Адилет Айтикеев, журналист: “2017-жылы Кыргызстанда төңкөрүш болушу мүмкүн”

2017-жылы Алмаз Атамбаев президенттик мөөнөттү тапшырам деп убада берип келатат. Президенттик шайлоого утурлай ар кандай күчтөр биригип, ажырашып дегендей өз талапкерлерин даярдай башташты. Биз президенттик шайлоонун күнгөй-тескейи, Кыргызстандагы саясий абал тууралуу учурда өлкө тышында жүргөн белгилүү журналист Адилет Айтикеев менен интернет аркылуу байланышып маектештик. Адилет кызыктуу пикирлерди айтты.

-Адилет, учурда кайсы өлкөдөсүң жана эмне менен алектенип жатасың?

-Учурда кайсы өлкөдө экеним сыр болсун, бирок адам укугун урматтаган, сөз эркиндигин ооздуктабаган, өнүккөн өлкөлөрдүн биринде жашап жатам. Өткөндө Абдил Сегизбаевдин гезити “Айтикеев Америкада ачка калып, курулушта иштеп, тапкан акчасы нанга араң жетип жатыптыр” дегендей жазыптыр. Учурда алыста жүргөн мекендештерибиздин ар тармактагы жашоосуна журналист катары көз жүгүртүп, алардын ишмердүүлүгү тууралуу материалдарды топтоп жүрөм. Келечекте кызыктуу бир китеп басылат деп ишенем.

Андан тышкары англис тилин үйрөнүп жатам. Биз азыр жашпыз, андыктан келечегибиз англис тили менен тыгыз байланыш болгондуктан бул аба менен суудай зарыл нерсе да.

-Кыргызстандагы окуялардан кабардар болуп жаткандырсың, фейсбуктагы постторуңду окуп калабыз. Алыстан кандай көрүнөт экен?

-Негизи алыстан караганда көп нерсеге объективдүү баа бергенге мүмкүнчүлүк жаралат экен. Кыргызстандын ичинде жүргөндө көп маселеге кандайдыр бир кызыкчылыктар менен карап, шашып, айрым учурларда эмоция менен баа бергенге мажбур болосуң. Арасында жүргөндө башкача көрүнөт дегендей.

Негизги саясий окуялардан, жаңылыктардан кабардармын.

-2017-жылы президенттик шайлоо болот. Башмыйзамды болсо бийлик күчкө салып өзгөртөм деп жатат. Сенин прогнозуң кандай?

-Менин прогнозум тилекке каршы жакшы эмес. Ачыгын айтыш керек, Атамбаев бийлиги өзүнүн ойлонулбаган, тар кызыкчылыкка негизделген, алысты көрө албаган кадамдары менен 2017-жылы мамлекетти кезектеги төңкөрүшкө жетелеп баратат.

-Эмнеге андай ойдосуң? Бийликти кармап биротоло диктатор болуп алсачы?

-Аракет кылат, бирок диктатор боло албайт. Анткени Атамбаевдин болгон-толгон ресурсу түгөндү. Азыр мунун акчасы гана бар. Калган ресурстары-авторитети, командасы, ишеничтүү кландык күчтөр дээрлик андан тескери бурулганга эмитен даярданып жатышат. А түгүл айланасында бир кезде аны мактап жүргөн кошоматчы депутаттары да четинен кемени таштап кача башташты. Бул тенденция уланат. Азыркы абалды мен 2004-жылдын күзүндөгү абалга көбүрөөк окшоштурам. Анткени Атамбаевдин айланасында ал таяна турган күчтөр жок калды. Абдил Сегизбаев, Икрам Илмиянов сыяктуу ага кандайдыр бир кызыкчылыктар менен байланган гана адамдар коргоп чыгышпаса, калганы сатып кеткенге даяр эле болуп калышты. А түгүл анча-мынча балдары менен Атамбаевди колдоп төшүн тосуп жүргөн Мискенбаев да булардан түңүлдү. Бир сөз менен айтканда Атамбаев жана анын командасы утулду!

Ооба, азыр баары тегиздей көрүнүп жатат. Бирок байкаган адам менин прогнозума кошулат деп ойлойм. Президент ар бир кадамы, сөзү, кыймыл-аракети менен өзүнө душман ашырып жатат.

Эми Башмыйзам боюнча маселени алалы. Президент Атамбаев кайсы рычагына таянып, 2017-жылдан кийин таасирин сактап калам деп жатат? Макул, референдум өттү дейли, көнүмүш ыкма менен БШК жыйынтыкты жарыялайт. Мурдагы бийликтердикиндей 95 пайыз дегенден уялышаар, балким 75-80 пайыз референдумга алып чыгарылган маселени колдоду деп жарыялашат. Андан кийин эмне болот?

Атамбаев ойлоп жатат, президентти да, премьерди да өзүмдүн адамдарымдан коем деп. Эч болбоду дегенде президенттик бийликти башкага уттурса дагы премьерлик кызматты Башмыйзам аркылуу бекемдеп, парламент аркылуу бүт бийликти көзөмөл кылганга аракет жасайт. Эми элестетиңиз, бүгүн эле Атамбаев ал күчүндө турганда четинен ыдырап, улам бир нерсени кылтыйтып жаткан депутаттар эртең Атамбаев пенсияга чыгып, Кой-Таштагы үйүндө чалкалап жатканда аны укмак беле? Укса Акаев менен Бакиевдин убагында жалпы парламенттин 70-80 пайызын түзгөн чөнтөк партиялары угуп, бийликти сактап калат эле го?

-Анда кандай болот деп ойлойсуң?

-Атамбаев өзүнүн кишисин премьер кылып анан кызматтан кетиши мүмкүн. Мендеги маалыматтар боюнча бул кызматка Албек Ибраимовду дайындап жатыптыр. Ошон үчүн аны Бишкекке мэр кылып, Кытайдан келе турган 45 миллион доллар грантты түгөлү менен борбордун көчөлөрүн оңдоого жумшап, ошонун аркасы менен Ибраимовдун аброюн көтөрүп, анан премьер кылсам деген ою бар окшойт. Эми парламент деле келесоо эмес да, көңүл үчүн Атамбаев көрсөткөн кишини премьерликке шайлап беришет. Бирок ал өкмөт Атамбаевден кийин келген президенттин сценарийи менен кызматтан кетүүгө мажбур болот. Анткени Атамбаев кетээри менен парламент аны сатат. Өзүнүн КСДПсындагы 5-6 депутатты эске албаганда калганы түгөл сатат.

-Президенттикке ким келет сенин оюңча?

-Президенттикке менимче Атамбаев каалабаган адам келет. Анткени бүгүн оппозициябыз деп өзүн эсептегендер Атамбаевге каршы негизги күчтү түзбөйт. Негизги оппозиция айсбергдин суунун астындагы 4төн 3 бөлүгүндөй болуп бугуп, ыңгайлуу учурду күтүп жатат. Алар президенттикке даярданып жатышат. Тагыраагы бир нече жылдан бери Атамбаевге каршы чыкпай, анын оюна кошулуп, айтканын аткарып, алдынан кыя өтпөй келишти. Булар дегеним бир гана адам эмес, булар бир нече. Булар а дегенде президенттик шайлоонун алгачкы этабы катары парламенттен орун алышты. Негизинен максаттарына жетишти. Бири аз, бири көбүрөөк орунга  ээ болгону менен болочокто өкмөттүн тагдырын ушулар аныктайт. Булар Албек Ибраимов болобу, же башкасыбы, айтор ким Атамбаев тарабынан премьер болуп дайындалса дагы анын өкмөтүн алеки саатта карайлатып койчулардан.

Булардын арасынан бирөөсү президенттик бийликти ээлейт. Канчалык Атамбаев бийлиги административдик ресурсту колдонбосун, келерки жылы чындап бийлик алмашат. Эгер Атамбаев гайканы катуу бурай берсе ал чарт үзүлүп, кырдаал төңкөрүшкө, баш аламандыкка жетиши мүмкүн. Анткени Атамбаев шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, өзүнүн мураскорун өткөргөнгө катуу аракет кылат. Анткени бул нерсе ал үчүн өзүнүн өмүрүнө барабар нерсе. Эртең башка адам келсе камалаарын ал жакшы түшүнөт. Бирок, Атамбаев буга чейин ар бир интервьюсунда ачык да, кыйытып да айтып келгендей, убакытты жана ыңгайды күтүп турган саясатчылардын эң көрүнүктүүсү бийликти кандай жол менен болсо да тартып алат. Ал бийлик үчүн акчасын чачат, өзүн пиар кылып, мыкты программаларды сунуштап, элдин жүрөгүнөн орун алат. Анткени анын колунда бүт ресурстар бар. Ага бир гана мамлекеттин кожоюну болуу гана жетишпейт. Атамбаевди жек көрүп, тажап бүткөн эл акыркы чыдамы түгөнгөндө жогорудагы мен айткан лидерлердин бирин ээрчип кетет. Эми бул Асан болушу мүмкүн, балким Үсөндүр, балким Маматтыр, эмнеси болсо да колунда ресурсу бар жигиттердин бирөө бийликти тартып алат. Айырмасы жок, шайлоо жолу мененби, же тополоң кылыппы, айтор тартып алат. Бул кандай болгон күндө да төңкөрүш болуп эсептелет. Бүгүн биз канчалык жактырбаганыбыз менен кырдаал ошого келатат.

Кандай болгон күндө да Атамбаев өзүнүн кыйладан бери болжоп келе жаткан сценарийин ишке ашыруунун механизмин колдон чыгарып жиберди.

-Сен жакшы билесиң Адилет, буга чейин оппозициябыз дегендер катуу аракет кылышып митинг-пикеттерди өткөрүп жүрүшөт. Бирок аларды масса колдобойт го негедир.

-Сиз айтып жаткан бул болочоктогу оппозициянын негизги бөлүгү эмес. Калктын басымдуу көпчүлүгүнүн колдоосун алып, артынан кылкылдаган электоратты ээрчитип, аянтты толтура күтүрөтүп, бийликтин үшүн алчу күчтөр азырынча өздөрүн бийликке оппозиция деп жарыялаша элек. Алар кырдаалды күтүп турушат. Эсиңиздеби, 2005-жылы Курманбек Бакиев кантип оппозицияга лидер болуп, кырдаалды башкарып кетти? Ал жөнөкөй гана тактиканы колдонуп, өзүн сактоо үчүн ыңгайлуу учурду күттү. 24-мартка 20 гана күн калганда, тагыраагы 2005-жылдын 4-мартында гана ал өзүн Аскар Акаевдин бийлигине оппозиция катары жарыялады. Арадан 20 күн өтпөй ал максатына жетти. Калган аймактардагы утулган талапкерлер качан гана Курманбек Бакиев ачыкка чыкканда ага кошулуп, артынан ээрчип кетишти. Бул ирет да мына ушуга окшош кырдаал кайталанышы мүмкүн. Менимче негизги ыңгай Президенттик шайлоонун айланасында түзүлөт.

Байкап жатасызбы, Атамбаевди мурда-кийин ашыра мактап, колдоп жүргөн акылдуу саясатчы-чиновниктер акыркы кездери мурдагыдай төшүн тоспой калышты. Алар эртеңки күнү ар кандай коркунучтуу окуялар болуп кетишинен чочулап, калктын көзүнөн оолак карманып турууну туура көрүп жатышат. Атамбаев үчүн күйүп-бышкан анын бир-эки жакын досу жана жансакчы, шоопур, пресс-катчы, Сегизбаевинен башка ким калды? А түгүл парламентте Атамбаев үчүн төшүн тосуп бакылдап жаткан Кожобек Рыспаевге окшогон дардаңкөй депутаттар да акыркы кездери куулук менен иш кыла башташты. Анткени алар деле жебеген самсасына пул төлөгүлөрү келишпейт. Эмнеси болсо да президент шайлоо жолу менен алмашабы, же баш аламандык менен алмашабы, Атамбаев өзүнүн сценарийин ийгиликтүү ишке ашыруу механизмин колдон чыгарып жиберди.

Маектешкен Таалайбек Асан

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *