Дайырбек Орунбеков, журналист: “Болот Шер кечээ Атамбаевди психикалык оорулуу деп жарыялады, эгер Генпрокуратура же Атамбаев Шерди сотко берип 2 млн сом айыпка жыгалбаса анда оору экени чын болот да”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер  “Атамбаев оорулуу, ага психиатрдын жардамы керек. Анын сөзүнө капа болуунун деле кереги жок” деп расмий билдирүү кылды. Эгер, бул маалымат чын болсо, бизди психикалык жактан соо эмес адам башкарып келдиби? Эгерде, бул маалымат туура эмес, Атамбаев психикалык жактан оорулуу эмес болсо бул чоң айыптоо жана кемсинтүү. Мындай басынтууну Башкы прокуратура же президент өзү көз жаздымга калтырбай, “кадыр баркына шек келтирүү” беренеси менен сотко берип, Болот Шерден 2 млн сом моралдык чыгым талап кылыш керек. Эгер, Генпрокуратура же Атамбаев Болот Шерди сотко бербесе анда Атамбаев чын эле оорулуу болушу мүмкүн деген элде шектенүү пайда болот. Психикалык адамдын кызматта эмес, коомдо эл менен аралашып жүрүшү да абдан кооптуу. Ошол эле кезде психикалык жактан жабыркаганын жашырып, аны эл башына алып келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да элден кечирим сурашсын.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: facebook

3 comments

  • Абдыкерим says:

    Жаны ачылган жагдай боюнча Дайыр сен да сотко бер. Психикалык оорулуу адам болсо анын кадыр баркы президенттин кадыр баркы деп эки миллионго бааланбаса керек, анан калса анын соттогу окулу же адвокатынын ишеним каты да жарактуу эмес, ишеним катты Атамбаевден эмес, аялы же туугандарынан кол койдуруп алуусу керек, процесс башталса сот да козкарандысыз “психолого-психиатрический” кароодон отуусун дайындоого мажбур болот.

  • Кушчу says:

    ушу дайырга окшогон шакалдардан куйуп буттук. озунун котундогу шакмарын тазалай албай жатып бироого шакмар илгиси келип жатат. ортодоргу абалды курчутуп анан ага илештирип озунун проблемасын чечкиси келип жатат. Эй Дайыр шакал ук сен озунду Болот Шерге тенегени журосунбу сен жалжырап алып эми жооп бере албай ортого кыпчылбада.

  • 777 says:

    акмак журналист экенсин. Сага окшогондордун кесепети элге тийет

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *