Шаршемби, 18 Январь, 2017 - 14:06
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ВИДЕО

Видео – Равшан Жээнбеков: “Акыркы учурларда бийлик тарабынан сөз эркиндигине куугунтуктоо, басым жасоо күчөп баратат”

Бүгүн, 16-январда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир дүйнө -Кыргызстан” жана “Кылым шамы” уюмдары  Эркиндик жана тилектештик форумун өткөрүштү. Анда чыгып сүйлөгөн Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Равшан […]

Видео – Алмаз Атамбаев уулун аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады

Алмаз Атамбаев уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады. Бул тууралу Сентябрь телеканалы жарыя кылды. Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн Россия Кыргызстанга 1 […]

Видео – Дүкөнчү тоноо үчүн келишкен эки куралдуу каракчынын бирин атып салды, экинчиси качып кутулду

Кечээ, 10-январда американын Жоржия штатынын Мейблтон шаарында курал саткан дүкөндү тоноо үчүн келишкен эки каракчынын бирин дүкөндүн ээси атып салган, экинчиси качып кутулган. Окуя дүкөндө орнотулган видеокамерага тартылып алынган. Булак: youtube.com […]

Видео – Барак Обама Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөдү

Шейшемби кечинде АКШнын президенти Барак Обама Чикагодо элге коштошуу сөзү менен кайрылды. Дал ушул шаарда анын саясий карьерасы башталып, 2008-2012-жылдардагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктоолорду ушул жерде кабыл алган. «Мен […]

Видео – Алмаз Атамбаев барган эле жеринде калып кала бере тургандай турист эмес да

5-январда Кытайга жумушчу сапар менен учуп барган Алмаз Атамбаев бир дагы маанилүү документке кол койгон эмес. Акырында өзү үй-бүлөсү менен эмгек эргүүсүнө чыгам деп Кытайда калып калган. Барган эле жеринде […]

Видео – Алмаз Атамбаев жоготуп алган агасын Өзбекстандан кантип тапканын айтып берди

Өзбекстанга 24-декабрда жумушчу сапары менен барган Алмаз Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Самарканда жолугушту. Ал жолугушууда Атамбаев 2007-жылы Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда Өзбекстанга визит менен келгенин, аны Өзбекстандын ошол […]

Видео – Атамбаевдик бийлик 1-топтогу майып Темирлан Ормуковду Фейсбуктагы ыры үчүн куугунтукка алды

Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү, 1-топтогу майып, акын Темирлан Ормуков Фейсбукта жазган “Ажонун ооруп турат жүрөгү” деген Атамбаевге арналган ыры үчүн Атамбаевдик бийлик элдик акынды куугунтукка алууда. КР Генпрокуратурасы […]

Видео – Белизден Абдил Сегизбаев менен Алмаз Атамбаевдин айткандарын калпка чыгарган документтер келди

Бүгүн, 27-декабрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев парламенттин маалымат жыйындар залында пресс-конференция берип, Белиз мамлекетинин юридикалык мекемесинен келген 4 документ менен журналисттерди тааныштырды. Ал документтер УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев […]

Видео – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын жана арзыматтарын атады

Сөз эркиндигин коргоо комитети 23-декабрь күнү 2016-жылды жыйынтыктап, комитеттин версиясы боюнча жылдын мыктыларын атады. Андан сырткары “Жылдын арзыматы”, “Жылдын дүжүрү” жана “Жылдын балитологу” антисыйлыктары да аныкталды. Булак: Кyrgyztoday.kg Видео: Res Publica

Видео- “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы өткөргөн жыйындын толук видеоверсиясы

Кечээ, 19-декабрда “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы 11-декабрда өткөн Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктарын талкуулады.  

Видео – Россия элчисин атып өлтүргөн Мевлюд Мерт Алтынташ 22 жашта болгон жана полицияда кызмат кылган

Кечээ, 19-декабрда Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду атып өлтүргөн адамдын аты жөнү Мевлюд Мерт Алтынташ  болгон, жашы 22де  болуп түрк полициясында кызмат кылган. Бир маалымат боюнча ал бүгүнкү күнгө чейин […]

Видео – Анкарада Россиянын элчисин атып өлтүргөн адам “Мен бул жерде өлөм! Бул менин Аллепону бомбалоо үчүн өч алганым!” деп кыйкырган

Кечээ, 19-декабрда Түркиянын борбору Анкаранын Заманбап искусство музейинде “Россия түрктөрдүн көзү менен” фотокөргөзмөсүн ачып жаткан Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөн. Кол салган адам музейге сырттан Андрей Карлов менен […]

Видео – Түркияда Россиянын элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлдү

Кечээ, 19-декабрдын кечинде Анкара шаарында Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов “Россия түрктөрдүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачып жатканда артынан азырынча ким экени белгисиз адам кол салып, атып өлтүргөн.  Ал […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бул референдум Кыргызстандын тарыхындагы эң легитимсиз, эң мыйзамсыз референдум болду!”

Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте жарандык коомдун, саясый партиялардын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү 11-декабрда болуп өткөн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын талкууга алышты.  

Видео – Азимбек Бекназаров: “Аблязов акчаны Данияр Үсөновго берсе керек, Данияр 24-мартта Казакстандан келип эле Бакиев менен манты жеген”

“Казакстандык банкир Мухтар Аблязов 2005-жылы революцияга деп акчаны Данияр Үсөновго берсе керек. Анткени ал ошол кезде Казакстанда качып жүрүп, 24-март күнү Бишкекке Казакстандан келген. Келип эле Курманбек Бакиевге жолугуп, экөөсү […]

Видео – Назарбаевдин жаңы жылга планы: президенттик системадан парламенттик системага багыт алуу

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламент жана өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата ал Астанадагы жыйында сөз сүйлөп жатып, президент, өкмөт жана парламенттин […]

Видео – Самаркандда эшек союлган жай табылып өрттөлдү

Самаркандда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери Хишрав кыштагына жакын көлмөдө табылган толтура эшектин эттерин жана сөөктөрүн өрттөштү. Учурда укук коргоо органдары эмне максат менен эшектер жапырт түрдө союлганын иликтөөдө. Эшектердин көрүстөнүнө айланган […]

Видео – Кыргыз адабиятынын бестселлери кайсылар?

Журналисттер дүйнөлүк көркөм адабияттын эң көп окулган бестселлер китептерин атап, ошол эле учурда кыргыз адабиятынын бестселлер китептери кайсылар экенин изилдеп көрүшкөн. Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео – Азимбек Бекназаров: “Сариев менен Бекназаров банк ячейкаларындагы акчаларды бөлүп алышыптыр деген ушакты Атамбаев тараткан”

“Темир Сариев менен Азимбек Бекназаров 2010-жылы апрелде банк ячейкаларындагы акчаларды бөлүп алышыптыр” деген ушакты элге Алмаз Атамбаев тараткан. Анын бул калпын ошондо 16-июнда Роза Отунбаева Сокулукта жокко чыгарган. Ошол ызы-чуу […]

Видео – Эдил Байсалов: “Атамбаев Бакиевге салыштырмалуу же Акаевге салыштырмалуу өтө начар жетекчи чыкты”

“Алмаз Атамбаев 2011-2012-2013-жылдары бийликти консолидациялап жатканда, Ахмат Келдибеков  жетектеген парламентти көзөмөлдөп, камачусун камап, коркутчусун коркутуп, бийликти бир колго топтоп жатканда мен кол чаап жаткамын, анткени бийликти консолидация кылгандан кийин өлкөнү […]

Видео – Атамбаевдин “таза шайлоосундагы” мыйзам бузуулар

Кечээ, 11-декабрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдагы мыйзам бузуулар Азаттыктын журналисттери тарабынан видеотасмага тартылып алынган.  

Видео – Бишкектеги N 1236-шайлоо участогунда бюллетендерди тутамдап тобу менен үкөккө таштоо фактысы видеого тартып алынган

Бүгүн, 11-декабрда өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда Бишкектин Биринчи май районуна караштуу N 78-мектепте жайгашкан N 1236-шайлоо участогунда бюллетендерди тутамдап тобу менен үкөккө таштоо […]

Видео – Жалал-Абадда добуш берүүчү үкөккө тутамдап тобу менен бюллетень таштаган фактылар видеого тартып алынган

Жалал-Абад шаарындагы шайлоо участокторунун биринде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн формасын кийинген адамдар добуш берүүчү үкөккө шайлоо бюллетендерин тутамдап келип, массалык түрдө таштап жатышканын видеокамерага тартып алышкан. Мындай видеотасманы 24.kg маалымат агенттиги […]

Видео – Бишкектеги депутат Текебаев добуш бере турган N1220-шайлоо участогунда биометрикалык аппараттар иштебей калып жаңжал чыкты

Бүгүн өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда депутат Өмүрбек Текебаев добуш бере турган Бишкектеги  №27 мектепте жайгашкан N1220-шайлоо участогунда биометрикалык аппараттар иштебей калып, шайлоочулар менен […]

Видео – Камчыбек Ташиев: “Биздин үчилтикке кошулабыз деген саясатчыларга бир шартыбыз бар: “президент болом” деген дымагы болбош керек”

“Биз, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана мен үчөөбүз келерки, 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого карата бириктик. Биздин үчөөбүздүн бирибиз президент болушубуз керек. Эгер биздин үчилтикке башка саясатчылар кошулгусу келсе аларга […]

Видео – Жалал-Абаддагы шайлоодо Сарпашевдин добуштарды эсептөөчү аппараттары иштебей жатат

Жалал-Абад шаарындагы N75-лицейде жайгашкан N2021-шайлоо участогунда БШК менен Тайырбек Сарпашев орноткон добуш берүүчү аппараттар иштебей жатат. Бул тууралу Турмуш маалымат агенттиги билдирди. Добуштарды автоматтык түрдө эсептеп турчу аппарат бир иштеп, бир […]

Видео – Өмүрбек Текебаев Нарындагы эл менен жолугушууда Атамбаевдин калптарын ачыкка чыгарды

Кечээ, 9-декабрда Нарындагы эл менен болгон жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өлкөнүн президенти Алмаз Атамбаевдин калптарын ачыкка чыгарды. “Алмаз Атамбаев “Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен досмун, мамилем жакшы”  деп […]

Видео – Москвадагы кыргыз элчилигине арызданып келишкен кыргыз мигранттарын элчи полициянын колуна салып берген

Бүгүн, 9-декабрда Москвада иштеген кыргыз эмгек мигранттары Москва полициясынын кысымдарына, пара талап кылгандыгына, ар кандай кордоолоруна нааразы болуп, алардын укугун коргоону талап кылып Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигине арызданып келишкен. Элчиликтин […]

Видео – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы митингде сүйлөгөн сөздөрү

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер 7-декабрь күнү Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионунда бүгүнкү бийликке каршы митинг уюштуруп, өз тарапташтарынын алдында келечек максаттары менен бөлүшүштү. Видеотасманы Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай

Видео – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчы Ташиевдер Жалал-Абадда оппозициялык митинг өткөрүштү

Кечээ, 7-декабрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчы Ташиевдер оппозициялык митинг өткөрүштү. Митингге 3 миңден ашык адам катышып, үчилтик кызуу колдоо тапканы айтылууда. Мадумаров, Келдибеков жана […]

Видео – Укук коргоочу Рита Карасартова Ошто бийликтин жана “дүжүрлөрдүн” калпын чыгарды

Жекшемби күнү Кыргызстанда “кезексиз” кезектеги Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт.  Ошол эле 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо да болот. Демилгечилердин пикиринде, бул жолку жараян мурдагылардан айырмаланып,  Президенттин бийлигин күчөтүүнү көздөбөйт. […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “СДПК партиясы талапкерлеринин тизмесине Жалал-Абадда жашабаган эле адамдарды да киргизип алган, гендердик балансты сакташпаган”

“Алмаз Атамбаев башка партияларды тизмени таза түзүүгө, гендердик балансты так сактоого чакырып келет. Ал эми СДПК партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлеринин тизмесине Жалал-Абад шаарында жашабаган эле адамдарды киргизип алган, […]

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Өз добушунду сатпа! (видео)

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоолоруна алгачкы жолу катышып жатса дагы, борбор шаардын көйгөйлөрүн жакындан таанып, аларды чечүүгө өз долбоорлору менен келди. «Натыйжа көрсөтөбүз!» платформасы аркылуу шаардын олуттуу маселелерин чечүүнү […]

Видео – Нурлан Мотуевдин Алмаз Атамбаевге берген жообу

Алмаз Атамбаев 1-декабрда журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн саясый оппоненти Өмүрбек Текебаев тууралу суроого жооп берип жатып, аны Нурлан Мотуевге окшоштурарын айткан. Ошондой эле “Нурлан Мотуевдин түрмөдө олтуруп алып аялдарга […]

Видео – Алмаз Атамбаев: “Путин менден кетпей эле кой деп суранды”

-Кыргызтудэй сайты кечээ сизди мөөнөтүнөн мурда кетет деп жазып чыкты, Путин айтса кетет деп? -Путин мени кетпей эле кой деп суранды, Нурсултан Назарбаев да экинчи мөөнөткө калуумду суранды. Бирок мен […]

Видео – КСДПнын тизмеси мыйзамды бузуу менен түзүлгөндүктөн шайлоодон четтетилиши керек

11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо КСДПнын Жалал-Абад шаардык кеңешке талапкерлеринин тизмеси мыйзамды бузуу менен түзүлгөн. Анткени тизмеде аялдар 27% гана түзүп калышкан. Мыйзам боюнча тизменин 30%ынан кем эмес болуш […]

Видео – Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаңы президенти болду

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, Шавкат Мирзиёев үчүн 15 миллион 906 миң киши же жалпы шайлоочулардын 88,6 пайызы добуш бергенин билдирди. КМШ жана ШКУнун байкоочулар миссиясы Өзбекстанда өткөн […]

Видео – Максат Сабиров, ЖК депутаты: “Шайлоочулардын тизмесин тактоону Сарпашевдин ГРС кызматынан БШКга өткөрүп берүү керек”

КР Жогорку Кеңешинин шайлоого даярдыкты текшерүү боюнча комиссиясы 2-декабрь күнү БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди чакырып алып 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана […]

Видео – БШК бийликтин партиясы СДПКга жан тартып жатат

2-декабрь күнү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы “Өнүгүү”, “Ата-Мекен” жана Ата-Журт”  партияларынын арызын карап көрүп, СДПК партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин маалыматтары толук толтурулбагандыгы, гендердик талап сакталбагандыгы менен мыйзам одоно бузулгандыгы такталып, СДПКнын тизмеси […]

Видео – Алмаз Атамбаевдин бүгүнкү маалымат жыйынынын толук версиясы

Алмаз Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди. Атамбаевдин маалымат жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, төрт саатка созулду. Ага 150дөн ашык […]

Видео – Алмаз Атамбаев: “Эгер Белизден келди делген документтер жасалма болуп чыкса Сегизбаев кызматынан кетет”

“Эгер Белизден келди деген документтер жасалма болуп чыкса албетте Сегизбаев жазаланат жана жумушунан кетет”, – деп жооп берди журналисттердин суроосуна Алмаз Атамбаев бүгүн, 1-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында. […]

Видео – Алмаз Атамбаев: “Аида Салянова паракор күйөөсүн коргой баштаганда көңүлүм калды”

Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөсүнүн мыйзамсыз иштерин уккан соң көңүлү калганын билдирди. Бул тууралуу президент жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында айтты. Булак: “Азаттык”

Видео – Алмаз Атамбаев: “Бабанов менен Төрөбаевдин экөөсүнүн бири президент болуп калышы мүмкүн”

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы маалымат жыйынында “Республика – Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин саясий ишмердигине оң баа берип, экөөнүн бири кийинки президент болуп […]

Видео – Кезинде 2 аялдын арты менен ийгиликке жетишкен президент эми аларды жаманатты кылууга аракеттенүүдө

Кезинде 2 аялдын арты менен ийгиликке жетишкен президент азыр аларды шыбап жатканы эч кимге деле жага бербесе керек. 2010-жылы апрелдеги мамлекеттик төнкөрүштөн кийин алдыга аял киши Роза Отунбаеваны чыгарып коюп, […]

Видео – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү маалымат жыйынынын толук версиясы

Бүгүн, 30-ноябрда саясатчылар Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер саясый күрөшкө биригишкенин жарыялашты.  Алар 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого да бир талапкер чыгарышарын билдиришти. Булак: “Азаттык”  

Видео – Кадыры жок кадрлар

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кадр саясатындагы алешемдиктерди иликтөөгө алды. Коомчулукта мамлекеттик кызмат орундарга көрсөтүлгөн кадрлардын көпчүлүгү кесиптик даярдык, ишбилгилик жана тазалык сыяктуу талаптардан алыс деген сын-пикир күч. Булак: “Азаттык”

Видео – Шайлоочулардын тизмесиндеги башаламандык эмнеден кабар берет?

Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо фальсификация болушу ыктымал. Шайлоочулардын жарыяланган тизмеси ушундай ойду жаратууда. Мисалы, Октябрь районундагы бир эле 1107 участогу боюнча референдумга жана шайлоого ар кандай адамдар барат окшойт: […]

Видео – Жыргалбек Касаболотов, акын: “Биз “Атамбаев кетсин!” деген ураан менен чыгышыбыз керек”

“Мындан ары паспорттордо “улуту” деген графанын жоюлушу бул Алмаз Атамбаевдин аракети экени билинип калды. Ошондуктан биз “Атамбаев кетсин!” деген ураан менен чыгышыбыз керек. Эгер биз “Сарпашев кетсин!” деп чыксак андан […]

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жашоону жакшы жагына өзгөртүп, натыйжа көрсөтөбүз! (видео)

«Биз шайлоого бишкектиктердин жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн баратабыз», – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер Рамил Беков.  Талапкердин айтымында, Бишкектин көпчүлүк райондорунда шаардыктардын кадыресе керектөөлөрү канааттандырарлык эмес. […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Максим Бакиев сатууга даярдаган торпедаларды Алмаз Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү сатып, акчасын СДПКнын шайлоо компаниясына жумшашкан”

“Максим Бакиев “Дастан” заводунун “Улан” филиалы даярдаган “Шквал” торпедаларын сатууга даярдап, бирок 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин аларды Алмаз Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү сатып, акчасын СДПКнын шайлоо компаниясына жумшашкан. Булак: Сентябрь