Бабанов өз позициясын билдириши керек

Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү күн өткөн сайын күчөп барат. Негедир башка саясатчыларга караганда учурда Өмүрбек Бабановдун позициясы бир топ маанилүү да салмактуу да болуп турат. Бабанов кайсыл тарабына өтсө ошол тарап күчтүү болот деген ой коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Бирок муну билген Бабанов да азырынча үн ката элек. Биздин баамыбызда азырынча Атамбаев тарапта, анткени ал «куру кыйкыра бербей терең ойлонуп, Конституцияны өзгөртүшүбүз керек” – деп билдирип жатат. Анын үстүнө мындан мурда Текебаев экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик да бул экөөнүн биригишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бабанов анча-мынча саясат­чыларга караганда «сойку» эмес экенин билебиз. Эгер принципке туруп ала турган болсо, Текебаев менен болгон эзелки кегин кечирбейт. Эмнеси болсо да мындай жагдайда Бабанов өз позициясын эртерээк билдириши керек. Болбосо эл дүрбөп баштады.

Булак: “Ачык саясат”

2 comments

  • Элмырза says:

    Бугунку кундо элге, карапайым турмушта жашап жаткан чыныгы элге, саясатчылар айтып жаткан эмес, бешене тери менен бай да кедей да болуп жашап аткан элге Атамбаевдин да, Текебаевдин да, Бабановдун жана баардык саясатчылардын да бир тыйынчалык кереги жок! Эл оз оокатын озу кылууда. Чынында элдин атынан суйлоп, калп айтышып отурат. Эл ушулардын баары кетсе экен деп отурат!

  • Абдыкерим says:

    Бабановдун сойкулугун баамдай албаган сон бирдемени чиймелеп эмне кыласын. Айдар досунду саткансын, Максим досунду саткансын деп отуруп эле маныроолугунан Ташиев озу да “кидать” этилди. Мадумаров эси бар экен, “сен адам менен суйлошоордо доллардын курсун карайсын” деп мамиле кылбай койгон. Баасына чыкса бул элди пулдап жиберет, Айдарга жамынып Кайсар экоо бир областтын пахтасын сугунуп байыган, колхоз совхоздор бир жылдык тушумуно сокур тыйын алган эмес, эл эмгек акысыз калган, анан колхоздор тарап эле иш жабылгансып калды да, каршы суйлогондорду Кайсар Жалал Абаддын эле пахта заводунун конторасына камап кордук корсоткон фактылар бар, бирок эл унутпайт экен, моюнун сындырат онтою келгенде Жалал Абаддыктар. Бабановдон эч качан лидер чыкпайт, бул жаштайынан ар кимге артын такап кун коргонду адат кылып алган.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *