Дүйшөмбү, 23 Январь, 2017 - 2:26
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Макс Мырза Маданиятка жаңы долбоор менен чыгат

Эки тизгин бир чылбырды колго алган актер жана ырчы Макс Мырза Маданият каналы менен биргеликте экранга жаңы долбоорду жүзөгө ашырмакчы. Бул теледолбоор жөнүндө сизде кызыгуу жаралса Макс Мырзанын өз оюн […]

Баткенде кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы өттү

Кыргызстандык жана тажикстандык жаштардын катышуусундагы “Кербен-шоу” деп аталган фестиваль эки өлкө ортосундагы алты чектеш аймакта өттү. Баткен облусунун Жаңы-Жер, Кулунду, Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айылдарында өткөн иш-чарага 600дөн ашуун […]

Өзбекстан Оштогу Бабур театрына жардам берет

Күн мурун Өзбекстандан Ошко делегация келди. Сүйлөшүүлөргө журналисттер киргизилген жок. Сапар жүрүшүндө меймандар Бабур атындагы өзбек академиялык театрында болуп, актерлордун иши менен таанышышты. Театрдын жетекчиси Набижон Мамаджановдун айтымында, жолугушуу маалында […]

Назира Токонова, ырчы: “Мырзалар “ырчылыгыңды түшүнөм, ырдатам” деп алып алышып, турмуш кургандан кийин кызганычтын айынан чыгарбай коюшат”

Түшүмө кирбей койдуң” – дал ушул саптары менен элдин купулуна толгон, му­кам үнү, ай чырайлуу келбети менен далай мырзалардын жүрөгүнө чок салган ырчы Назира Токонова ме­нен маектештик. – Назира, эл […]

Улуттук китепканада драматург Бакы Өмүралиевдин 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө драматург Бакы Өмүралиевдин 85 жылдыгына арналган “Белсемдүү драматург” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Драматург жана актер […]

Мамлекеттик тил “Маданият, тарых, тил” каналында

КТРКнын “Маданият, тарых, тил” каналындагы ар шаршемби сайын чыгуучу “Улут наркы – улуу тил” берүүсүндө “Мамлекеттик тил жана Ыйман, адеп жана маданият жылы” темасы коюлуп, студияда КР Президентине караштуу Мамлекеттик […]

Академик Акматалиевдин “Манастан” Айтматовго карай…” китеби чыкты

Манас эпосу, фольклор, акындар поэзиясы, профессионалдуу адабият жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын маселелерин камтыган китеп жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө “Улуу тоолор” басмасында жарык көрдү.          “Манас” эпосу – Чыңгыз Айтматовдун руханий […]

Асейин Саралаев: “Шайтан келип сийип кетсин оозуна, Бакиевди кимдер айтса жаман деп!”

Бериянын бет каптарын кийишип, Кимдер жүрөт “кара тизме” чийишип? Сары катын бүт кыргызды тескейт го, Тилден толгоп жез кемпирдей тийишип… Баштарына “маңкурт” топу кийишип, Кимдер жүрөт өз журтуна тийишип? Кадыржандан […]

Президент канча китеп жазганын билбей койгон министрдин орун басарын КСДПчы депутат бир каарып алды

“Президентибиз быйылкы, 2017-жылды  Маданият, адеп жана ыйман” жылы деп жарыялап жатса Билим берүү министрлиги кыргыз адабиятын мектептерде окутуу саатын кыскартып жатыптыр. Бул эмне деген уятсыздык! Эгер адабиятты окутууну кыскартсаңар биздин […]

АКШда “Алтын глобус” киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

«Алтын глобус» сыйлыгында «Айлуу жарык» тасмасынын режиссеру Барри Женкинс «Мыкты драма» номинациясы боюнча лауреат болду. Лос-Анжелесте 74-ирет кино сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. «Алтын глобуста» «Ла-Ла-Ленд» мюзиклиндеги жаш актриса менен пианисттин […]

Академик А.Эркебаевдин «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» деген китеби жарык көрдү

Академик «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» китебинде мамлекетибизде өткөн жана учурда болуп жаткан орчундуу окуяларга, кырдаалдарга бай тажрыйбалуу саясатчы, коомдук ишмер катары баа берген. Ал «Карегимде Кара-Тейит», Баткен согушунун сабактары жөнүндө», […]

Динара Акулованын кызы Малика-Дина алдамчылыкка шектелүүдө

Ушундай маалымат тарады интернет айдыңында. Кокуйгүн деп эле калдык алакан чаап. Ди­нара Акулова кызы Маликаны жалгыз бой тарбиялап, өстүрүп, эрезеге жеткирип, турмушка узатып, учурда таене болуп отурганын билебиз. Анан кандай […]

Алмаз Атамбаев “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады

Алмаз Атамбаев бүгүн, 5-январда, “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын тексти: “Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар Кыргыз Республикасында оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар […]

Видео – Кайрат Примбердиев Россиянын “Голос” конкурсунун финалына чыкты

Кечээ, 23-декабрда Россиянын “Голос” конкурсунун жарым финалы болуп өттү. Ага белгилүү ырчы Дима Биландын тобунда катышкан Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев  америкалык өнөрпоз Дженнифер Хадсондун And I Am Telling You аттуу […]

Кыргызстандын “Азия Микс” командасы КВНдин Жогорку лигасынын 2016-жылдагы чемпиону болду

Кечээ, 23-декабрдан 24-декабрга караган түнү КВНдин Жогорку лигасынын финалдык оюну болуп Кыргызстандын “Азия Микс” командасы чемпиондукту жеңип алды. Эл аралык КВН союзунун Жогорку лигасынын финалдык оюнунда 5 команда ат салышып […]

Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын жарыялайт

Жума күнү, 23-декабрда Сөз эркиндигин коргоо комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер менен жаңы жылдык кече өткөрөт. Анда 2016-жылдын мыктылары аталып, комитеттин атайын сыйлыктары тапшырылат. Жылдын мыкты адамы Жылдын мыкты жараны […]

Фото – Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси болуп өттү

Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси 16-декабрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өттү. Анда акындын ырлары окулду. Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз […]

Шайлообек Дүйшеев “Манас” эпосун бурмалаганбы?

Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү”  аттуу китебине адабиятчы, филология илиминин кандидаты Аскар Медетовдун пикири. (2-макала) Жолой Сагымбайда мындайча сүрөттөлөт: Комдонуп жаткан кара иттей, Маңдайында кашы бар. Козголуучу дөө эмес, Даш […]

Фото – Жаш илимпоздор арасында “Манас” эпосу боюнча сынак өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Манас” эпосун изилдөө боюнча “Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак 2016-жылдын 16-декабрында А.Осмонов атындагы […]

Видео – Кыргыз адабиятынын бестселлери кайсылар?

Журналисттер дүйнөлүк көркөм адабияттын эң көп окулган бестселлер китептерин атап, ошол эле учурда кыргыз адабиятынын бестселлер китептери кайсылар экенин изилдеп көрүшкөн. Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2016-жылдын февраль айынан тартып, “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү, тил, […]

Улуттук илимдер академиясында “Айтматов окуулары-2016” иш-чарасы өттү

Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы кезектеги “Айтматов окуулары – 2016” илимий-практикалык иш-чарасын өткөрүлдү. Кыргыз элинин атагын алыска тааныткан, дүйнөлүк аренада эбегейсиз орду бар, чыгармалары 180ден ашык […]

АКШ өкмөтү кыргыз мектептерине 261 миңден ашуун китепти белекке берет

АКШ элчилиги өлкөдөгү башталгыч класстар үчүн 261 миң 500 китеп берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Улуттук адабият күнүнө байланыштуу иш чарада билдирди. Элчи быйыл эки өлкө кызматташуунун […]

Оштогу мектептерде “Улуттук адабият жумалыгы” өтүүдө

Ош шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринде 5-декабрдан баштап “Улуттук адабият жумалыгы” кызуу өтүүдө.  Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-кызматы маалымдады. Жумалык “Манас” эпосунун күнүнө карата окуучулар арасында өткөн […]

Атамбаевдин сөзүн сындап ыр жазган акын тергөөгө чакырылды

Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков социалдык тармакка жарыялаган ыры үчүн тергөөгө чакырылды. Бул тууралуу Ормуковдун өзү билдирди. Анын айтуусунда, Башкы прократура кызматкерлери ал жазган ырда аймактык кастык козутуучу жана президенттин аброюна […]

Бейшеев Закон Кыргыз энциклопедиясы үчүн жаралган инсан

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы №121-б буйругуна ылайык 2016-жылга карата жалпы улуттук жана эл аралык маанидеги юбилейлик иш чаралардын тизмегине кирген, КР маданиятына […]

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды “Манас” күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 4-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш-чара катышуучуларын “Манас” эпосуна арналган күн […]

Астанада Кыргыз адабиятынын борбору ачылды

Астанада Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабиятынын борбору ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Борбордун ачылышы эки элди руханий жактан жакындатып, кыргыз адабияты менен таанышканга мүмкүнчүлүк түзөт. Борбор Кыргызстан […]

Нооруз ЮНЕСКОнун маданий мурасы катары таанылды

Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим 30-ноябрда Эфиопияда өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды. Ноорузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине […]

Чынгыз Айтматовдун “Флейта и земля” деген чыгармасы табылды!

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля”  (“Чоор жана жер”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды. Бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жылдар мурда кабардар болгон эле. Бирок, […]

Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 24-ноябрда  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө  Кыргыз  эл  акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдыгына арналган  – […]

Жалал-Абадда “Ариет” балдар чыгармачылык борбору 20 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Ариет” балдар чыгармачылык борбору түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Мааракелик салтанат Барпы атындагы драма театрда өтүп, област жана райондордон көптөгөн коноктор катышышты. Салтанаттуу азем Жалал-Абад шаарында […]

Фото – Жалал-Абадда Бахтын, Штраустун, Глинканын шедеврлери жаңырат

Жалал-Абад шаарындагы Барпы драмалык театрында 25-ноябрь күнү дүйнөлүк музыкалык маданият тарыхына өчпөс из калтырган Бахтын, Штраустун, Глинканын күүлөрү жана романстары, кыргыздын музыкалык классикасынан Токтогул Сатылгановдун күүлөрү, элдик күүлөр жаңырып, шаардыктарга […]

Фото – Жалал-Абадда «Биз Манастын урпактарыбыз» аттуу жаш манасчылардын конкурсу жыйынтыкталды

Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган мектептер арасындагы  «Биз Манастын урпактарыбыз» аттуу конкурс жыйынтыкталып, манасчылыктан жеңип чыккан окуучуларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралу аталган борбордун директору Жыпар Аманкулова билдирди. […]

Фото – “Тарых жана маданият” жылына арналган Көркөм окуу сынагы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурган республикалык Көркөм окуу сынагын жыйынтыктады. Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык […]

Боб Дилан адабият боюнча Нобелди алууга барбайт

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаты Боб Дилан 10-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземине катышпайт. Бул тууралуу Швеция академиясы билдирди. 16-ноябрда таратылган билдирүүдө ал өзү академияга кат жазып, сыйлык үчүн […]

Улуттук китепканада “Аялзат жарык дүйнө жыргалысың, Акындын жазып бүтпөс ырларысың!” аттуу китеп көргөзмөсү өтөт

Бүрсүгүнү, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө “Аялзат жарык дүйнө жыргалысың,                       Акындын жазып бүтпөс ырларысың!” аттуу китеп  көргөзмөсү жана “Кыздар ай-Балдар ай”  адабий чыгармачылык бирикмесинин  акындарынын «Байдылда […]

Дүйшөмбүдө иран режиссерунун Мухаммед пайгамбар тууралуу тасмасы көрсөтүлөт

Белгилүү иран режиссеру Мажид Мажидинин “Мухаммад: Жараткандын элчиси” (“Мухаммад Расулаллах”) аттуу тасмасы Дүйшөмбүдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тажикстандын Кинематографисттер бирлигинин төрагасы Сафар Хакдодов билдирди. Анын айтымында, тасма кинематографисттер менен маданият ишмерлеринин […]

Белгилүү түркмөн ырчысы 12 жылга соттолду

Белгилүү түркмөн ырчысы Назир Хабибов жеке колдонуу үчүн бир канча жолу маңзат сатып алгандыгы үчүн 12 жылга соттолду. Бул тууралуу көз карандысыз ММКлар жазышты. Басылмалардын маалыматы боюнча, соттон кийин түркмөн […]

Видео – Абдылда Иманкулов, куудул: “Бизге Бишкектен ар кандай шылтоолор, бут тосуулар менен концерт койгонго залдарды бербей жатышат. Акаев менен Бакиев замандарында да мындай куугунтук болчу эмес”

“Мен жыл сайын Бишкекте жазында, анан күзүндө эки концерт берчүмүн. Быйыл күзгү концертти даярдап алып, 3 айдан бери зал алалбайм. Ар кандай шылтоолор менен, ар кандай бут тосуулар менен бизге […]

Видео – Рахман Разыков, куудул: “Бизге Бишкекте залдарды бербей, концерт койдурбай жатышат, 4 айдан бери концерт коё албайбыз”

“Биздин Текебаевди сындаган интермедияларды көрүп Текебаев “жакшы интермедиялар болуптур, негизинен ушинтиш керек өзү, коомду сындап тура турган бирөөлөр болуш керек” деп айтты. Таңгалычтуусу чоңдордон  ушуну эч ким айткан жок эле, […]

Тамара Исабекова, КР эмгек сиңирген артисти: “Илгери “артистти аялым, шоферду күйөөм дебе” деген лакап бар эле”

Жакында эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен КР эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган белгилүү ырчы-аткаруучуларыбыздын бири Тамара Исабекова 34 жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенет. Кадимки булбул […]

Видео – Санжар Москвада таксист да, акын да. Кыргыз гастарбайтерлеринин кадыресе күндөрү

Кыргызстандан Москвага жумуш издеп келишкен короо шыпыргычтар, официанттар, үй кызматкерлери жана курулушчулар өздөрүнүн турмушу, Мекени жана сүйүү тууралу ырларды жазышат. Бош убактыларында жыйналышып, бири-бирине жаңы жазган ырларын окуп беришет. Албетте […]

Лондондо чабылган колдор Бишкекте да уланса экен

Айтылуу калемгер Султан Раевдин «Суфлер» пьесасынын негизинде коюлган спектакли тээ тумандуу Альбиондо – Лондон шаарында коюлуп, «аншлаг менен өттү!» деп палван өзү бул гезитке маек куруптур. Кут болсун! Бирок, аншлаг […]

Эльмара Турсуналиева, алып баруучу: “Диджейдин көркү үнүндө”

Бала күнүмдө радиодо Эльмара Турсуналиеванын үнү жаңырганда ушул эжекедей таттуу сүйлөгөн кыз болом дечүмүн. Убакыт өтүп эс тарта баштаганда кыргыз радиосундагы заманбап диджей деген түшүнүктүн сап башында турган, алгачкылардан болуп […]

Акмарал Сабатар, НТС телеканалынын кыргыз редакциясынын редактору: “Журналистиканын чыныгы түйшүгүн, табиятын, оор талаптарын НТСке келгенде билдим”

– Акмарал, азыр иштин майын чыгарасың. Башында журналистиканын кайыгына түшө албай кыйналган учурларың болду беле? -Албетте, кыйынчылыгы жок ийгилик болбойт эмеспи. Студент кезде радиолордон, телеканалдардан тажрыйба алганым менен журналистиканын чыныгы […]