Бакай-Ата районунун сексен жылдыгына карата

Бакайта

Бакай-Ата району Талас ѳрѳѳнүнүн чок ортосунан орун алган. Райондун аймагында табигый кооздугу менен суктанткан жана көгүлтүр түгөнгүс  мөңгү суулары шаркырап агып, Элди баккан Үрмарал, Күмүштак  ѳзѳндѳрү  бааланбас  байлык деп эсептелет.  Ѳзѳндѳрдѳн агып түшкѳн суулар негизинен айыл чарбасына пайдаланылат. Аймакта жашаган калк   айыл чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы менен тиричилик ѳткѳрѳт. Мен акын-жазуучу болбосом да, райондун тарыхына  кыскача токтоло кетейин. Октябрь революциясына чейин эл кѳчмѳн жашаган. Айылдар ѳзѳндѳрдү бойлото жайгашып, жайында жайлоого кѳчүшүп, күз келгенде кайра жакага түшүшкѳн. Он тогузунчу  кылымдын экинчи жарымында Кыргыз  Орусия империясынын карамагына ѳткѳндѳн кийин, Талас ѳрѳѳнүнѳ да немис, орус улутундагы элдер кѳчүп келе башташкан. Бакай-Ата районунун аймагында  ХХ кылымдын башында Андреевка деген алгачкы немис кыштагы пайда болгон.  Бул кыштак  кийин Копенталь андан соң Николайполь  деп аталган. Октябрь революциясы жеӊишке жетип, Совет Өкмөтү орногондо   Ленинполь  айылы болуп ѳзгѳртүлгѳн. 1936-жылы Ленинполь району түзүлгѳн. Райондун карамагында 26 колхоз, 6 айылкеӊеши болгон. Улуу Ата мекендик согуш башталып  аймактын эли  кары-жашка карабай  мекенди немистик баскынчылардан коргоо үчүн согушка жапырт аттанышкан. Канча деген ата-бабаларыбыз  баатырларча курман болуп, кан майдандан кайтпай калды. Урматтоо менен  таазим кылабыз. Согуштан аман калган жоокерлер орден, медалдар менен кайтып келишкен. Алардын ичинен Константин Руденко Советтер Союзунун баатыры деген наамга ээ болгон. Согуштан кийин аймактын айыл чарбасы дүркүрѳп ѳскѳн. Эмгектин алдыӊкы Стахановчулары чыккан. Аймактан колхоздун башкармалыгынан тартып, райондук   жана мамлекеттин ар кайсы деңгээлиндеги жетекчилик кызматтарды аркалап, эмгеги сиңген мамлекеттик-коомдук ишмер  Акназаров Корчубек, Камалов Асан Социалистик Эмгектин баатыры деген наамдарга татыктуу болушкан. Ар жүз тубар койдон 170 тен 190 го чейин тѳл алып  Базылбек Айтбаев, уй саандан ,рекорддук кѳрсѳткүчтѳрдү жараткан Штум Ельза Социалистик Эмгектин баатырлары болушкан. Дамира  Кѳѳдѳкова  5000 литрден сүт саап СССРдин мамлекттик сыйлыгына татыктуу болгон. Талас өрөөнүндө алдыңкы курулган мектептердин бири ушул Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеби болуп эсептелет. Бул мектептен Талас өрөөнүнүн батыш-чыгыш тарабынан келип билим алышып, Кыргыз Элине эмгеги менен таанымал инсандар аз эмес. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев ушул райондун кулуну. Ал кишинин иниси Эсенбек Дүйшеев учурунда Талас обкомун жетектеген. Союз маалында райондун жетекчилеринин бири болуп кызматы элге сиңген Сагын Буларкиев да Чалдыбар мектебинен билим алган. Учурунда “Кыргызпотребкооперациясында” жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, эмгеги сиңген Анарбек Шамырзаев аксакалыбыздын шакирттери азыркы учурда өлкөнүн туш тарабында эмгектенүүдө. Бүткүл өмүрүн райондун токой чарбасын өнүктүрүүгө арнаган Садыр Узенов атабыздын ысымы райондун токой чарбасына ыйгарылып, аты түбөлүкө калды. Анарбаев Турдумамбет Чалдыбар мектебин алтын медаль менен бүтүрүп, Москва шаарынан билим алып, “Орто-Азия көмүр тресттин” жетектеп, азыр ардактуу эс алууда. Салижан Жигитовго окшоп космос мейкиндигин багындырбаса да, Эл аралык аба каттамдарынын учкуч “ассы” Кубанычбек Козубековдун шакирттери азыркы учурда Кыргыз аэропортуна үзүрлүү эмгек кылууда. Тынысов Аалкан райондун  кайсыл мекемеси болбосун, жетекчилик милдеттерин абийирдүү аткарып, насааттары азыркы убака чейин элдин оозунда. Союз учурунда баарынын эсинде тамеки эгип, жыл бою мээнет кылчу элек. Райондо ошол тамеки тармагын жетектеп Кулматов Макулбек аксакалыбыз үзүрлүү эмгеги менен элдин эсинде. Касымбеков Кеңешбек агабыз учурунда “райсоветтин” төрагасы болгон эле, азыр да өзүнүн кесиби, саламаттык сактоо тармагында талыкпай эмгектенүүдө. Курманбеков Каныбек агабыз учурунда райондун акими кызматын аркалап, эмгеги сиңген инсан. Коомдук-саясый ишмер, өзүнүн өжөрлүгү, принциби , өзгөчө пикири менен журтка таанымал Токтайым Уметалиева да ушул районубуздун кызы. Экс-президент Роза Отунбаева Бакай-Ата районунан канат кагып, учуп чыккан, ал кишинин атасы  мамлекеттик жана коомдук ишмер Ысак Отунбаев көп жылдар бою өлкөнүн сот системасына өзүнүн салымын кошкон аксакалыбыз эле. Азыркы учурда Президенттин Кеңешчиси Бузурман Табалдиев да биздин райондун кулуну, жана Чалдыбар мектебинен таалим алган. Белгилей кетчү нерсе жана өкүнүчтүүсү  жогоруда аты  аталган, Биз сыймыктанган  мыкты уул-кыздар таалим алган Чалдыбар мектеби карылыгы жетип (“сексен жашка” чыгып олтурган кези), азыркы учурда да келечек-муундарыбыздын окуп жатышы. Элдин ден соолугунун сакчылыгында турушкан, райондук оорукананын башчысы Сулайманов Токтосун СССРдин эмгек сиӊирген дарыгери наамына ээ болсо, Шаршенов Асанбек, Осмонов Аспек, Жуманов Бекташ эмгектеги ийгиликтери үчүн ардак грамоталар менен белгиленген. Кыргызстандын кайсыл региону болбосун “эл ичи-өнөр кенчи” дегендей, улутубуз талантууларга бай. Анын сыңарындай биздин райондон да таланттуу инсандар жок эмес. Социализмдин тушунда райондун аймагынан  Кыргыз республикасынын эмгек сиӊирген артисти Алтынбек Сапаралиев, обончулар Сагынбек Момбеков, Чубак Сатаев, Тургунаалы Нурматов дегендерди белгилеп ѳтсѳк  болот. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эсен Молдокулова, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Гүлсайра Момунова эжекелерибиз да ушул райондун кыздары. Биздин райондон Кыргыздын туусун желбиретип Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпионаттарда улуттун намысына бек турган чемпиондор да чыккан жана чыгып жүрүшөт. Атап айтсак алар  Ибраев Анаркул, Курманкулов Нияз, Канат Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубаев, Кожобеков Нурбек, Дастан Лепшаков жана башка спортчулар аз эмес. Элге кызмат кылган, “башы көрүнгөн” ушундай инсандардын мекени, Бакай-Ата району бүгүн сексен жашка толуп турган кези. Мааракең кут болсун кичи мекенибиз, Элиңе тынччылык, бакубат-бейпил жашоо каалап, өнүгүүнүн жолуна түшөөрүңө тилек кошобуз.   Кыргыз Республикасы ѳзүнчѳ эгемендүүлүктү алгандан кийин, Ленинполь району  Бакай-Ата району болуп ѳзгѳртүлүп,  Ленинполь айылына ак калпак Бакай атабыздын наамы ыйгарылган.  Эгемендүүлүк  жылдарында райондогу колхоз-совхоздордун ордуна майда фермердик дыйкан чарбалар пайда болду. Район эмгектеги жетишкендиктери үчүн облус боюнча, райондор аралык кызыл тууну жеӊип алып, алга карай ѳзүнүн ургаалдуу жеӊишин улантууда.

Умар  Анарбаев                Талас облусу   Бакай-Ата району

2 ноябрь 2016 жыл

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *