Абайлагыла балдар

Жалал-Абад ОИИБнын иш-мерчеминин негизинде Патрулдук милиция бөлүмү тарабынан 31-октябрдан 10-ноябрга чейин областын аймагында «Абайлагыла балдар» аталыштагы профлактикалык иш-чараларды өткөрүүдө.

Алсак, аймактардын борборлорунда көрнөк жарнактар(баннерлер)  илинип, жүргүнчү ташуучу автоунааларга жана о.э. такси кызматтарына «Абайлагыла балдар» аталыштагы эскертме наклейкалар жабыштырылды. Эл көп топтолгон жайларда  жана айрыкча  Бишкек-Ош автожолунун каттамында каттаган айдоочулар арасында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндурүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад ОИИБгы боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү-Нурлан Саркаров. Тел: 0773 58 30 58

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *