Бакыт Төрөбаев: “Кыргызстан помидор менен күрүчтү Россиядан ташып келе баштады, электрэнергияны Казакстандан, интернет кымбаттап жатат, силердин реформаңар ушулбу?”

“Сооронбай Жээнбеков премер-министр болуп келгенде өкмөттүн структурасын өзгөрткөн. Ал учурда мен бул кадамды туура деп эсептегем. Андан бери бир жыл өттү, бирок, Айыл чарба министрлигинин структурасы өзгөрбөй ошол бойдон калууда. Айыл чарба министрлиги мурда кандай иштесе азыр да ошондой эле иштеп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

“Биз помидорду Россиядан ташып келе баштадык, күрүч да Краснодардан ташылат. Өкмөт кышында электрэнергиясын Казакстандан сатып алабыз деп жатат, жолдор боюнча да көп талаштар жүрүп жатат. Информациялык технологиялар боюнча Мамлекеттик комитет ачып алышты, бирок интернеттин баасы көтөрүлүп жатат. Силердин жасаган реформаларыңар ушулбу? Силер качан ойгоносуңар? Экономика сазга батып жатпайбы. Тезинен антикризистик план иштеп чыгып, ишке ашырыш керек “, – деди Бакыт Төрөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

8 comments

  • УПР says:

    Учурдагы окмоттун эч кандай антикризистик программасы жок. Эл кыйналгандан кыйналып эле жатат. Айыл-чарбасында, мырза Торобаев айткандай, эч кандай жылыштар байкалган жок.

  • Асан says:

    Кризис кулач жайып эле келе жатат. Окмоттун конкреттуу чаралары жок.Мынтип улана берсе, бул окмотто копко турбайт го.

  • Интернет says:

    жолду баштап, анысында аягына чыгалбай, бир километр куруп алып обед жасап анан ал жагынан эми интернет калды. Окмот башталган иш-аракетинердин результаты жок!

  • Адлет says:

    Правительству всё равно на простой народ, всё равно на будущее страны

  • Алексей says:

    Внешний долг Кыргызстана в ближайшее время достигнет отметки в 6 миллиардов долларов. С такими долгами правительство приведет страну к дефолту, в этой связи правительству необходимо было разработать антикризисные программы. Но,к сожалению мы не видим решительных действий со стороны правительства.

  • Сыймык says:

    Ошту жыргатпаган Сооронбай ака Кыргызстанды кантип жыргатат. Өз алдынча чечим чыгара албаган, өз позициясы жок, кайсы бирөөлөрдүн гана проектиси болуп жаткандыгы мурдунун суусун шуу тарткан бөбөктөргө деле белгилүү болуп калды. Арга жок, уктаган бул өкмөттү айкырып, жер тепкилесең дагы ойгончу түрү жок. Андыктан айланайындар буларды ойготуунун ордуна далыга таптап андан ары уктатып, Төрөбаев өңдүү элин ойлоп уйкусу качкандардын окмөтун түзүүгө мезгил жетти бейм…!!!

  • Чолпон says:

    ммм… да Торобаев правильно говорит. Теперь эти настоящее правительство с командой Жээнбековым не когда не проснутся. Так что Бакыт мырза берите руль своих руках. Мы верим только Вам!!!

  • Кыргыз says:

    Структураны озгортуп, комитет ачып, дагы канча башка иштер кылынса да, эгер результат жок болсо, андай жургузулгон иштердин кереги эмне? Качан результат болуп, бир ийгиликтер корунгондо кана ошол иштердин тууралыгы тастыкталат, бирок бугунку кундо эч бир ийгиликтерди биз коро албай эле отурабыз…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *