Чеченстанда башкы редактор менен парламент төрагасынын ортосундагы жаңжал уланууда

«Кавказ түйүнү» интернет-басылмасынын башкы редактору Григорий Шведов Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудовго арызданып, Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Бул тууралуу РБК билдирүүдө.

4-январда Даудов Инстаграм баракчасына Шведовду опузалаган билдирүү жазып, «Кавказ түйүнүн» кантип чечүү керек?» деген сөздөр түшүрүлгөн сүрөттү жарыялаган. Журналист спикердин ал билдирүүсүн өзүнүн мыйзамдуу профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу катары кабыл алган — «Кавказ түйүнү» аймактагы, анын ичинде Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу жазып келет.

Лорд деген каймана атка ээ Магомед Даудов – чечен лидери Рамзан Кадыровдун жакын адамдарынын бири. Айрым орусиялык ММКлар аны таасирдүүлүгү жагынан республикадагы экинчи адам деп билдирип келишет.

“Кавказ.Реалии” басылмасынын маалыматы боюнча, октябрда Даудов өз каалоосу менен отставкага кетүүдөн баш тарткан Чеченстандын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Тахир Мурдаловду сабаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *