Асейин Саралаев: “Шайтан келип сийип кетсин оозуна, Бакиевди кимдер айтса жаман деп!”

Бериянын бет каптарын кийишип,
Кимдер жүрөт “кара тизме” чийишип?
Сары катын бүт кыргызды тескейт го,
Тилден толгоп жез кемпирдей тийишип…

Баштарына “маңкурт” топу кийишип,
Кимдер жүрөт өз журтуна тийишип?
Кадыржандан коркуп чычып жүргөндөр,
Камчы ойнотот өз элине сийишип!

Көздөрүнө “сокур айнек” тагынып,
Кимдер жүрөт “атасына” жагынып?
Ким Чен Ындын өлкөсүндө эмеспиз,
Падышаны кудай кылган табынып!

Жүрөктөргө коркунучтуу салам деп,
Кимдер жүрөт дагы аман калам деп?
Бул жолкусун түлкү сындуу качырбайт,
Акаевдей эркелетпейт балам деп!

Жазып койсоң эртең сага барам деп,
Коркутушат темир торго жабам деп.
Шайтан келип сийип кетсин оозуна,
Бакиевди кимдер айтса жаман деп!

Тил кеспе деп тил кадырын сактаган,
Адам барбы ата-салтын барктаган?
Кыргыз деген тил кескенге чыдабайт,
Кууп чыгарат эрме чөлгө кактаган!

Мейли тилсин, тилдерди тилип күлсүн,
Мейли сийсин, өздөрүнө сийип күлсүн!
Бирок билсин арстан жүрөк баатыр элдин,
Бир толкуса баш кетерин билип жүрсүн!!!

Асейин Саралаев

2 comments

  • Райымбек Усупжанов says:

    Ийинине “ала”чапан илишип,
    Кимдер жазат кыргыздарга тийишип?
    Кадыржандан коркуп чычып жүргөндөр,
    Бакиевдин оозуна сийишип!
    Жазып койсоң Бакиевди “арам” деп,
    Коркутчу экен Жаныш сага барам -деп.
    Көздөрүнө “кара айнек” тагынып,
    Кимдер жүрөт “канкорлорго” жагынып?
    Лукашенконун өлкөсүндө эмеспиз,
    “Батья”ларды кудай кылган табынып
    Шайтан келип сийип кетсин оозуна,
    Бакиевди кимдер жазса канкор эмес ,адам – деп!

  • Абдыкерим says:

    Баарын берип кутулдук, биз тагдырга утулдук.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *