Шаршемби, 18 Январь, 2017 - 14:10
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Былтыр Өзбекстанда калктын саны жарым миллион кишиге көбөйгөн

Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 32 миллион 121 миң адамды түздү. Өзбек окумуштуулары мындай көрсөткүч 2020-жылы болорун боолголоп жатышкан. Былтыр калктын саны жарым миллионго […]

ИИМ учак кырсыгына байланыштуу соцтүйүндөрдөгү аймактык козутуу белгилери бар терс пикирлерди көзөмөлдөөдө

ИИМ  “Манас” аэропортундагы учактын кыйрашына байланыштуу социалдык түйүндөргө терс пикир жазгандарды көзөмөлдөп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова кырсыкта курман болгондорду табалаган жарандын Фейсбуктагы билдирүүсүнө укуктук […]

Омбудсмен Оторбаевдин башы ордундабы?

Учрдагы КР Омбудсмени Кубат Оторбаев да мурдагы омбудсмендердин жолоюна түшүп алгансыды. Тагыраак айтсак, ал бүгүнкү күндө криминалдык топтун мүчөсү болгон, үйүнөн курал-жарактын октору, бро­нежилет, бет кап (маска), наручник жана башкалар […]

Соцфонддон уурдалган 10 миллион сомдук жемкорлуктун учу Мухаммедкалый Абулгазиевге такалабы?

Бишкектин Биринчи май райондук Социалдык фонд башкармалыгынын адистери 10 миллион сомго жакын акчаны кымырып алган деп шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аудит жыйынтыктары боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматка караганда, 2014-2015-жылдар […]

Аскаровдун соту кайрадан кийинкиге жылды

Аскаров өзү жана анын адвокаттары адилет чечим чыгарып, актап берүүнү, мамлекеттик айыптоо тарап аны кайра өмүр бою абакта калтырууну сураган. Өкүм бүгүн окулары күтүлүп жаткан. Бирок сот аны угузууну 24-январга […]

Ноокен районунда “Манас” Эл аралык аэропортунда авиакыйроодон каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди

Бүгүн, 17-январда Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылында “Манас” Эл аралык аэропортунда “Боинг” 747 учагынын кыйроосунан каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди. Каргашалуу кыйроодон каза болушкан ушул айылдын […]

«Жаштар эмне дейт?» аттуу теледебаттын алгачкы тренинги болуп өттү

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жыйындар залында «Жаштар эмне дейт?»  аттуу теледебаттын алгачкы тренинги болуп өттү. ОшМЮИнин жаштар комитетинин жана Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган теледебатка республикабыздын Түштүк […]

Жалал-Абадда КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 17-январда  КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынын өткөрдү. Жыйынга областтык бир катар тармактардын жетекчилери жана массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү катышты. Өткөн жыл ичинде аткарылган иштер боюнча […]

Жалал-Абадда жумуш күнү курман болгондорду эскерүү менен башталды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясында жана муницпалдык мекемелерде иш күнү Чүй областындагы авиакырсыктан курман болгндорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынан шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаев […]

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жамааты авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам берет

Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиянын жамааты чукул жыйынга чогулушту. Жыйында авиакырсыктан жабыр тарткан үй бүлөлөргө материалдык жардам […]

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө иш күнү күтүүсүз кырсыктан каза болгондорго аза күтүү митинги менен башталды

 Бүгүн Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат кызматкерлери иш күнүн аза күтүү митинги менен баштады. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев күтүүсүз кырсыктан каза болгондор […]

Учактын кыйрашынан каза болгон мекендештерибизге Жалал-Абад областынын бюджеттик мекемелеринде иштегендер бир күндүк эмгек маяналарын которушат

Кечээ, 16-январда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев областтык бюджеттик мекеме ишканалардын жетекчилери менен атайын жыйын өткөрдү. Анда “Манас” Эл аралык аэропортуна жакын жерде авиакатастрофадан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселеси каралып талкууланды. Областтык […]

Видео – Равшан Жээнбеков: “Акыркы учурларда бийлик тарабынан сөз эркиндигине куугунтуктоо, басым жасоо күчөп баратат”

Бүгүн, 16-январда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир дүйнө -Кыргызстан” жана “Кылым шамы” уюмдары  Эркиндик жана тилектештик форумун өткөрүштү. Анда чыгып сүйлөгөн Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Равшан […]

Орусия тажик мигранттарынын пенсия чегерүү долбоорун кабыл алган жок

Орусия өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоону жөнгө салуу тууралуу тажик бийлиги сунуштаган макулдашуу долбоорун кабыл алган жок. Долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн тажик тарапка жөнөтүлдү. Москва макулдашуу […]

Oxfam: байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым рекорддук чекке жетти

Сегиз мультимиллиардердин байлыгы Жер шарында жашаган 3,6 миллиард калктын мүлкүнөн ашып түштү. Иликтөөлөрдү жакырчылык менен күрөшкөн Oxfam уюму жарыялады. Баяндамага ылайык, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым рекордук чекке жеткен. Байлардын […]

Алматыда каттоо үчүн кезекке туруу маалында дагы бир адам көз жумду

Алматыдагы калкты тейлөө борборунда бир киши кайтыш болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондорго шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар кабарлашууда. Райондук ички иштер департаменти орто курактагы эркек кишинин каза тапканын тастыктады. Күбөлөрдүн […]

“Манас” аэропортундагы авиакыйроого байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын лидеринин көңүл айтуусу

Бүгүн эртең менен саат 7:30 чамасында «Манас» аба майданына жакын орун алган Дача-Суу айылына кулап түшкөн учактын кесепетинен 30дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык адам жабыркаган. “Ата Мекен” партиясы […]

WSJ: Швейцария прокуратурасы Гүлнара Каримованы суракка алды

World Street Journalдын (WSJ) маалыматына караганда, Швейцария прокуратурасы коррупция боюнча тергөө иштерине байланыштуу Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованы суракка алды. Басылманын суракка катышкан юристке шилтеме кылып […]

Ренат Самудинов, жарандык активист: “Медицина тармагын министр Батыралиев талкалап бүттү”

Эл арасында эзелтен эле салматтыкты сактоо тармагына ка­рата дооматтар айтылып келет. Атүгүл бир катар сурамжылоолор жүрүп, алардын жыйынтыгы менен коррупциялашкан мамлекеттик органдардын сап башында турат. Ошондой эле врачтардын кесипкөйлүгү учурдун […]

Кыргызстанда ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт

Өлкөдө ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин  отчетунда айтылат. Мекеменин маалыматына караганда, эркек-аял дебей, 20-29 жашында турмуш кургандар көп. Бул куракта үйлөнгөндөр расмий түрдө никеге […]

Түркмөнстанда ден соолук жылында дары-дармек кымбаттады

Быйыл жыл башынан бери Ашхабадда дары-дармек эки эсеге өсүп, мамлекеттик дарыканаларда тартыштык пайда болууда. Ошол эле маалда 2017-жыл Түркмөнстанда ден соолук жылы деп жарыяланган. Жыл жаңыргындан бери дары-дармектин наркы 80 […]

Мээрбек мырза, мээни текшертиңиз, мээни

Саясатты жалаң эле агрессияга чулгай бербей, айрым учурда маанайды көтөрө турган оюндары ме­нен сергитип турган саясатчылар да бизде арбын эмеспи. Кайсы бирин айтууга болот деп баш адашат. Сахнадагы куудул, маскарапоздордон […]

Мүлк фондуна төрайым болуп Аманбай Кайыповдун карындашы келеби?

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мелис Мамбетжанов 21-декабрь күнү кызматтан алынганын эске алсак, бүгүн туптуура 22 күн өтүптүр. Бирок бул орун бош турганы кызык же […]

СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де-Факто” гезити Чүйдүн тыңчыкмаларын каралоону улантууда

КТРКнын гендиректору кызматын беришкени үчүн Илим Карыпбековдон “Де-Факто” гезитин тартып алышкан СДПКчылар “кара пиардын” араанын Иса Өмүркуловдун атаандаштарына карай ачырды. Акыркы эле санында чүйлүк тыңчыкма Темир Сариевди жамандаган, каралаган 4 […]

Конушбаев “коңулдан” бирдеме көргөн өңдөнөт

Айрым депутаттар чындап эле мамлекеттин тагдыры үчүн маселе козгоп талкуулап атышса, айрымдар караманча эле башын коңулга тыгып, уйку-соонун ортосунда олтурушат. Ошол эле маалда жеке кызыкчылыктар үчүн да ара-чолодо сүйлөй кал­ган […]

Ак-Талаанын акими Семетей Черикбаев өзүн аким эмес эле президент сезип калгандай

«Көрбөгөндун көргөнү курусун» дейт кыргыз эли. Маңызы – бир байкуш эч нерсеге жетпей жүрүп ко­луна карга чычып бир нерсеге жетип калса, асман айдан секирип, атасын да тааныбай калат дегендик. Анын […]

Куруучуларды алдаган Замир Эсенаманов менен Самат Таштанбеков саясатты кыйрата алышабы?

Азыркы кыргыз саясаты шылуундардын коргонуучу куралы болуп калгандай. Мына мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов менен Бишкек шаардык кеңештин ушул чакырылышындагы жаш депутат Самат Таштанбековдордун афёралык кыңыр иштери биздин колубузга […]

Абулгазиевге таянган Абдыжапаровдун амбициясы ашынганда

Коомубузда ар түркүн көрүнүштөр кездешет. Кадимки «Маугли» мультфильмин баарыбыз эле көрүп чоңойбодукпу. Мына ушул чыгарманын автору атактуу англиялык жазуучу Р. Киплинг «Мауглисин» жазып атканда анын каармандары Азиянын бир бурчундагы Кыр­гызстан […]

Данияр Абдыкаров ак да, көк да дебейт. Абийир алдында “муунуп” турабы?

Адамды тескеп, ашыкча сугалактык, ыплас сезимдерге берилүү, карасанатайлык, көрсезимдик дегендерден ылгап турган абийир түшүнүгү бар. Бирок ушул түшүнүк айрымдарда алдаганча бийик болсо. айрымдарда абдан тайкы экени айгине. Өзгөчө абийир соту […]

Капчыгы калың Мамасадык Бакиров баарын сатып алгысы келеби?

Интеллигенция, коомдук, мамлекеттик ишмерлер дегендерибиз абдан майдаланып кетти. Бүгүнкү күндүн өкүлдөрү баарын материалдык чен-өлчөм менен карап жатат. Албетте, бул өкүнучтүү. СССР «улуу жол башчы» деп атаган Ленин «бийликке бизнесмендер, акчалуулар […]

Игордун “ити” каяктан чөп жеген?

ЖК депутаты Игорь Чудиновду кимдер гана тааныбайт? Учурунда экинин бири болуп өкмөт башчылыкты дагы аркалап турбадыбы. Жөн гана мамкызматты аркалабай чөнтөгүн болжолсуз кампайткандардын анык бири эмеспи. Качкын прези­дент Курманбек Бакиевдин […]

Текебаевдин туулган күнүнө чогулган акчалар кайда?

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү 2010-жылдан кийин “бузулуп” бул саясий уюмдун катарындагылар ыпылас иштерге барганы далай жолу айтылды. 7-апрелде эл кан жутуп турганда Бишкекти тоноп, партиянын “бучек” чегип жүргөн өкүлдөрү мультимиллионерге айланганы […]

Эми Өзбекстан жарандары ажылыкка бир гана жолу бара алышат

2017-жылдан тарта Өзбекстанда эки жолу ажылык сапарга чыгууга тыюу салынды. Мындай жаңы тартиптин киргизилгендиги тууралуу өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, 15-декабрда Ажылык жана умра сапарларын […]

№27 абакта 20 чакты киши ачкачылык жарыялады

№27 абакта 20 чакты киши ачкачылык жарыялады. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты. Алар жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандарды эки-үчтөн кылып, өзүнчө камераларга бөлүп кармоо шартына […]

Астанада казак кыздарынын кытайлыктарга турмушка чыгышына нааразы болушууда

Казакстандын баш калаасы Астанада 12-январда жарандык активисттер нике агенттиктердин биринин алдына акцияга чыгышты. Алар агенттиктин “казак кыз-келиндерди кытай жарандары менен тааныштырабыз” деген жарнамасына нааразылык билдиришти. Активисттер казак кыздарына үйлөнөм деген […]

Элмурза чачкан жемге кукулуктап…

Мурдагы экс-прокурор Элмурза Сатыбалдиев түрмөдөн чыкты. Аны Сатыбалдиевден учурунда тыйын-тыпыр алып мактай коюп жүргөн айрым жагымпоздор жоо чаап келгендей жар салышып, “Элмурзаны достору зектерди таң калтырып тосуп алышып үйүнө алып […]

Ислам Каримовдун китеби сатылышы боюнча биринчи орунга чыкты

Ташкентте өткөн «Китептер дүйнөсү» соода жарманкесинде 2016-жылы Өзбекстанда эң көп сатылган китептердин рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу өзбек ММКлары жазышты. Коомдук-саясий адабият багыты боюнча Ислам Каримовдун «Юксак маънавият – енгилмас куч» […]

Журналисттер комитети Дүйнөлүк банктан Кыргызстанды каржылоону токтотууга чакырды

Штаб-кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык журналисттерди коргоо уюму Азимжан Аскаров бошотулмайынча, Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууга чакырган катын Дүйнөлүк банктын жетекчиси Жим Ен Кимге жолдогон. Катта Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы базар экономикасын […]

Казакстанда сот күнөөсүн моюнга алган Габдуллиндин ишин кыскарткан жок

Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана «Радиоточка» сайтынын ээси Бигелди Габдуллин «күнөөсүн моюнуна алгандыгы» кабарланууда. Ал күзүндө пара талап кылууга айыпталып камакка алынган. Жергиликтүү ММКлар ал  жабырлануучулардын чыгашасынын ордун […]

Тажикстанда никени мечит имамдары гана кыя алат

Тажикстанда мындан ары никени ар бир молдо эмес, мечит имамдары гана кыя алат. Ал эми бул эрежеге баш ийбеген молдолорго административдик айыппул салынат. Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комитет парламенттин […]

Өзбекстан ИИМи мунапыс алдында калк менен интерактивдүү жыйын өткөрөт

Өзбекстан ИИМи 2016-жылы октябрда кабыл алынган мунапыс токтомунун аткарылышы боюнча келерки жумада калк менен интерактивдүү жыйын өткөрөт. Өзбекстандыктар 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча 10:00дөн 13:00гө чейин «ыкчам линия» аркылуу өз суроолорун […]

Кыргызстан санариптик телеберүүгө быйыл 15-майда толугу менен өтөт

Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө толугу менен 2017-жылы 15-майда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди. Анын айтымында, санариптик телерадиокөрсөтүү сигналы өлкө калкынын 95 пайызына жеткиликтүү […]

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесин өткөрдү

Кечээ, 10-январда Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмеси өткөрүлдү. Жалал-Абад ОИИБнын 2016-жылдын 12 айында аткарылган ыкчам кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы туурасында ОИИБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги […]

Өзбекстанда ИМ тобунун үгүттөөчүсү сегиз жылга соттолду

Өзбекстанда «Ислам мамлекети» тобунун катарына кирүүгө үгүттөгөн жана экстремисттик идеаларды таркаткан деп айыпталган өлкө жараны сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты. Самарканд облустук соту айыпталуучу элди […]

Тажикстанда айыл башчыларын альтернативдүү жол менен шайлоо сунушталууда

Тажикстандын Аймактарды өнүктүрүү комитети жамааттардын төрагалары үчүн альтернативдүү негизде шайлоо өткөрүүнү сунуштоодо. Комитет мындай демилге менен айыл-кыштактардагы көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүн болорун билдирет. Учурда Тажикстанда жамаат төрагалары өкмөттүн сунушу менен […]

Жалал-Абадда ишкерлерге 134 каржылык кепилдик берилген

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Кепилдик фонд «Жалал-Абад» коомдук фонду акыркы жылдары жеке ишкерлерге жалпы суммасы 10 миллион 540 миң сом болгон 134 каржылык кепилдик берген. Бул тууралуу аталган фонддун башкы […]

Тажикстанда аял 4 баласы менен Сирияга кетип калган жана күйөөсүнөн талак сураган

Согди облусунда төрт баланын энеси күйөөсүн таштап Сирияга кетип калган. Ал алгач балдары менен Орусияга иштөө үчүн барган. Бул маалда үйдүн кожоюну жол кырсыгына кабылып, жазасын түрмөдө өтөп жаткан. Хамза […]

Жон Керри сексуалдык азчылыктарды басмырлоо үчүн кечирим сурады

Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мурда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн Мамлекеттик департамент тарабынан басмырлангандыгы үчүн ЛГБТ-коомчулугунан кечирим сурады. «40-жылдары жана андан кийинки он жыл ичинде кызматкерлерин салттуу эмес сексуалдык ориентациясына […]

Түркмөнстанда аялдарга чылым маалымкат боюнча сатылууда

Түркмөнстандын батышындагы Түркмөнбашы шаарында аялдар чылым сатып алыш үчүн тамекиге көз каранды экендиги тууралуу медициналык маалымкат көрсөтүшү керек болот. Ал эми өлкө борбору менен башка аймактарында аялдарга чылым сатууга толук […]

Казакстанда үч күндө 40 миң адам каттоого турду

Казакстанда өкмөт жыйынында ички иштер министри Калмуханбет Касымов калкты жашаган жери боюнча каттоо маселесинин тегерегинде жаралган дүрбөлөңгө байланыштуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, 7-9-январь күндөрү убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча […]