөрдү көрсөтпөй, жаап калууда. Жол салган ком­пания өз чыгымын болушунча азайтып, аткаминерлерге пара берүү менен болушунча пайда көрүү аракетинде. Анын үстүнө курулуш лоббиси жолдорду оңдоп, түзөттүү боюнча жасалма табыштамаларды жаратуу үстүндө.

Жолдорубуз начарлагандан начарлап, аларга кеткен чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Эл аралык унаа коридорлорун, маанилүү ички унаа артерияларын куруу үчүн өлкө насыя артынан насыя алууда. Насыялардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Бирок эч ким курулуш, оңдоо жана жолдорду тейлөөгө алынган карыздардын өзүн өзү актоо маселесин иштеп чыккан жок. Алынган насыяны мамлекеттик бюджет аркылуу кайтарып берүү милдети ар бир салык төлөөчүнүн мойнуна, башкача айтканда ар бирибиздин мойнубузга, анысы аз келгенсип биздин болочок муунубуздун мойнуна жүктөлүүдө.

Маалымат үчүн:

Учурда 1 км жолду салуу жана оңдоо наркы?

-Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолун калыбына келтирүү – 625,5 миң USD (донорлор ИӨБ, Араб координациялык тобу (АКТ), 199 км – 124,47 млн USD);

-Ош – Баткен – Исфана унаа жолун калыбына келтирүү 786,8 миң USD (донор­лор ДБ, ЕС,, ИӨБ, Эксимбанк КНР, 402 км – 316,31 млн USD);

-Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолун калыбына келтирүү 860,8 миң USD (донорлор АБР, АКГ, 497 км – 427,8 млн USD);

-Бишкек – Ош унаа жолун калыбына келтирүү 4-фаза – 1,3 млн USD (донорлору АБР, ЕБРР, 117 км -149,6 млн USD);

-Түндүк – Түштүк унаа жолун салуу жана калы­бына келтирүү 1-фаза – 2,6 млн USD (донор Эксимбанк КНР, 154 км – 400 млн USD); 2-фаза – 3,1 млн USD (донор Эксимбанк КНР, 96 км – 299 млн USD); 3-фаза – 0,9 млн USD (донор АБР, 183 км -166 млн USD). 1 жана 2-фазалар боюнча кымбатташы мүмкүн, долбоорлук чечимдер аягына чейин иштелып чыгып, макулдашыла элек.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *