Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоо штабын түздү

Экс-министр, экс-спикер Ахматбек Келдибеков быйыл, 2017-жылы күзүндө өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша тургандыгы дайын болду.

Бүгүнкү күндө Ахматбек Келдибеков Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө өзүнүн президенттик шайлоо штабын ачып, өлкө боюнча структураларын түзүп, аларды адамдык, каржылык ресурстар менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жаткандыгы кабарланды.

Президенттикке талапкер Ахматбек Келдибековдун түндүк региону боюнча штабын УКМКнын экс-төрагасы, коопсуздук генералы Таштемир Айтбаев, ал эми түштүк региону боюнча штабын Жогорку Кеңештин депутаты, досу Улукбек Ормонов жетектей турган болушту.

Ошондой эле досу Нариман Түлеев да Нарын облусу жана Бишкек шаары боюнча кошумча жардам берет. Мындан бир аз мурун Нариман Түлеев менен Ахматбек Келдибеков Нарынга чоогу барышып, нарындыктар Ахматбек Келдибековго тай союп, уча тартып, астына күлүк ат мингизип, башына суусар тебетей кийгизип, үстүнө кементай жаап, президенттикке жеңишке жетүүсүнө бата беришкенин бизге Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева кабарлаган эле.

Эми Ахматбек Келдибеков 25 жылдын бери саясаттын ысык-суугуна күйүп-тоңуп, жакшы эле бышып жетилди. Алтургай абакка камалып да чыкты, бирок сынбады. Коррупционер деген айыптары суу кечпей калды. Эми аны бир ууч трайбалисттер эле ичи тардык менен жамандабаса, калган эл анын ак экенине ишенди. Кайрадан күрөшкө аттанды. Ийгилик каалайбыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Чынгараев Жыргалбек says:

    Мен ишенем, буйурса Ахматбек Келдибекович президент болот. 1 жылда Мамлекеттик Салык Кызматында айлыктарды 3 эсе кобойтуп, мамлекетке салыктарды 2 эсе кобойтконун азыркы бийлик дагы эле коро албайт. Азыркы бийликте отургандардын кобу билет, эгер Ахматбек Келдибекович президент болсо – алар элдин акчасын уурдай албай каларын. Алар аны Ахматбек Келдибекович Жогорку Кенештин торагасы болуп олтурганда эле сезишип, жок кылабыз жала жабып деп чечишкен. Бирок канча аракет кылышса дагы, алардын ойу ишке ашкан жок.
    Мына эми элдин баары коро баштады ким ким экенин. Баардык нерсе ачыка чыга баштады.
    Буйурса Кыргызстанды жакшы келечек гутуп жатат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *