Ишемби, 21 Январь, 2017 - 19:03
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

Эл тараза: Таскагы катуу Темир Сариев

Акыркы кездерде кээ бир окуяларга же саясий лидерлерге карата элдин үнү деп теледен, радиодон, гезиттерден саясий серепчи, аналитик, эксперт деген беш-алты адамды гана сүйлөтүп, элди тажатып да бүттүк. Биз “Эл […]

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: «Президент маселени өзү кабинетинде чечип, үй-бүлөсү, администрация жетекчиси, жардамчысы баш болуп тегерегинде жүргөндөр маселе чечпеши керек»

— Акылбек Үсөнбекович, мамлекеттик эң чоң программабыз ушул жылга чейин болчу. Мындан кийин кайсыл программа менен алдыны көздөй жыла турганыбыз белгисиз бойдон калууда. 20–30 жылдык мөөнөттөгү программаны иштеп чыгалы, укурукту узун […]

Видео – Дональд Трамптын президенттик ант берүү аземине каршы нааразычылык акциялары

Кечээ, 20-январда АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын президенттик ант берүү аземине каршы чыккандар Вашингтондун борборунда, Ак үйдөн 1 чакырымдай аралыкта нааразычылык акцияларын өткөрүштү. Анда дүкөндөрдүн айнектерин талкалаган тентектерди полиция кууп […]

Видео – АКШ президенттеринин ант берүү аземдеринин тарыхы жана салттары

Бүгүн, 20-январда АКШнын жаңы шайланган 45-президенти Дональд Трамптын салтанаттуу ант берүү аземи өтөт. Анын алдында 200 жылдык тарыхы бар АКШ президенттеринин ант берүү аземдеринин тарыхы жана салттары тууралу видеотасманы сунуш […]

Атамбаевдин азыркы командасы “мураскерди” колдобой, президенттикке реалдуу кандидаттар Бабанов менен Төрөбаевге тымызын иштей башташты

Биздин ишенимдүү булактар билдиргенине караганда  Алмаз Атамбаев 5-январда, Кытайга учуп кетер алдында резиденциясына өзүнүн жан-жөкөрлөрүн жыйнап, мураскерин жарыялап, баардыгын бир максатта иштөөгө мобилизациялайт. “Күзүндө өтчү президенттик шайлоого СДПКнын атынан талапкер […]

Алтын Эркебаева, коомдук ишмер Бектур Асановдун жубайы: «Бектур башкалардай болуп бирөөгө кошоматчылык кылып жашай берсе азыр абакта эмес, чоң кызматтарда олтурмак»

— Алтын эже, жолдошуңуз Бектур Асанов камалгандан бери абалыңыздар кандай? — Кыргыздар кандай абал болбосун баарына жакшы дей берет эмеспизби. Мен абалымды жакшы деп айта албайм. Жолдошум адилетсиз камалып абакта жатса менин […]

Трамп инаугурация күнү бир нече жарлыкка кол коет

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп инаугурация күнү, 20-январда бир нече жарлыкка кол коет. Трамптын басма сөз катчысы Шон Спайсер алардын арасында Барак Обама тарабынан киргизилген чараларды жокко чыгаруу бар экенин […]

Түркмөнстанда президенттик шайлоого 9 талапкер катталды

Түркмөнстанда президенттике талапкерлерди каттоо аяктады. 12-февралда өтө турчу шайлоого 9 талапкер катталды. Алар эл менен жолугушууларын улантууда. Түркмөнстанда биринчи жолу шайлоого үч саясий партиянын өкүлдөрү жана демилгечи топтор жылдырган талапкерлер […]

Өзбекстан коңшу өлкөлөр менен чек ара сүйлөшүүлөрүн жандандырат

Өзбекстан 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынына ылайык, коңшу төрт мамлекет менен болгон чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин жандандырат. Документтин долбоорунда профилдик министрлик жана мекемелерге быйылкы жылдын биринчи чейрегине карата мамлекеттик […]

Бүгүн АКШнын жаңы президенти кызматка киришет

Бүгүн АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришет. Анда Трамп менен бирге шайланган вице-президент Майк Пенс дагы ант берет. Иш-чарага кызматтан кетип жаткан президент Барак Обама жана вице президент […]

«Өнүгүү-Прогресс» БШКны сотко берет

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаевдин мэр шайлоо боюнча протоколдорун жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырбоо тууралуу БШКнын 18.01.17-ж. чечими сотто каралат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгынан билдиришти. «Бизде мэрди шайлоо […]

Путин менен анын айланасындагылар үчүн өзгөчө оорукана курулат

Орусия президенти менен анын айланасындагы аткаминерлер үчүн эксклюзивдүү оорукана курулууда. Бул тууралуу Орусиянын медицина чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме кылып Reuters агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, оорукана советтик мезгилден бери жогорку кызматтагы аткаминерлерге […]

Трамп ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бүгүн өтө турган ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды. Анын учагы АКШнын борборуна жакын жайгашкан Эндюс авиабазасына конду. Жума күнү Вашингтондо АКШнын шайланган президенти […]

Авиакырсыкка кабылган “Боингдеги” жүк боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Депутаттык комиссия түзүүнү үч фракция демилгеледи. Авиакырсыктын себептерин иликтеп, “кара кутуну” чечмелөө иштерин Мамлекеттер аралык авиациялык […]

Өмүрбек Текебаев: “Бийлик Ыйман жылы деп коюп элди алдап жатат, 1 миллиард долларга жакын пайда көрүп, контрабанда жасап жатышат”

“16-январь күнү самолет кыйрап, бизде чоң трагедия болду. Мен өкмөттүн келип отчет беришин бир жума күтпөй эле депутаттык комиссия түзүп, парламенттик иликтөөнү сунуш кылам”, – деп билдирди бүгүн, 19-январда КР […]

Рахмондун уулу жетектеген Дүйшөмбү мэриясы президенттик имаратка көчтү

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу жетектеген Дүйшөмбү шаардык мэриясы президенттик аппараттын мурдагы имаратына көчтү. Бул өлкөдө Рустам Эмомали атасынын мураскору болуп, мамлекет башчылыгына барышы мүмкүн деген кептерди күчөттү. Эмомали Рахмон […]

Трамп ММКларга ишенбегендиктен Twitter колдонот

Fox News каналына берген маегинде Трамп Twitter колдонууну улантарын, ММКларга ишенбегендиктен күн сайын аккаунтуна бир нече маалымат жазып турарын билдирди. Twitter аркылуу көз карашын аудиторияга жеткирүүгө ык алган АКШнын шайланган […]

Видео – Мирлан Бакиров: “Жалал-Абадда СДПК менен “Кыргызстан” фракциялары коалицияга кирбей оппозицияда калып, эми сот, прокуратура тарабынан басым жасап жатат”

“Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн 5 фракциянын үчөөсү  “Өнүгүү”, “Ата-Журт” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялары башкаруучу коалицияга биригип, СДПК менен “Кыргызстан” фракциялары оппозицияда калган. Эми алар шаардык кеңештин жыйынына келишпей ишти үзгүлтүккө учуратып […]

Камчыбек Ташиев: Бийлик чычалаганды коюп, башка партияларга иштөөгө мүмкүндүк берсин

“Бүгүнкү күндөгү Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги болуп аткан окуялардын бардыгы бийлик тарабынан уюштурулуп жатат, себеби шайлоо өттү, шайлоодон 5 партия мандаттарын алышты, ал 5 партиянын 3өө биригип, коалиция түзүштү. Ал эми […]

Орусия менен Түркия ИМ тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын жасады

Орусия Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө карата алгачкы жолу Түркия менен биргеликте аба соккуларын жасаганын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун маалыматына караганда, ага Орусия аскердик аба […]

Иран Сирия сүйлөшүүлөрүнө АКШнын катышуусуна каршы

Иран кийинки аптага пландалып жаткан Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө Кошмо Штаттардын катышуусуна каршы экенин билдирүүдө. Tasnim агенттиги билдиргендей, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф “биз аларды чакырган жокпуз, биз алардын […]

Кытай Украина каатчылыгын чечүүгө катышуу ниетин билдирди

Кытай Украинадагы каатчылык боюнча саясий резолюцияга жетишүүдө иштиктүү роль ойноого даяр. Бул тууралуу шейшембиде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин украиналык кесиптеши Петр Порошенкого кайрылып жатып билдирди. Пекин алгачкы жолу Киевге жардам […]

Эдвард Сноудендин Орусияда жашоо укугу эки жылга узартылды

Орусия бийлиги АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин Орусияда жашап туруу укугун дагы эки жылга узартты. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жазды. ЦРУнун […]

Видео – Путин: биздин сойкулар дүйнө боюнча мыкты, бирок “Трамп ага азгырылганына күмөнүм бар”

Орусия президенти Владимир Путин маалымат жыйыны учурунда Дональд Трамп Москвада жеңил ойлуу кыздар менен жолукпаганын, сулуулар сынагында ал дүйнөдөгү эң келишимдүү айымдар менен баарлашканын билдирди. Путиндин айтымында, Трамп бир нече […]

Табылды Акеров, серепчи: Жалал-Абад шаар кеңешиндеги абал революциялык маанайды жаратышы мүмкүн

Саясий серепчи Табылды Акеров Жалал-Абад шаардык кеңештеги түзүлгөн абал боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди: Дүйнөлүк тажрыйба боюнча коалиция түзүлгөндөн кийин ага кирбей калган партиялар биригип оппозициялык блок түзүшөт, же ар кимиси […]

Европа парламентинин жаңы төрагасы шайланды

Европа парламентинин жаңы төрагасы болуп италиялык консерватор, Европа элдик партиясы фракциясынын өкүлү Антонио Таяни шайланды. Ал добуш берүүнүн экинчи турунда 351 депутаттын колдоосун таап жеңишке жетти. Анын атаандашы, социалисттердин өкүлү […]

Ооганстандагы жоочулардын арасында тажик жана өзбек жарандары бар

Ооганстандагы Забуль провинциясынын башчысы Бисмилло Афгонмал аймакта согушуп жаткан террордук топтордун арасында тажик жана  өзбек жарандары бар экенин билдирди. Анын айтымында, куралдуу жоочулар Забуль провинциясындагы айрым райондорду башкарууда. Чиновник аймакта […]

Шайлдабекованын шалаакылыгы

БШКнын төрайымы Шайылдабекованын кыргыз тилин оңдуу билбегенинин айынанбы, же кылган ишине жоопкерчилик ме­нен мамиле жасабаган кайдигер шалаакылыгынын кесепетиби, айтор жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын төш белгисиндеги жазууда оркойгон ка­та бар экен. […]

Алкы бузуктар ажо болом дейт

Ыр-чыр менен башталган Балыкчы-Корумду жолу аягына чыкпай ара жолдо токтоп турат. Аталган жолду реконструкциялоону кытайлык «Лонг Хай» компаниясы колго алат, анда 72 чет өлкөлүк, 474 жергиликтүү жумушчулар иштеп жаткан. Аталган […]

Сооронбай Жээнбеков прези­дент болом деген кыялга жетеленип, жеңил пиар менен алек болуп калды

Учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков прези­дент болом деген кыялга жетеленип, жеңил пиар менен алек болуп калды. Олуттуу социалдык, экономикалык маселелерди чечүүнүн ордуна мектеп, бала бакча, ашкана, көпүрө ачылса, болгон ишин […]

Сыдыковдордун кланы каптады

Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо жыйынтыкталып, жаңы келген депутаттар мэрди да шайлап, өз иштерин баштады. Коомчулукта болсо Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген 45 […]

Бакыт Төрөбаев: «Жалал-Абадда көпчүлүк коалицияга кирбей калган КСДП фракциясы мэриянын жана шаардык кеңештин ишине тоскоол жаратууда»

Жалал-Абад шаарында КСДП фракциясы коалицияга кирбей калып, мэриянын жана шаардык кеңештин ишине тоскоол жаратууда. Кыргызстанда жаман бир адат түзүлүп калды, эгерде кайсы бир шаардык кеңештин коалициясында КСДП фракциясы жок болуп […]

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун жүрөгү да, өпкөсү да КСДПда экен

“Мен КСДП партиясынан кадр катары Жалал-Абад шаарына мэр болуп келгенмин, кызматтык кызыкчылык менен башка кайсы бир партияга жан тартпаймын. Менде андай адат жок”, – деп билдирди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин […]

Олланд Трампка: ЕБге сырттан кеңеш керек эмес

Франция президенти Франсуа Олланд ЕБдин ички иштери тууралуу «сырттан айтылган кеңештердин керек эместигин» билдирип, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Евробиримдикке карата айткан сындарына жооп берди. Мындай пикирин ал АКШнын Франциядагы […]

Украина Орусияга каршы БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды

Украина Орусияга каршы Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Украина Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Марьяна Беца билдирди. Доо арыз Терроримзди каржылоого каршы аракет […]

Өзбекстанда акимдердин иши жаңы система менен бааланат

Өзбекстан президенти өкмөттүн жыйынында калкты иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдө акимдердин жана алардын биринчи орун басарларынын жоопкерчилигин көтөрүүнү талап кылды. Өлкө башчы ар айдын жыйынтыгы менен жаңы жумуш ордун […]

Тажикстан Жогорку соту: өлкөдө адам укуктары бузулган жок

Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён адам укуктарынын ырааттуу бузулушу жөнүнүндөгү маалыматты четке какты. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 12-январда Тажикстанда адам укуктарына байланыштуу абал кескин начарлап кеткенин […]

Казакстанда президенттик аппараттын мурдагы башчысы камалды

Казакстанда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Баглан Майлыбаев камалды. Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, аны менен кошо ички саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Николай Галихин да кармалды. Экөө тең “мамлекеттик сырды мыйзамсыз […]

Ошто кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча бүгүн Ош шаарында өкмөттөр аралык кезектеги жыйын башталды. Эки күндүк жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, өзбек тараптан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов […]

Алайдын жигиттери аялына башкартпайт. Аялга сый гана көрсөтөт

Кечээ, 16-январда Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева телефон чалып, күзүндө өтчү президенттик шайлоодо алардын тарапташтары  Ахматбек Келдибековдун талапкердигин колдогону жатышса “бульдозер” Азимбек Бекназаров  аларды айнытып жатканын кабарлаган.  Биз бул билдирүүгө […]

Сербия поездге байланыштуу окуядан улам Косового аскерлерин жөнөтөрүн билдирди

Поездеги «Косово — бул Сербия» деген жазуудан улам Сербия Косово ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кете жаздады. Сербия президенти Томислав Николич албандыктар тараптан этникалык сербдерге коркунуч жаралса, Косового аскерлерин киргизе турганын […]

Трамп Орусия өзөктүк куралын азайтса санкцияларды алышы мүмкүндүгүн билдирди

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыгуу ыктымалдыгын билдирип, аны орус тараптын өзөктүк куралдарын кыскартуусу менен байланыштырды. Бул тууралуу ал The Times британ гезити менен […]

Парижде Израил менен Палестинаны тынч сүйлөшүүгө чакырышты

70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого, аны бүлгүнгө учуратуучу бир тараптуу аракеттерден карманууга чакырышты. Ошондой эле эки тарапты тең “эки мамлекет” деген мунасага макулдугун расмий […]

Президенттик самолет коюу тумандан улам “Манаска” коно албай көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду

Кечээ, 15-январдын кечинде Кытайдан отпускадан кайткан Алмаз Атамбаевди үй бүлөсү менен алып келгени барган президенттик “ТУ-154” самолету кайра келгенде “Манас” аэропортун коюу туман басып, коно албай Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду. […]

Мирзиёев аскердик-өндүрүш комплексин түзүүнү сунуштады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев армияны жаңылоо максатында аскердик-өндүрүш комплексти түзүүнү сунуштады. Өлкө башчысы бул сунушун Мекенди коргоочулардын 25 жылдыгын белгилөө учурунда айтты. Мирзиёев Өзбекстандын 2021-жылга чейинки комплекстүү программа иштеп чыгып, […]

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Президенттикке Келдибековду колдойлу десек Бекназаров “Келдибековду Акаев сыяктуу аялы башкарат” деп каршы чыгып жатат”

Бүгүн, 15-январда редакциябызга Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева телефон чалды. -Эмне, Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө кол салуу болдубу? – деп сурады шашкалактап. -Кудай сактасын. Биз билгенден кырсыкка учурап, башы аман. Ага […]

Көпөстөр өлкөсүндө: Шаардык кеңешти адаттагыдай эле байдын балдары ээледи

Эскирген жылдын этегинде, т.а. 11-декабрдагы жергиликтуү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, алардын ичинен Социал-демократтар, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон […]

Эң жаш депутат Алымбек Бактыбеков чоң атасы Үсөн Сыдыковдун атын алып жүргөндөн уялганбы же арданабы, айтор өз атасына катталып алыптыр

Ошентип жергиликтүү кеңештин депутаттары өз иштерин баштады. Айыл жериндеги депутаттык шайлоону айтпаганда дагы Бишкек шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоо курч мүнөздө өткөнүнө күбөбүз. Шайлоонун шарапатына аралашып «шайлоо-шайлоо» дегенибиз менен кимдердин депутат болуп […]

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы караңгы түндө таап келип дайындашканбы?”

“БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы Атамбаев караңгы түндө издеп, таап келип дайындаганбы? Мындан жакшысын, калысын, такылдаган-шакылдаган билимдүүсүн таба албай калышканбы?”, – деп ачууланды Нарындан бүгүн, 15-январда телефон чалган Апрель Баатыры Бактыгүл […]