Аркадий Дубнов: “Борбор Азияга коркунуч жок”

-Эгер АКШ Ооганстандан кетчү болсо Орто Азияны эмне күтөт?

-Менин көз карашымда, Орто Азия үчүн катастрофа болбойт. Себеби, биздин аскердик жана саясый начальниктер коркуткандай, боевиктер Орто Азияга кире алышкан жок.

-Эмне үчүн?

-Себеби, башынан эле бул кесипкөй трактовка эмес эле, ал борборазиялык начальниктерди биздин, Россиянын жардамысыз өзүңөрдү өзүңөр коргой албайсыңар деп коркутууга багытталган болчу. Азыр белгилүү бир өлчөмдө Ооганстан тараптан кысымга учураган жалгыз гана өлкө бар. ИГИЛ, талибдер тарабынан эмес, жөн гана Ооганстан тарабынан, ооганстандык түркмөндөр тарабынан кысымга учураган. Дарыянын аркы өйүзүндө жашаган миллионго жакын ооган түркмөндөрү, шарттуу айтканда, ооган жарандары бар. Мына ошолор узак мезгилден бери Түркменстандагы газ чыккан жерлерге көз артып, Түркмөнстандан кетчү газ түтүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып келатышат.

-Алар Түркмөнстанда жашагылары келишеби?

-Алар Түркмөнстан өзүнүн газ запастарында сактаган байлыктан үлүш алгылары келишет. Шарттуу айтканда. Бул түшүнүктүү, анткени, Түркмөнстандын жетекчилиги Ооганстандын джихадисттик жетекчилиги менен ар дайым билгичтик менен тил табышып келген. Советтик аскерлер чыгып кеткен алгачкы жылдардан бери эле. Мен өзүм кандайдыр бир деңгээлде буга күбө болгом.

Өзбекстан Ооганстан тарабынан кол салууга дуушар болгон жок. Чек ара участогу ал жерде аз эле, 80 чакырымга жакын. Бирок, ал жакшы чыңдалган. Ал жер дарыя. Өзбекстандын Термези менен Ооганстандын Хайратонун бириктирген бир кезде аскерлер киргизилген көпүрө бар. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы дээрлик бир жарым миң чакырымга созулат. Чек ара өтө оор рельеф, көбүнесе тоолор аркылуу өтөт. Ал жерде чындыгында эле көйгөй бар. Сөзсүз эле оогандар басып кирет деген мааниде эмес. Ооганстанда жашаган, жарандык согуш учурунда Тажикстандан качып кеткен көп тажиктер, моджахеддер бар. Алардын балдары чоңоюп, өзүнчө бир муун болду.

-А наркотрафикчи?..

-Рахмат, эсиме салганыңызга. Чындыгында бүгүн эки жол бар. Та­жикстан жана Түркмөнстан аркылуу. Ачык айтканым үчүн мени кечирип коюңуздар, бирок, бул нерсе дайыма болуп келген жана боло берет. Себеби, бул тигил жактагыларга гана эмес, бул жактагылардын да кээ бирөөлөрүнө керек. Мындайча айтканда, талапка жараша сунуш болот.

Түркмөнстан тарабынан боевик­тер кирген жок, биз ал жөнүндө эч нерсе билбейбиз. Ал эми Тажикстан тууралуу антип айта албайбыз. Бул өтө кооптуу участок. Анткени, Та­жикстан. аркылуу Кыргызстанга, андан ары Өзбекстанга кирүү өтө оңой. 1999-2000-жылдары Өзбекстандын ислам кыймылы Тажикстан аркылуу Кыргызстанга кирип келгени баарыбыздын эсибизде да. Япон геологдорун барымтага алышкан. Кыргызстандын күч түзүмдөрү алардын ташталканын чыгарышкан. Алар отуз-кырк чакты эле киши болчу. Ал эми ызы-чуусу тим эле укмуш болду. Дагы эмне деп айтсак болот. ИГИЛдин Борбор Азия үчүн азырынча коркунучу жок. Өзбекстандын ислам кыймылынын боевиктери каржылык көз караштан улам Ооган­стандын түндүгүндө ИГИЛге кошулуп кетүүлөрү мүмкүн. Бирок, бул ИГИЛ эмес. Бизди дайыма талибдер Самарага чейин кирип келиши мүмкүн деп коркутуп келишкен. Эсиңизде барбы, Александр Лебедь ушинтип айтчу. Биз­дин саясат ушул өнүттө жүргүзүлүп, Та­либан менен сүйлөшүүлөрдүн бардык мүмкүнчүлүгү четке кагылчу. Бүгүн мунун баары карама-каршы векторго алмашты. Азыр биз Талибан менен ди­алог абалындабыз. Бул Ооганстандын бийликтерине жакпайт. Борбордук бийликтерге жакпайт.

Булак: CA-NEWS (KZ)

“Азия ньюстун” котормосу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *