Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи…

18-март Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына суроо-сопкутсуз бастырып киришкени менен башталды. Таңкы саат жетилер чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы району менен Ала-Бука районун туташтырган жолдун, Ала-Бука айылынан бери көздөй эсептегенде 25-чакырымында коңшу мамлекеттин аскерлери согуштук техникаларын жайгаштырып, пост орнотуп алышты. 

Эки жакка өткөн унааларды автоматчан аскерлер токтотуп, жүргүнчүлөрдөн документ сурап баштаганы кабарсыз бараткан кыргыз жарандарынын таң калуусун жаратты. Андан бир аз убакыт өтпөй жалпы кыргыз коомчулугуна бул кабар учкан куштай тарады.

Өзбек аскерлеринде “барымтада” калган жер тууралуу

Аксы менен Ала-Бука жолун туташтырган унаа жолунда бир катар өзбек айылдары жайгашкан. Бир тарабы тоо, бир тарабын талаа каптаган аймактын талаа жагы коңшу мамлекеттин энчисине таандык болсо, тоо тарабы Кыргызстандын жери. Анын ортосундагы унаа жол 2003-жылы курулган. Ага дейре аталган эки райондун тургундары бири бири менен Аксы районунун Тегене айылы аркылуу өткөн жол менен каттап турушкан. Ал жол да жеткиликтүү деңгээлде оңдолгону менен аралыкты узарткан алыс жолго киргендиктен, кийинчерээк Аскар Акаев бийликте турган учурда, азыркы жол салынган. Эми ошол жолдун жарым бөлүгүнө Өзбекстан аскерлерин киргизип, бир заматта талаш аймакка айланта салышты.

Талаш аймакка качантан бери айланды?

Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чегара маселеси бир жаңсыл болбой, канча жылдан бери ыр-чырдуу жер аймактары убак-убагы менен өзүнүн бардыгын эскертип турат. Бирок, коңшу мамлекеттер менен болгон чегара тилкелериндеги талаш аймакка Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу, учурда өзбек аскерлеринин барымтасында турган жер эзели кирген эмес. Буга  ошол аймакка Кыргызстанга таандык унаа жолунун салынышы эле далил болуп турбайбы.

Окуя болгон жерде…

18-март күнү эртең менен  Ала-Бука районунан Аксы районуна карата жолго чыктык. Аксы районунун Чарбак айылына жакындашкан жерде үймөлөктөшкөн адамдар менен жол четинде топтолгон унаалардын карааны көрүндү. Алгач Кыргызстандын милиция кызматкерлери менен беш-алты аскерлери көзгө чалдыкты. Андан ары да боз кийимчен аскерлер тобу көрүнүп турган. Түшүнүксүз жагдайдан улам кыргыз аскерлерине суроолуу караган бизге “өтө бергиле” деген жооп болду. Андан ары кызык башталды. Жол жээгинде эки БТР токтоп, ортосу жарымына чейин тосулган. Беттерине маска тагынган, боз кийимчен аскерлер унааны токтотуп, ичин бир сыйра көздөн өткөрүп чыгышты. Анан документ сурашты. Кайда, эмне себептен баратканыбызды да тыңдашты. Алар сүйлөгөндө гана булар өзбек аскерлери экендиги маалым болду. Биздин суроолорубузга кыска гана бул жер Өзбекстанга караштуу жер экенин,  мындан өткөн ар бир адам өздүгүн аныктаган документ көрсөтүүгө тийиш экендигин айтышты. Андан ары жол улап, кыргыз унаа жолунун 2 чакырымдай аралыгы өзбек аскерлеринин таман астында калганын билдик.

Жол азабы…

Ала-Бука району менен Аксы районун бириктирип турган бул унаа жолу 2003-жылы, Акаев бийликте турган кезинде курулганын өйдөдө айттык. Ага чейин эки райондун жашоочулары Аксы районунун Тегене айылы аркылуу өткөн жол менен каттап турушкан. Бул жол аралыгы алыс болгондуктан, кийинчерээр азыркы жол курулуп, райондор аралык каттам бир канча ыңгайлуу боло түшкөн. Бир тарабын тоо, бир тарабын талаа каптанан аймактын тоо тарабы Кыргызстанга тийиштүү болсо, талаа жагы Өзбекстандын энчисинде. Ортодо чегара тилкесин билдирген эч кандай тосмо жок. Бир аттам менен башка өлкөнүн аймагына кире калчудай болгон аймактын ар кайсы жеринде чегара тилкеси экенин билдирген жазуу гана орнотулган.

Өзбекстан аскерлери унаа жолунун жарымын ээлеп алгандан кийин ар кайсы маалымат булактарында бул эзелтен бери эки өлкө ортосундагы талаш аймак болуп келатканын билдирген маалыматтар жарык көрө баштады. Кыргызстанда коңшу мамлекеттер – Тажикстан, Өзбекстан менен ушул кезге чейин тактала элек, талаш аймактар көп. Алардын ыр-чыры убак-убагы менен өзүнүн бар экенин унуттурбай, сыртка калкып чыгып турат. Бирок, Аксы районуна караштуу аталган жер бул кезге чейин талаш аймак экенин тастыктаган бир да окуясы менен элдин эсинде калган эмес.

Өзбекстан аскерин азайттыбы?

21-мартта Өзбекстан бийлик басым жасагандай “талаш аймактагы”  өз аскерлеринин санын азайтканын кубанычтуу кабар катары беришти. Кыргызстандын аймагында турган башка өлкөнүн аскерлеринин басып кирмей жоругун эсепке албай, кайтып кетмейине урааладык. Эки өлкөнүн Мамлекеттик чегара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында,  кыргыз жеринде турган өзбек аскерлеринин саны сегизге чейин кыскарды. Бирок, Аксы жергесине, чек арага чейин барган оппозициялык саясатчылар К.Ташиев, А.Бекназаровдун айтуусунда, мунун баары “өрдөк” болуп чыкты. Кеминде 30дай аскер турат.

Кыргыз бийлиги уктаган үч күн

Коомчулукта коңшу мамлекеттин кылыгы миң түркүн талкуу жаратып, айрым азаматтар эл-жерин коргоого даяр болуп атышкан чакта да жогору жактан үн чыкпады. Бийлик алдыдагы Нооруз майрамы менен ушунчалык алек болгон экен, майрамдан суурулуп чыгып, чегара маселесине үңүлгөнгө убактысын аяды. Болгону, мамлекеттик жооптуу кызматта иштеген айрым даражалуулар элди сабырдуулукка чакырып коюшканы менен коңшу мамлекеттин аракетине каршы бек үн каткан бирөөсү да көзгө чалдыкпады.

22-мартта гана уйкудан ойгонгонсуп, Нооруз майрамын өткөрүп алып колу бошой түшкөн өкмөт башчысы Жалал-Абад облусуна иш сапарына аттанды. Алгач Аксы районунун эли менен жолугушкан Темир Сариев бир тараптуу пикирин билдире албай, кайсы жактан агым күчтүү келсе ошол жакка акчудай болуп, элди сабырдуулукка үндөгөндөн башка жарытылуу кебин айта албады. Бир чарчы жер бир мамлекеттин абройуна тең келген маселеге олуттуу карай албаган өкмөт башчыга жергиликтүү эл нааразы болгон бойдон кала беришти. Андан кийин Ала-Бука районуна келген өкмөт башчы ошол эле кебин кайталап, бул кырдаалдан кантип чыгуунун жолун, же бийликтин алдыдагы аракеттери тууралуу  так маалымат бербестен, Темир Сариев элге “бир муштумдай болуп, биримдикте туруу зарылдыгын” белгиледи.  “Бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек” деген Сариев Аксы эли менен жолушууга келген оппозициячыл саясатчыларга калемпир таштагысы келдиби: “Айрым саясатчылардын кызыкчылыгына карай маселени чечүү мүмкүн эмес”, – деп салды. Буга дейре бийлик тарап, бийликке жете албай калган саясатчылар чегара маселесин жеке кызыкчылыгына пайдаланып жибериши мүмкүн деген кооптоонуусун астыртан жарыялаган болчу.

Премьер-министр кеткенден кийин топтолгон эл бийликтин чегара маселени чечүүдө дарамети жетишсиз экенине көзү жеткендей болду. Аксакал киши “бийликтин колунан эч нерсе келбейт экен”, – деп шуу үшкүрүнсө, орто жашап калган аял: “Мен чегарага жакын аймакта жашайм, бир аскерди да бери өткөрбөй кайтарып келатам. Юбка кийген мен качпай кайтарып атсам, шым кийген өкмөттүн кейпи бул”, – деди оппозициячыл саясатчылардын сынына чыдай албай, элди топ жарып качып берген Темир Сариевди карап.

Баса, Сариев жөн кетпей, ортодогу микрофонду да жула качыптыр. Ал кеткен соң, сүйлөгөнү чыгышкан активисттер бул жагдайды таразалап, күлүп гана тим болушту.

Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстан

Бул арада аскерлердин саны кыскарганы менен кыргыз жериндеги өзбек аскерлеринин дымагы ошол бойдон калууда. Ошол жол менен каттоого аргасыз болгон жергиликтүү элдин айтымында, эми өзбек аскерлери жүргүнчүлөрдөн сыртка көтөрүлчү паспорт сурап башташты.

Чегара маселесинен улам кылмыш иши дагы бирөөгө көбөйдү

Коңшу өлкө менен жаралган чегара маселеси айрым кыргызстандыктардын канын дүргүтүп, чектен тыш жорукка барууну да шарттап жиберди. Интернет айдыңында элге кайрылуу жасап, мекени кыйын күнгө кептелгендей түр көрсөтүп, кыргызстандыктарга Аксыга кармашууга барууга чакырык таштаган тасма тарады. Андагы белгисиз кайрылуучунун сары изине түшкөн укук коргоо кызматкерлери бир заматта өздүгүн аныктап, ал Ноокат районунун 1986-жылы туулган, эч жерде иштебеген жараны экенин аныктап чыгышты. Аны тасмага тарткан жигит да ошол эле райондун тургуну экен. Буларга КР Кылмыш жаза Кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду.

Оппозиция Аксыда

Коомчулукта саясатчы Камчыбек Ташиевдин 2010-жылдын июнь айындагы капсалаңдуу окуяда эки улутту элдештирүүдө жасаган эрдигин эске түшүрүп, учурдагы кырдаалда да ушул саясатчы ишке жарары айтыла баштады. Ага улай эле, 22-март күнү Камчыбек Ташиев бир катар оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен биргеликте Аксы жергесине барып эл менен жолугушту.

“Бизге азыр сабырдуулук керек. Бийликтин аракеттерин байкап туралы. Жогору жак кандай аракеттерге барып, кандай жыйынтык чыгарат көрөлү. Бизге бийлик эмес, мамлекеттин бүтүндүгү керек”, – деди Камчыбек Ташиев.

Саясатчы СССР архивин аңтарып, мурдагы чегара аймактары чиймеленген картаны таап чыгып, учурдагы абалга калыс баа берүү керектигин белгиледи.

“Баары бир, эмне болбосун, мен Мекеним үчүн аягына чейин турам, аны билесиңер”,- деген Ташиевдин сөзүн эл “ураалап” кубуттады. Анткени, Камчыбек Ташиев 2010-жылкы Оштогу капсалаңдуу окуяда да ушинтип, жанын аябастан, тынчтык үчүн күрөшкөнүн баары билишет.

Өзбекстандык ММК: “Кыргыз бийлиги былжырабасын…”

Өзбекстандык “Бухара” сайты Аксы аймагындагы жер Өзбекстанга таандык экенин жар салды. “Бул кыргыз-ѳзбек ѳкмѳтүнүн келишими менен такталган аймак. Жакында эле бул аймак боюнча тактоо киргизилип, бул аймак биздин территорияга кирген. Буга Кыргызстан бийлиги да макул болуп, бир чечимге келгенбиз. А келишим боюнча биз тарап Кыргызстанга үзгүлтүксүз газ берүүнү убадалаган. Эгерде муну тѳгүндѳсѳ, анда биз келишимдерди эл аралык деңгээлде тактап чыкканга жана кыргыз тарапты уяткарууга мажбур болобуз”,- – деп өзбек чек ара кызмат жетекчилигинин билдирүүсүн жазган сайт кыргыз коомчулугундагы айрым шектенүүлөргө чекит койгондой болду. Буга чейин кыргыз коомчулугунда бийликтин тымпыйып отурганын, туура эмес иш жасап койгон балага салыштырып, артында катылган бир сыр бардыгынан шектене башташкан болчу. Укук коргоочу Турсунбек Акун да аталган аймак коңшу мамлекеттин энчисине кыргыз бийлигинин “берешендиги” менен өткөрүлүп берилиши мүмкүн деген божомолун айтып келген.

Булак: “Майдан. kg” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *