Алмаз Атамбаевдин “мураскер” операциясы ийгиликтүү ишке аша баштады, Сооронбай Жээнбеков президенттикти, Албек Ибраимов премьер-минстрликти мелжешүүдө

Кыргызстанда мурда-кийин премьер-министр кызматын аркалаган адам өзүнүн талапкердигин президенттикке көрсөтсө ага коомчулук жөндүү дегенсип дароо эле ынана түшүшөт. Курманбек Бакиев премьер-министр кызматынан кийин президенттикке талпынганда эл түшүнүү менен кабыл алган. Алмаз Атамбаев премьер-министр  кызматынан кийин президенттикке келди. Эми экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевдин да президенттик амбициялары “арманы аттын башындай” дегендей эле  болуп турат. Бул салтка айланып калды. Эч жерде жазылбаган бирок аткарылууга тийиш болгон мыйзамдай эле сезиле баштады.

Атамбаев да өзүнүн “мураскерин” премьер-министрликтен президенттикке карай таптоону чечип, быйылкы жылдын апрелинде Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке алып келип койду. Ошондон бери Сооронбай Жээнбеков бийликтин бүтүндөй вертикалына өз кадрларын коюп, президенттик шайлоого карата өзүнүн административдик, адамдык, каржылык ресурстарын чыңдап келатат.

Экинчи дагы бир эч жерде жазылбаган, бирок аткарылууга тийиш болгон мыйзамченемдүүлүк – бул өлкөнүн жетекчиси бир түштүктөн, бир түндүктөн болуп алмашып турушу. Ошондуктан алгач буга этибар бербей, “өзүм каалаганды дайындайм” деп келаткан Атамбаев акыркы убакта серепчилеринин биринин “жардамы” менен көзү ачыла түштү окшойт, мураскерди түштүктөн издеп, 5 жыл мурун Ош облусуна губернатор кылып айдаган бойдон унутуп койгон эски досу – “Сокени” эстеп,  ошого токтолду да Бишкекке чакырып алды. Түндүк тарапта азыр шайлоодо бийлик чыгарган чечимдерге  каршы катуу каршылык көрсөтчү электорат жок деп эсептешет. “Жаман да болсо кочкорубуз өзүбүздүн короодон” деген кыргыздын эски адаты азырынча иштеп жатат. Ал эми түштүк чөлкөмдө бийликтин шалаакылыгына каршылык маанай тездик менен чогулууда. Ошондуктан Атамбаев түштүккө барып, “мына, мен түштүктөн президент чыгарып жатам” деп колдоо тапкысы келсе, өз жердештерине “мына, мен конституцияны өзгөртүп, премьер-министрдин бийлигин күчөтүп, Албек Ибраимовду премьерликке даярдап жатам” деп ынандыргысы бар.

Бирок, Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин 6 ай өтпөй  “көп сандаган жарандардын суранычтары” уюштурулуп, “элдин көңүлүн кыя албай” премьер-министрликке “аргасыз” кайтып келет. Аны Атамбаевдин чөнтөк парламенти мыйзамдаштырып берет. Ошондо Албек Ибраимов кыңк этпей орун бошотуп берсе президент Сооронбай Жээнбеков кыңк этпей “англия ханышасы” болуп олтуруп берет.

Ошол максатта “Шоопур” деген каймана аты бар Икрамжан Илмиянов Мелис Мырзакматовдун Оштогу мурдагы “ОшТВ” телеканалына көзөмөл орнотуп, Камчы Ташиевдин Жалал-Абаддагы “7-каналын” сатып алып, идеологиялык базасын чыңдашууда. Октябрь айынан баштап президенттин кеңешчиси деген кызматынан бошотулуп, түштүккө жөнөтүлдү. Алтургай “Атамбаев менен Илмиянов  урушуп кетиптир, ошондуктан жумушунан айдалыптыр” деген имишти атайылап таратышты. Илмиянов болсо түштүктүн “баатырларын” акырын жыйнап, “бир бололу, чоогу бололу, эмики президент бизден болуш керек. Азырынча баарыбыз бириге берели, кийинки жылдын май айында бир кандидатурага токтололу ” деп уюштуруп жүрөт. Алтургай Азимбек Бекназаровго жолугуп, аны да “кийинки президентти бир чыгаралы” деген ойго маарытып койгону айтылууда. Ошол эле учурда айрым “баатырларга”  тымызын “сени президент кылам, эч кимге сыр билдирбе” деп көз ымдап, үмүт арттырып жүргөнү тарап жатат.

Бирок, Атамбаев менен Илмияновдун көп кадамдуу комбинациясы боюнча азыр түштүк тарапта “кийинки президент түштүктөн болуш керек” деген идеяны удургутуп, анан көзөмөлгө алып, акырындап баштап кетип, “мына, түштүктүн талапкери” деп баарын мураскер Сооронбай Жээнбековдун алдына салып бермей. Ал эми бүгүн алданып жаткан “баатырларга” кызыктыруучу сыйлыктарды берип сооротушат.

Эгер 2017-жылдын октябрында өтчү президенттик шайлоо Алмаз Атамбаевдин жана парламенттеги КСДП фракциясынын көзөмөлүндө өтсө анда Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков жеңүүчү болуп чыгат да президент болуп шайланат. Андан ары Атамбаевдин планы боюнча кетет. Албетте калган кандидаттарга 2-3-4-орундарды берет, сооротот, бирок биринчиликке Сокесин алып чыгат. Бир аз айрыма менен болсо да Сокеси жеңүүчү болот, 6 жыл “англия ханышасынын” ролунда президенттик кызматты аркалайт.  Ал эми калган “баатырлар”  “аты улук, супурасы курук” 2-3-4-орундарды кармаган бойдон калышат. “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” дегендей шайлоо бүткөндөн кийин миң кыйкырган менен пайда жок. Жадагалса 2011-жылдагы президенттик жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо шектүү шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра эсептетпей коюшпадыбы. Эгерде кайрадан эле Атамбаев менен анын командасы жеңишке жетишсе кыргыз мамлекети кайрадан прогресске эмес регресске кетет.

Президенттик шайлоо таза өтүүсү үчүн эмне кылуу керек?

Биринчиден, шайлоонун өтүшүн жана анын жыйынтыктарын эсептөөнү Атамбаевдин командасы көзөмөлдөбөй коомчулук жана көз карандысыз парламенттик башкаруучу коалиция көзөмөлдөш керек. Азыр шайлоонун таза өтүшүнө Атамбаев менен КСДПдан башка баардык күчтөр кызыкдар. Анткени шайлоо таза өтсө КСДП саясый талаанын аутсайдерине айланат да чыныгы лидерлер жеңишке жетишет. Шайлоонун таза өтүүсүнө парламенттин ичинде олтурган “Республика –Атажурт” , “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Мекен”, алтургай  башкаруучу коалициядагы “Кыргызстан”, “Бир бол” фракциялары жана алардын лидерлери кызыкдар. Системсиз (көчө) оппозиция өкүлдөрү кызыкдар.

Ошондуктан “Кыргызстан” менен “Бир бол” фракциялары Мекендин кызыкчылыгы үчүн, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн парламенттеги азыркы башкаруучу коалициядан чыгып кетип, «Республика-Атажурт”, “Өнүгүү-Прогресс, “Ата-Мекен” , “Бир бол” жана “Кыргызстан” фракциялары биригишип, 5 фракция башкаруучу коалиция түзүп, КСДПны оппозицияга кетириш керек. Ал эми Атамбаевди президенттик укуктарын Конституциянын алкагында гана аткарууга аргасыз кылуу зарыл. Элдик ишенимдеги жаңы өкмөт түзүлүп, ага баардык саясый күчтөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрү кириш керек.  Жаңы башкаруучу парламенттик коалиция жана элдик ишенимдеги өкмөт 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоону өткөрүшү зарыл. Мына ошондо гана Кыргызстанда таза шайлоо өтөт. Ошондо гана жаңы президент легитимдүү болот, эл бийликке ишене баштайт. Кыргызстан коррупциядан, уурдап-тоноодон арылып, өсүп-өнүгүү жолуна түшөт. Антпесе 6 жылдан бери бир алгылыктуу реформа жасай албаган бийлик менен таз кейпибизди кийип олтура беребиз. Бул кадамдарды жасоого депутаттарга Конституция жол берет, баары мыйзам чегинде болот, механизмдери бар.  Депутаттардын саясый тажрыйбалары да жетиштүү. Болгону саясый эрк гана, дух гана керек. Коркуу сезимин жеңип, чечкиндүү кадамдарга баруу менен гана Кыргызстанды укуктук талаага алып чыгып, мамлекетти сактап калууга болот.

Таалайбек Асанов

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *