Шаршемби, 18 Январь, 2017 - 14:14
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де-Факто” гезити Чүйдүн тыңчыкмаларын каралоону улантууда

КТРКнын гендиректору кызматын беришкени үчүн Илим Карыпбековдон “Де-Факто” гезитин тартып алышкан СДПКчылар “кара пиардын” араанын Иса Өмүркуловдун атаандаштарына карай ачырды. Акыркы эле санында чүйлүк тыңчыкма Темир Сариевди жамандаган, каралаган 4 […]

Видео – Алмаз Атамбаев уулун аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады

Алмаз Атамбаев уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады. Бул тууралу Сентябрь телеканалы жарыя кылды. Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн Россия Кыргызстанга 1 […]

Иса Өмүркулов Чүйдүн тыңчыкмаларын бир-бирден саясый оюндан чыгарып жатабы?

Бир кезде “Кыргыз темир жолу”  ишканасын башкарып, ал кызматынан Чубактын кунундай чубалган чоң чуу менен кеткен Иса Өмүркулов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.  Ал жерден да […]

Бегалы Наргозуев: “Мени СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити чет элдик атайын кызматтардын агенти деп жарыяласа, “Ата-Журтчу” Ташиевдин сайты ички кызматтардын агенти деп, супершпион кылып салышты.”

Өткөн жумада эң башкы СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити мени чет элдик атайын кызматтардын агенти деп атады. Бирок кайсы мамлекеттер үчүн иштеп, кандай маалыматтарды берип жатканым тууралу бир да […]

Тийген эри жарашса кара катын ак болот…

Сөз эмес бекен?! Бул сөз Сооронбай Жээнбеков үчүн жаралгандай. Бу кишинин бакандай болгон премьер- министр болоорун ким билиптир десеңиз. Эми минтип Атамбаевден кийинки президент болоору тууралуу сөз болуп жатат. Алмазбек […]

Алтынбек Сулайманов бизнесмен Рустам Маманов менен журналист Аслан Сартбаевди “суулады”

Кытайга таштанды темир сатып байыган Рустам Маманов деген бирөө бар, ошол журналист Аслан Сартбаевге “керек болсо Алтынбек Сулайманов менин шоопурум болуп иштеген” деп мактанат. Аны Сартбаев өзүнүн “Азия ньюс” деген […]

Азамат Кыязов, журналист: “Урматтуу Алмазбек ага! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды”

Урматтуу Алмазбек ага! Сиз, кечээ өлкө элин президент катары алтынчы жолу жаңы жыл майрамы менен куттуктадыңыз. Анын ичинде мени да. Мен дагы жооп катары, Сизди бир ирээт куттуктагым келди… Сиз, […]

Фото – Икрам Илмиянов өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөттү

Бул сүрөткө жакшылап баам салып караңыздар, 24-декабрь күнү Ош шаарында жаңы салынган спорт комплексин ачуу учурунда тартылыптыр. Биринчиден, Икрамжан Илмиянов азыр жумушсуздардын катарына кирет. Президенттин кеңешчиси кызматынан октябрь айында бошотулгандан […]

Видео – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын жана арзыматтарын атады

Сөз эркиндигин коргоо комитети 23-декабрь күнү 2016-жылды жыйынтыктап, комитеттин версиясы боюнча жылдын мыктыларын атады. Андан сырткары “Жылдын арзыматы”, “Жылдын дүжүрү” жана “Жылдын балитологу” антисыйлыктары да аныкталды. Булак: Кyrgyztoday.kg Видео: Res Publica

Фотобаян – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын атады

Кечээ, 23-декабрдын кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар менен бирдикте жаңы жылдык кече өткөрдү. Анда 2016-жылдын мыктылары аталып, комитеттин атайын сыйлыктары тапшырылды. […]

Равшан Жээнбеков: “Американын президенти Трамп өзүнө кеңешчи кылып Илон Маскты, Цукербергди, Билл Гейтсти алып жатат, ал эми Атамбаев шоопурун, жан сакчыларын, секретарларын алып жатат”

“Мен акыркы 5 жылда тынбай, байма-бай айтып келатам, мамлекетте бүгүнкү күндө саясый чечим кабыл алган, экономикалык чечим кабыл алган, социалдык негизги чечимдерди кабыл алган бир эле институт бар. Ал президенттик […]

Равшан Жээнбеков: “Атамбаевдин түндүктөн болгону, бийликтин борбору, борбор шаар түндүктөн болгону маселени татаалдантууда”

“Биз чынын айтышыбыз керек, Кыргызстан көбүнчө регионалисттик-трайбалисттик адамдардан жана саясатчылардан турат. Бүгүнкү күндө президент Атамбаевдин түндүктөн болгону, бийликтин борбору, борбор шаар түндүктөн болгону кандайдыр бир деңгээлде саясатчыларды жана коомду же болбосо […]

Өмүрбек Текебаев: “Кой-Таштагы жерди Албек да, Атамбаев да ата-бабаларымдын жери деп жатышат, биринин ата-бабалары Кашкардан, бириники Кокондон келишсе анан каяктан алардыкы болуп калат?”

Жума күнү, 9-декабрда  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда  Өмүрбек Текебаев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун ортосундагы сот кайрадан уланды. Албек Ибраимов  “Текебаев менин ар намысыма шек келтирди” деп 1 миллион […]

Оштун “үч баатырынан” кем калбай биригебиз деген Чүй кланынын “үч баатырынын” чайлашуусу мушташ менен аяктады

Президенттик дымактары бар түштүктүн “үч баатыры” Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев 30-ноябрда саясый күрөшкө биригишкенин, “чоң казатка” чоогу аттанышканын, алардын ичинен бирөөсү президенттикке ат салышарын жарыялашкан. “Манастан Чубак […]

БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов түндө журналист Асланбек Сартбаев менен мушташты

Кечээ, 7-декабрдын кечинде саат 20.00.дө Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Охота на овец” ресторан-түнкү клубунда мушташ чыкты. Анда БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызуу абалында журналист Асланбек Сартбаевдин ыңгайсыз суроосуна ызаланып, колунда […]

Иса Өмүркулов “Де факто” гезитин Жанар Акаевден кайра тартып алыптыр

Алмаз Атамбаев өзүнүн айланасындагы ар бир жан-жөкөрүнө бирден ММК ачып, саясый оппоненттер менен күрөшүүгө, оппозицияны каралоого тымызын тапшырма бергени эбактан белгилүү.  Натыйжада: Абдил Сегизбаев “Эгемен” гезити менен сайтын каржылап, оппозицияны […]

Азимбек Бекназаров: “2011-жылы Атамбаев премьерликтен алынарда Ахматбек Келдибеков сактап калып, Атамбаев аны бетинен өөп, ыйлап, «Ахмат, өмүр бою бул жакшылыгыңды унутпайм» деген”

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган жана “Бизге кандай реформа керек” аталыштагы эскерүү китептерин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый […]

Икрам Илмиянов эмнеге кызматтан айдалып, азыр түштүктө эмне балээни уюштуруп жүрөт?

Өткөн октябрь айынын аягында Алмаз Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Икрам Илмияновду элге себебин түшүндүрбөстөн эле кызматынан кетиргени көп уу-дуу сөзгө негиз болду. Биринчи версия боюнча аны КСДПнын тизмесиндеги кезеги боюнча парламентке […]

Азимбек Бекназаров: “2009-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын Бакиевдер эмес, Атамбаев өзү сындырды, анан Таластан Атамбаевдин башына жоолук салабыз деп аксакалдар келиптир”

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз […]

Видео – Мародерчулук жана башка маселелер боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДПчы Анвар Артыковду бүгүн депутаттар сүйлөтпөй коюшту

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште “Мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына, ошондой эле улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан маселелерди иликтөө боюнча” убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы депутат Анвар Артыков комиссияга көп иштерди иликтөө милдети […]

Видео -Өндүрүш Токтонасыров ким да, Алмаз Үсөнов ким?

Кечээ, 23-ноябрда мурун Курманбек Бакиевдин азыр Алмаз Атамбаевдин пресс-кызматында иштеген кол баласы Алмаз Үсөнов депутат Өмүрбек Текебаевдин Алмаз Атамбаевге импичмент жарыялоо  демилгесин комментариялап жатып, эми Текебаевди түшүнсө болот, ал Кубанычбек […]

Депутат Өмүрбек Бабанов БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабековага кызматын тапшырып кетүүнү сунуш кылды

Кечээ, 22-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелелер боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрайымы, КСДПчы Асел Кодуранова комитеттин мүчөлөрүнө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алып келген мыйзам долбоорун […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бир-эки ай ичинде Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн олуттуу документтерди жыйнап, укуктук факт базасын даярдап бүтүрөбүз”

«Түштүк Кореяда президент айым өзүнүн жакын курбусун жардамчы кылып алып, мамлекеттик иштерге аралаштыргандыгы үчүн Түштүк Кореянын прокурору президент айымдын курбу-жардамчысын суракка алды жана аны күнөлүү деп тапты. Азырынча президентке импичмент […]

Видео – Жаш КВНчилер бийликтин конституцияны өзгөртүү аракетин тамашага алышты

Бүгүн, 21-ноябрда жаш КВНчилер тобу youtube социалдык түйүнүндө бийликтин КР Конституциясынын түп нускасын жоготконун жана жоголгон конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин шакабага алган видеотасма жарыялашты.  

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Текебаев чоң саясатчы, бирок күнөөсү болбосо жөн эле күнөөлөй бербешибиз керек”

“2012-жылы мен премьер-министр болгом, “Мегаком” боюнча ошол эле Соутфилд компаниясы менен биз да кармашып келгенбиз. Жакшылап изилденсе мунун баары чыгат. Ошол кезде депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын ичинде бир нече […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Алмаз Атамбаев 10 гектар жерге Обама менен Меркель куралбаган үй салып жатат. Бул мүңкүрөгөн элди көзгө илбөө, байлыкка чиренүү, мансапка манчыркоо”

“АКШ дүйнөдөгү жападан жалгыз супердержава, эң бай өлкө. Анын президенти дүйнөдөгү эң чоң кызмат адамы. Январда Барак Обама кызматтан кетет. Ал Вашингтондо 8 бөлмөлүү үйдү ижарага жалдап, ошол жерде жашаймын […]

Видео – СДПКчы депутат Төрөбай Зулпукаров спикер Чыныбай Турсунбеков менен мушташууга неге жулунду?

Кечээ, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутаттар УКМКнын атамекенчилер Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор 2012-жылы “Мегаком” мобилдик компаниясынын 51%ын коррупциялык жол менен сатып жиберүү аракетин жасашкан деген дооматын кечке талкуулашты. […]

Видео – Бүгүн экс-генпрокурор, депутат Мыктыбек Абдылдаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтык профессионалдуулугуна шек келтирди

Бүгүн, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынына чакырылган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев атамекенчи депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдор коррупция менен айыпталып жаткан “Белиз-гейт” чыры боюнча депутаттардын алдында билдирүү […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев өлкөнү зордук-зомбулук менен ачык башкара баштады, биз аны токтотушубуз керек”

“Оппозицияны куугунтуктоо бул кулай турган бийликтин агониясы. Атамбаев жасалма документтерди бетке кармап өзүнүн оппоненттерин куугунтуктап кирди. Биз эл аралык адвокаттар менен келишим түзүп, Атамбаев менен Сегизбаевдин калпын далилдеп беребиз. Ошондо […]

Видео – Роза Отунбаева 31-августтагы Атамбаевдин “парламент Отунбаевага ооз ачырбай калган” деген дооматтарына жооп берди

“Азимбек Бекназаров экөөбүз 2005-жылы революциянын алдында Ошто, Жалал-Абадда бирге жүрдүк. Анан 22-мартта Бишкекке бирге келдик. Анан эле 24-мартта кошулгандар көбөйүп кетти. Көкүрөгүн кагып эле бийликти биз алдык, революцияны биз жасадык, […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги, инвестклимат боюнча Кыргызстан Бакиевдин учурунда дүйнөдө 41-орунда эле, азыр Атамбаевдин учурунда 67-орунга түшүп кеттик”

“Урматтуу депутаттар! Кыргызстанда чын эле абал абдан чатак. Биз толук изоляцияда калгандай көрүнөт. Премьер-министр ондоп-жыйырмалап маселе койгону менен Таластын алмасын, Чүйдүн сүтүн, Нарындын этин коңшу өлкөлөргө чыгарганга мүмкүндүк болбой жатат. […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “2010-жылы Кыргызстанга жылына 5 млрд сомго дары-дармек кирсе, 2015-жылы 13 млрд сомго кирип калды, 5 жылда кыргыз эли дары ичип эле жашап калды”

“Азыр эми Конституцияны өзгөртүү боюнча чечим кабылы алынды. Бирок, азыркы өзгөртүлө элек конституция боюнча да Сооронбай Шарипович сизде өтө чоң, эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Сизди президент колдоп жатат, мурдагы башкаруучу коалиция […]

Видео – Канат Исаев, ЖК депутаты: “Алмаз Атамбаев конституцияны одоно бузуп жатат, мыйзам алдында жооп бериши керек. Кыргызстанга 1937-жыл кайра келди”

“Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Кантип президент гарант болот, өзү конституцияны бузуп жатса? Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат “Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясый партияга мүчөлүгүн […]

Видео – Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Журналист Дайырбек Орунбековду 2 млн сом айып пулду төлөй албайсың деп камакка алуу бул – репрессия!”

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аламбет Шыкмаматов 9-ноябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ИИМ министрлигине көрсөтүлүп жаткан Улан Исраиловго суроо берип жатып айтты: “Бүгүн, коомчулуктун эң көп талкуусунда Улан мырза сиздин […]

Бегалы Наргозуев: “Кыргызстан соңку 25 жыл ичинде биринчи жолу быйыл “басма сөз эркиндиги жок” деген өлкөлөрдүн катарына кошулду”

Бегаалы Наргозуев. Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Маалымат каражаттарындагы эркиндик тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун өкүлү Бегалы Наргозуев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди. “Азаттык”: Кыргызстанда […]

Видео – Россиянын НТВ телеканалы “Кыргызстан конституциясын жоготуп алыптыр, Атамбаев барактап көргөнү алып кетсе керек” деп шылдыңдады

Кечээ, 3-ноябрда Россиянын НТВ телеканалынын “Международная пилорама” аттуу сатиралык теледолбоорунда алып баруучу Тигран Кеосаян Кыргызстанда конституция жоголгонун шакаба чегип, Алмаз Атамбаевдин конституцияга бир колун коюп, президенттике ант берип жатканын видеоархивден […]

Алмаз Атамбаев: “Биз конституцияны жиндиден сактаныш үчүн өзгөртүп жатабыз, ким билет президенттикке бир жинди келип калабы кайра”

“Мен Москвада окуп жатканда сопромат, теория машин и механизмов дегендерди окугам да, биринчи институттан, анан ошол жерден үйрөткөн бизди, Советтер Союзунда “защита дураков” деген бар болчу да. Бир жинди келип, […]

Алмаз Атамбаев: “Революциянын атасымын деп бакылдагандарга айтып калайын, 2010-жылы Түлеев менен Урмат Ак үйдү басып алабыз дешкенде баары качып кетишкен, Ак үйдө жалгыз Атамбаев калган”

“Азыр баары бакылдап жатпайбы революциянын атасы болуп, мына айтып калайын, баягыда айтпай калып, ошол бойдон томолонуп кетемби деп кайгырдым ачык айтканда больницадан. 2010-жылы 10-майда Нариман Түлеев контрреволюцияга чыкканда Ак үйдө, […]

Өмүрбек Текебаев: “2010-жылы Убактылуу өкмөт 1993-жылдагы Конституцияга эле кайталы деп туруп алышты, мен Темир Сариев менен Атамбаевге “анда силердин завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер элге кайтарылып берилет” десем өзгөрүштү…

“2010-жылы 18-майда эрте менен мен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаңы Конституция жазылып бүткөнүн жарыялап, талкууну баштоону сунуш кылдым. Ошол учурдун драматизмин силерге айтып берейин. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы чыкты. […]

Өмүрбек Текебаев: “Мен “Убактылуу өкмөт” деген китебиме Атамбаевди киргизбей койгондон тартып, ал Конституцияны өзгөртүүгө, биздин беделибизди түшүрүүгө киришти”

“Менден көп адамдар сурап жатышат, “Атамбаев эмнеге Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат, анын эмне кереги бар?” деп. Быйыл март айынын аягында Атамбаев бизге, фракция лидерлерине “Конституцияны өзгөртпөш керек” деп айткан. […]

Өмүрбек Текебаев: “Роза Отунбаева 2011-жылы 31-декабрга чейин президент болуп олтурмак, Атамбаев аны шаштырып, кетирип, 30 күн мурун эле, 1-декабрда президент болуп олтуруп алды”

-Президенттин аппараты «эмне үчүн Отунбаеванын президент болгонун шашып, ошол күнү жарыялап коюшту. Шашпай эле референдумдун жыйынтыктары гезитке жарыяланган соң жарыялашайбы?» деген суроону коюп жатышат. Эмне үчүн? -Эми шашмалык жөнүндө кеп. […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев эч нерсени түшүнбөгөн адам экен, өзүн да, өлкөнү да уят кылды. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке мыйзамсыз келген”

Кечээ, 25-октябрда Алмаз Атамбаевдин аппараты КР Конституциясынын түп нускасынын жоголушуна Өмүрбек Текебаев баш болгон 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айыптап билдирүү таратышкан. Ошол эле учурда Атамбаев демилгелеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү […]

Видео – “Чабыт”: Бегалы Наргозуев менен Качкын Булатов Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын ыдырашы тууралу ой бөлүшөт

Кечээ, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясы парламенттеги башкаруучу коалициядан чыккандыгын жана былтыр ноябрда түзүлгөн КСДП, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” фракцияларынан турган көпчүлүк коалиция ыдыраганын билдиришти. “Сентябрь” телеканалынын “Чабыт” берүүсүндө экс-депутат […]

Кыргыз кызынан өлкө президентин өстүрүп чыгууну максат койгон саясатчы аялдардын “Аракет” саясый клубу түзүлдү

Кыргыздын Жаңыл мырзадай тайманбас Замира Сыдыкова, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова, Камила Шаршекеева, Мира Жангарачева, Рита Карасартова, Элмира Ибраимова, Динара Ошурахунова, Элмира Ногойбаева баштаган ондогон саясатчы кыздары өткөн жумада саясатчы аялдардын […]

Эмилбек Каптагаев: “УКМКнын ар бир башкармалыгында бирден Россиянын ФСБсынын кызматкери “куратор” болуп олтурушат”

Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана коопсуздугу тууралу кыргыз жарандарынын социалдык түйүндөрдөгү талкуусунан бир шиңгил сунуш кылабыз. Эдил Байсалов: КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков эч нерсени жашырбай, ачык эле […]

Лейлектен кат: “Үка, бир сураныч, Икрамды жазбай эле койсоң, андан көрө Текени жаз, Текенин шоопуру 2010-жылы шоопурлуктан сразу зам.начальник Аламүдүнский РЭО болгон”

Аскат Тейит деген жаш активист жигит социалдык тармактарда байма-бай постторду жазып, өлкөдөгү коомдук-саясый турмушка өзүнүн позициясын билдирип, оозго алынып келатат. Акыркы учурларда ал Текебаевдин эрдигине шыктанып, аны колдогон постторду жаза […]

Видео – Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Алмаз Атамбаевдин бийликке келишине үлүш кошконум үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурайм!”

“Мен Алмаз Атамбаевге дагы кайрылуу жасагым келет. Алмаз Шаршенович, мамлекет жетекчиси өзүнүн элге берген кооз убадалары менен эмес, реалдуу жасаган иштери менен тарыхта калат. Сиз бийликтен кеткенден кийин байлыгымды кантип […]

Жылдыз Мусабекова, КСДПчы депутат: ”Мугалимдер уйчудай, койчудай деп айтты деп арданып бүтө албай жатышат. Арданса оңолушсун. Айрым досторум мен депутат болуп шайлангандан бери ичтеринен көрө албастык кылып келе жатышат”

— Жылдыз Аманбековна, мугалимдерге ачуу сын айтканыңызга эмне түрткү болду? — Биздин комитетке билим берүү тармагын реформалоо боюнча контракт ишти 36 млн Евро, 6 млн евросу техникалык жардам деген маселени карап жатканбыз. […]

Болот Шер шайлоодон кийин Атамбаевди “Алмаз, сен катын экенсин, мобу жоолукту башыңа салып ал!” деп жоолук ыргытканын Бекназаров да далилдеп китеп жазды

У6агында  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары теңата болушкан. Балким алардын көбү Атамбаевден кыйын болушкандыр. Ал эми Атамбаев болгону алардын 3-4 сабында жүргөн саясатчы гана болгон. Алар Атамбаевдин ким экендигин жакшы билишет. Аны […]

Азимбек Бекназаров, экс-башкы прокурор: “Эркебаев “ит куйрук” болсо, Сариев кубулма жүздүү”

Туура бир айдан соң каарманыбыз 60 жашка чыгат. Алтымыштан ашса да арыдым-карыдым дебеген “Бульдозер” журналисттердин, үзөңгүлөштөрүнүн коштоосунда саясатта жүргөн жылдарын, эки революциядагы мээнетин, саясатчылардын чыныгы жүздөрүн камтыган китептерин, документалдуу фильм, […]