Шаршемби, 18 Январь, 2017 - 14:12
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РАСМИЙ КАБАРЛАР

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиациялык кырсыктын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин резервдик фондунан Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын […]

КР Өкмөтү: Ноокат районундагы 130 га жер Өзбекстандын жаранына сатылды деген маалымат – чындыкка дал келбейт

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 130 га жер тилкеси Өзбекстан Республикасынын жаранына сатылган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мал-жандыктарга паспорт берүү ишин күчөтүү зарыл

Мал-жандыктарын идентификациялоо ишин күчөтүү зарыл, – деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 6-январда, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы «ЭлДан Аталык» айыл чарба комплексинин ишмерүүлүгү менен таанышуу учурунда. Бул […]

Алмаз Атамбаев “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады

Алмаз Атамбаев бүгүн, 5-январда, “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти: “Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар […]

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму өз ишин аяктады

Бүгүн, 2016-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму өттү. Күн тартиби боюнча 4 маселе каралды: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2016-жылдын […]

Улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт

Жогорку Кеӊеште «Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө» Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоолорду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда […]

Финляндия Кыргызстандан азык-түлүктөрдү экспорттого кызыктар

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-декабрда, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча улук кеңешчиси жана Элчиси Юхани Тойвонен баштаган делегация менен жолугушту. Премьер-министрге фин тарабынан айыл жана […]

Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешке 5 партия өттү

Бүгүн, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун Бишкек шаары боюнча жыйынтыгын алдын-ала эсептөөнүн негизинде Бишкек шаардык кеңешке 5 партия өттү.  Бул тууралу КР Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү таратты. КСДП – 24,89% […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында жайгашкан, № 1266-шайлоо участкасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда  добуш берди. Эскерте кетсек, шайлоо 22 […]

Өкмөт «119» түз байланышын түздү, ал боюнча бүгүн, 11-декабрда шайлоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча кайрыла алат

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан «119» номери боюнча түз байланыш түзүлдү. Аталган номер боюнча бүгүн, […]

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандар кризистик борборлорго көбүрөөк ишенеби?

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан активист айымдар менен жолугушту. Анда “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу жана анын кесепеттеринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды. Депутат […]

Кыргызстанда курулуш тармагын башкаруу тутуму оптимизацияланат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков курулуш тармагын башкаруу тутумун оптимизациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Инвестициялар, оңдоо иштери […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна жумушчу сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков алыскы бийик тоолуу Алай жана Чоң-Алай […]

Алмаз Атамбаев кыргызстандыктарды Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык тарыхый күнү менен куттуктады

Алмаз Атамбаев кыргызстандыктарды Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык тарыхый күнү менен куттуктады. «Урматтуу мекендештер! Мындан 80 жыл мурда – 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз ССРи союздук республика катары СССР курамына кирген бул […]

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды “Манас” күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 4-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш-чара катышуучуларын “Манас” эпосуна арналган күн […]

КР Өкмөтү: “”Кыргызстан” партиясынын 2018-жылдан тарта энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес”

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде 2018-жылдан тарта ар-бир төрөлгөн ымыркайга мамлекет тараптан 50 миң сом көлөмүндөгү бир жолу берилүүчү финансылык көмөк (энелик капитал) төлөнүп берилерин билдирген. Белгиленгендей, Премьер-министр Сооронбай […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болбойт

Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болбойт, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна […]

Ордо калааны автоунаа менен камсыз кылуу үчүн дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети троллейбустарды сатып алуу жана коомдук транспорт менен камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгуу аркылуу ордо калаанын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасы […]

Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду жаза өтөөдөн бошотуу мындан ары борборлоштурулган атайын медициналык комиссия тарабынан өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу «Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну […]

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Курманжан Датка” ордени жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Курманжан Датка” ордени жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын “Курманжан […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Бишкексүт» ААКнын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, «Бишкексүт» ААКга барып, ишкананын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты. Өкмөт башчы Советтер Союзу жоюлгандан кийин 90-жылдары көптөгөн ишканалар бир катар […]

2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып […]

2015-жылдын республикалык бюджети 6 527 968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкчалыгы менен бекитилүү сунушталды

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен […]

Республиканын укук коргоо органдары «Кыргызтелеком» ААК интернет тарифине бааны көтөрүүсү боюнча материалдарды Башкы прокуратурага берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-ноябрда, Интернет тарифи боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Интернет тарифтерди жогорулатуунун негиздүүлүгү жөнүндө маселе башынын бери өзүнүн көзөмөлүндө турганын баса белгиледи. «Интернет-тейлөөлөргө […]

Кыргызстандын делегациясы транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 26-ноябрда, Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышты. Мухамметкалый Абулгазиев өз сөзүндө туруктуу транспорт боюнча […]

“Ата-Мекен” фракциясы жаны конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо маселесинен кабар алды

Бүгүн, 25-ноябрда “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болду. Анда “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, бул боюнча Тышкы иштер министрлигин жана Мамлекеттик миграция кызматынын […]

Жакартада Кыргызстан менен Индонезиянын Жогорку сотторунун Төрагаларынын жолугушуусу болду

Сот реформасынын алдыңкы тажрыйбасы боюнча таанышуу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы Индонезиянын Жогорку сотунда болушту. Жолугушууда соттук реформанын концепциясын, укук үстөмдүгүнүн […]

Италия менен дипломаттык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына […]

Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Франция менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «2016-жылдын 15-апрелинде Париж шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Француз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» […]

Жогорку Кеӊештин 5 тармактык комитетинин төрагалары шайланды

Кечээ, 23-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова […]

Мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына, ошондой эле улутташтырылган объекттерди сатып өткөрүүгө байланышкан маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу

2010-жылы болуп өткөн мародёрчулук, банктык уюкчаларды талап-тоноочулук фактыларына,  ошондой эле мурда К.Бакиевдин тегерегиндегилерге (М.Бакиевге, А.Ширшовго, А.Елисеевге), К.Батыровго таандык болгон “Альфа Телеком” ЖАК-н (Мегаком), “Бишкек муӊайзат компаниясы” ЖАК-н, “Дастан” ТУК ААК-н, […]

Бийик тоолуу, шарты катаал, барууга кыйын райондорго кадрларды тартуу аракеттери көрүлүүдө

Коэффициенттер белгиленген райондордо айкалыштырып иштеген кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөмдөр каралууда. Бул бийик тоолуу шарттарда иштеген өкүлдөргө тиешелүү.  Мындай түзөтүүлөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине” кошумчаланууда. Бул багытта Өкмөт менен ЖК депутаттары Ч. […]

Турдуназир Бекбоев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда

2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу […]

Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринин курамында бир катар өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеӊеш тармактык комитеттердин курамын өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды. Ошентип, жаӊыдан депутат болуп келген Нурмахаммат Баяхунов (КСДП фракциясы) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча […]

Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген КР Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 17-ноябрда өткөн жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришти. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга ылайык, […]

Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоору жактырылды

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары кечээ, 16-ноябрда, Москва шаарында, Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоорун бекитти. Талкуу жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Москва шаарына келди. Эртең, 16-ноябрда өтө турган Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында […]

Кыргыз жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат

Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Орусия мигранттарына ыӊгайлуу шарт түзүүгө багытталган «Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган КР менен РФ ортосундагы КР жарандарынын […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан сунушталды. Заводдун […]

Лунара Мамытова Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Мамытова Лунара Улукбековна Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрүп, жакынкы келечекке карата бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү менен ишеним […]

Алмаз Атамбаев оффшордук компаниянын Жогорку Кеңештин үч депутатынын пайдасындагы акциялары боюнча траст документтерин текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды

Алмаз Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.  Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кезинде кыргызстандык “Альфа Телеком”   ЖАКтын 50 пайыз акцияларына ээлик […]

Фото – Бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Алмаз Атамбаевге атамекенчи 3 депутаттын “Мегаком” компаниясын сатуудан түшкөн $ 50 млн долларга кандай тиешеси бар экендигин айтып берди

Алмаз Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. УКМК башчысы буга чейин депутаттар тарабынан айтылып жана ЖМКлар […]

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Алмаз Атамбаев кечээ, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык: Осмоналиев Акылбек Шарипович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз […]

Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Султанбекова Чолпон Аалыевнаны Кыргыз Республиксынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Панкратов Олег Михайловичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын […]

Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 11 ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Разаков Жеңиш Парпиевичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп Кыргыз Республиксынын вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралу […]

Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Абулгазиев Мухамметкалый Дюйшекеевичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралу […]