Дүйшөмбү, 23 Январь, 2017 - 2:23
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Эдил Байсалов: “ЕАЭСке Атамбаев киргиздиби бизди, ошол киши өзү чыгарышы керек!”

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп киргенден бери жарытылуу майнап чыга элек. Биримдикке кирүүнүн алдында берилген убадалар толук кандуу аткарылган жок. Элибиздин абалы күндөн-күнгө оорлой баштады. Биримдикке кирген мамлекеттерге […]

Акыркы 3 жылда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 300 млн доллар инвестициялаган

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту. Өкмөт башчы биргелешкен иштин жана ЕРӨБ тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып […]

Данияр Төлөнов, вице-спикер: “Бүгүнкү күндө транспорт министринин бир дагы орун басары авиация тармагын билбейт”

— Данияр Эрмекович, жаңы кызматыңыз кут болсун. Мындан бир ай мурун эле сизди төраганын орун басары болот, Нурбек Алимбеков кетет деген сөздөр чыккан. Ошол сөздөр бүгүн чындыкка айланып кетти. Өзүңүздө маалымат […]

Жалал-Абадда ички инвестициялардын көлөмү дээрлик 10 пайызга өстү

Өткөн 2016-жылы Жалал-Абад шаарындагы ички чарбалык иштерге ички инвестицияны тартуу көлөмү мурдагы 2015-жылга караганда дээрлик 10 пайызга өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди. Анын […]

Кыргызстандан ЕАЭБге сүт азыктарын экспорттоо көлөмү үч эсеге көбөйдү

2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 22 миң тоннаны түздү, бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эсеге көп. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору […]

Түркмөнстанда ылаңдаган малдын эти арзан сатылууда

Түркмөнстанда сибирь жарасынан мал жапырт түрдө кырылып жаткан маалда, өлкөнүн негизги шаарларында арзан тоок этин саткан учурлар көбөйдү. Ашхабадда башка региондон эт азыктарын автоунаалар менен ташып келип, соодалап жаткандар арбып […]

Тажикстан ЕАЭБге кирүү маселесин талкуулап жатат

Тажикстанда Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси талкууланып жатат. Уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынып, альянстын пайдасы жана зыяны иликтенүүдө. “Алгач бир нече суроого жооп беришибиз керек – анын ичинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн […]

Жалал-Абадда өткөн жылы капиталдык салымдардын көлөмү артты

Жалал-Абад шаарында өткөн 2016-жылы капиталдык салым кийирүү жагынан өсүштөр болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы шаарда курулуштар, инфраструктуралык калыбына келтирүү […]

Түркмөнстанда мал жапырт кырылууда

Түркмөнстанда мал жандыктардын жана канаттуулардын арасында сибирь жарасы катталган учурлар көбөйдү. Дашөгүз районунун Расул аттуу тургуну 30 тоогунан ажырап калган. ”Мен тоок багып, жумурткаларын сатып иштечүмүн. Өткөн жумада алардын баары […]

Өзбекстанда төрт эркин экономикалык аймак пайда болот

Өзбекстанда үч эмес төрт эркин экономикалык аймак ачылат: Самарканддагы «Ургут», Ферганадагы «Коканд» жана Бухарадагы «Гиждуванга» Хорезмдеги «Хазарасп» аймагы кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 12-январда кол койду. Эркин экономикалык аймактардын […]

Назарбаев Абу-Дабиге расмий сапар менен барды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Араб Эмирлигине эки күндүк расмий иш сапар менен барды. Анда казак лидери өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери жана ишкердик чөйрө өкүлдөрү менен жолуга тургандыгы кабарланууда. Казакстандын Бириккен […]

Москва тажик авиакомпанияларына каршы чектөөлөрдү киргизбейт

Москва авикаттамдар боюнча Тажикстан менен жаңжалды курчутпайт жана тажик авиакомпанияларына кошумча тыюуларды салууга ниеттенген жок. Бул тууралуу Орусиянын транспорт министри Максим Соколов билдирди. Аткаминердин айтымында, авиабайланыш боюнча чектөөчү чаралар киргизилбейт. […]

Түркмөнстанда жаңы аэропортту курган компания өкүлдөрү президентке чакырылды

1-январда Ашхабаддагы жаңы эл аралык аэропортту курган Полимекс түрк курулуш компаниясынын өкүлдөрү президенттин администрациясына чакырылышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жеке булактарына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин курулганына бир нече […]

Таш-Көмүрдөгү алюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери айлык ала элек

Казакстандык «Авиньон» компаниясы куруп жаткан Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери маяналарын алыша элек. Бул тууралуу заводдун курулушун жүргүзүү боюнча дирекциянын башчысы Талант Исмаилов  билдирди. Казакстандык компания 2015-жылдын […]

Түркмөнстан мунай кенин өздөштүрүү үчүн инвестор издеп жатат

Түркмөнстан Каспий деңизинин жээгиндеги «Дэмиргазык Готурдепе» кенин өздөштүрүүгө инвестор издеп, жакынкы жылдары анда алты миллион тоннадан ашык мунай өндүрүүнү көздөп жатат. Түркмөн өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча изилдөө иштеринен кийин кенде көмүрсуутектин […]

Казакстан Кыргызстан үчүн темир жол транзиттик тарифин төмөндөттү

«Казакстан Темир Жолы» Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлгөн жүктөр үчүн транзиттик тарифти төмөндөттү. Айыл чарба министрлиги карантин алдындагы жүктөрдү ташуу шарттары боюнча жумуш алып барды. Натыйжада 10-январда Кыргызстандан товарларды Казакстан аркылуу ташуу […]

Ашхабаддагы жаңы аэропорттун имараты чөгүп баштады

Ашхабадда бир нече ай мурун курулган жаңы аэропорттун имараты чөгүп баштады. Эмитеден эле терезелер сынып, коммуникация жарактан чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлайт. Учурда ал жерде өкмөттүк делегацияларга арналган […]

Казакстан интернеттин баасын төмөндөттү

“Кыргызтелеком” ишканасынын маалыматы боюнча, казакстандык провайдерлер 1 мегабит интернеттин баасын 13 долларга чейин түшүрүүгө макул болушкан. Ал эми эки өлкөнүн жеке интернет провайдерлери ич ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бааларды мындан да […]

Тажикстан авиация бийлиги Орусияга сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады

Тажикстандын авиация бийлиги аба каттамы боюнча жаралган маселени жөнгө салуу үчүн кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Траспорт министрлиги кабарлагандай, Москвадан азырынча жооп түшө элек. Январдын башында Орусияда эс алуу күндөрү болгондуктан, […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мал-жандыктарга паспорт берүү ишин күчөтүү зарыл

Мал-жандыктарын идентификациялоо ишин күчөтүү зарыл, – деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 6-январда, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы «ЭлДан Аталык» айыл чарба комплексинин ишмерүүлүгү менен таанышуу учурунда. Бул […]

Түркмөн ишкерлери үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди

Жыл башынан тарта Түркмөнстандын жеке ишкерлери үчүн акчаларын накталай түргө которууга уруксат берилген суммага жаңы чектөөлөр киргизилди. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мындан ары ишкерлер өз эсебинен 3500 манаттан (1000 доллардан) […]

Кыргызстанда алтын ташыгандардан акы алуу сунушталды

Экономика министрлиги алтын кошулмасын сыртка чыгарууга экспорттук бажы төлөмүн киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Бирок бул долбоордун үстүнөн иштеген мекемелер аралык комиссия анын өлчөмү кандай болору тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек. Ошол […]

Кыргызстандын кара жол менен ташылчу товарларына Казакстан тыюу салат

Казакстан кара жол менен ташылчу товарларга тыюу саларын быйыл 3-январда эскерткен. Анда коңшу өлкөнүн Айыл чарба министринин орун басары кыргыз расмий органдарына кат жазып, мындан ары ветеринардык көзөмөл талап кылган […]

Иса Өмүркулов баштаган жетекчилер түбүнө жеткен Кыргыз-темир жол ишканасы биротоло жок болобу?

Иса Өмүркулов, Нари­ман Тулеев, Аргынбек Малабаевдер түбүнө жеткен Кыргыз- темир жол ишканасы биротоло жок болуп кетүү коркунучунда турганы талашсыз. Элдин убал-сообунан коркпогон жетекчилер, түшкө кирбеген коррупциялык иштерди жасап, акчаны самандай сапырып […]

“Газпром” Ажонун колтугуна кирип алып, элди алдап жатат

Учурда бензин баасы күн санап өсүүдө. Газпромдун күйүүчү майлары болсо сапатынын начардыгы жагынан алдыга чыкты. Муну ар бир айдоочу тастыктап берет. Көпчүдүк айдоочудардын айтымында, мурдагыга садыштырмадуу эки эсе көбүрөөк май жага […]

Тажикстанда көйгөйлүү банктардын аманатчылары акчаларын ала баштады

Өткөн жылдын декабрында Тажикстан өкмөтү каржылык абалды жакшыртуу жана «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», «Фононбанк» жана «Точпромбанкты» банкроттон сактап калуу үчүн 3 млрд 850 млн сомони бөлө турганын билдирген. «Точиксодиротбанктын» маалыматына караганда, аманатчылар […]

Ашхабадда тартыш болгон азык-түлүктөр сатыла баштады

Жаңы жылдын алдында Ашхабаддагы ири базарлар менен соода жайларда  азык-түлүктүн көлөмү менен түрү кыйла көбөйдү. Бир айдан бери сатылбай жаткан тооктун эти менен эки жума бою текчелерде жок болгон жумурткалар […]

Өзбекстанда пахта теримге чыгууга мажбурлаган 8 жетекчи жазаланды

Өзбекстанда быйылкы пахта терүү өнөктүгүнүн жыйынтыгында 18ге толо элек балдар менен кызматкерлерин талаага чыгууга мажбурлаган 3 мектептин, 2 кесиптик лицейдин директору жана фермердик чарбанын 2 жетекчиси менен бейтапкананын 1 башкы […]

Украина Евробиримдиктин каржылык жардамынын экинчи траншын алды

Европа биримдиги Украинага каржылык жардамынын 55 миллион евро өлчөмүндөгү экинчи траншын которду. Бул тууралуу Украинанын Каржы министрлигинин сайтына жазылды. Акча улуттук валютада алынып, мамлекеттик бюджеттин жалпы фондунун чыгашаларын каржылоого жумшалат. […]

Казакстан Кыргызстанга техникалык жардам катары 100 миллион доллар бөлөт

Казакстан Кыргызстанга техникалык жардам катары 100 миллион доллар бөлөт. Мындай келишимге Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында кол коюлганын “Азаттыкка” вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтуусунда, жардам бөлүү боюнча сүйлөшүү […]

Түркмөнстанда банкоматтардан акча алууда көйгөйлөр жаралды

Ашхабадда банктар менен соода жайлардын алдындагы банкоматтардагы узун кезек күтүүлөр кадимки көрүнүшкө айланды. Адамдар банк картасына которулган маяналарын алуу үчүн чогулушканы менен көбү акчаларын толук ала албай кыйналууда. Кезек күтүп тургандардын […]

Кыргызстан ЕАЭБдин Бажы кодексине кол койду

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койду. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынына катышып жаткан вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап айрым маселелер боюнча тактоону талап […]

Амур дарыясында Кытай менен Орусияны бириктирген көпүрө курулушу башталды

Алыскы Чыгыштагы Амур дарыясы аркылуу Кытай менен Орусияны бириктирчү автоунаа көпүрөсүнүн курулушу 24-декабрда башталды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик ММКлары жазып чыгышты. Курулуш боюнча келишимге бир жыл мурун кол коюлган, долбоор […]

Токойдо толгон түйшүк бар

Республикабыздын аймагындагы, ошондой эле Жалал-Абад областынын токойлору негизинен жаратылышты коргоочулар болуп саналып, учурда дүйнөлүк коомчулукту кабатыр кылган көйгөйлүү маселелердин бирден бири, бул – экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу менен токой экосистемаларын […]

Өзбекстан Кыргызстанга автоунааларды жана айыл чарба техникаларын экспорттоого кызыктар

Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары учурунда эки өлкө президенттери жакынкы эки жыл аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү зарылдыгын билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлайт. «Мамлекеттер […]

Дүйнөлүк банк: тажикстандыктардын киришеси жогорулоодо

Быйыл Тажикстан калкынын каржылык абалы жакшырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банктын жаңы билдирүүсүндө айтылат. 2016-жылдын май-сентябрь айларында калктын жан башына карата реалдуу кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 6% өскөн. Телефон […]

Бензин дагы кымбаттайт

Күйүүчү майга болгон баа ушул айдын соңуна чейин 10%га кымбаттайт. Бул тууралуу мунай ташуучулар бирикмесинен билдиришти. Маалым болгондой, кымбаттоо Москвадагы күйүүчү май чыгарган ири завода ремонттоо иштерине башталганына байланыштуу. Буга […]

Москва менен Дүйшөмбүнүн авиажаңжалы курчуду

Тажикстан Дүйшөмбүдөгү орусиялык «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын учууларын токтотту. Буга чейин Орусияда тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салынган. Буга байланыштуу тажик тарап ушундай мүнөздө жооп кайтарды. Тажикстан Жарандык авиация департаменти маалымдагандай, […]

Элмира Ибраимова, эксперт: “Жолдорубуз начарлагандан начарлап, аларга кеткен чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө”

Жакында жергиликтүү кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо кыргыз жолдору чоң көйгөй экенин даана көрсөттү. Бул теманы өз убадалоосунда эскербеген бир да партия болгон жок. Ар бири жаңы жол салып, […]

Назарбаевге «ЕАЭБди бекемдегендиги үчүн» сыйлык ыйгарылды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Эл аралык саясаттагы көрүнүктүү жетишкендиги жана Евразиялык экономикалык биримдикти бекемдегени үчүн Орусиянын «Жылдын адамы» сыйлыгынын лауреаты болду. Сыйлык 1993-жылы Орусиянын биографиялык институту тарабынан негизделип, эл аралык […]

Видео – Индиядан Тажикстандын президенти 3 ГЭС курууну макулдашып келсе, Атамбаев 1 аппарат көтөрүп келди

Өткөн жуманын аягында Тажикстандын президенти Эммомали Рахмон Индияга визит жасап, Тажикстанда 3 ГЭС курууга келишим түзүп келди. Анын артынан эле Индияга барган Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев 1,5 млн доллардык онкологиялык […]

Жалал-Абадда «Гарантиялык фонд» биринчи кепилдигин бекитти

Мамлекеттик «Гарантиялык фонд» АККсы 2016-жылдын 9-декабрында биринчи кепилдигин бекитти. Фонддун биринчи кызматын колдонуучу Жалал-Абад шаарынан жеке ишкер болду. Бул долбоор райондук туризмди өнүктүрүүдөгү салымын камсыз кылат. Ишкер 900 000 (тогуз жүз […]

Анжиянда мугалимдерди лимон өстүрүүгө милдеттендиришти

Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырды. Маалыматтарга караганда, Анжиян облусундагы бардык мектептер менен бала бакчалар аймагына лимон өстүрүү үчүн күнөсканаларды курушу керек. […]

Рахмон: Тажикстан жакынкы 3 жылда энергетикалык көз карандысыздыкка жетет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке жасаган кайрылуусунда жакынкы үч жыл ичинде өлкө энергетикалык коопсуздукка жетерин билдирди. Мамлекет башчы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Рогун ГЭСинин курулушуна жалпысынан 12 миллиард […]

Кыргыз авиакомпанияларынын “кара тизме” көйгөйү өкмөттө каралды

Кыргызстандын авиакомпанияларынын Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыга албай жатышынын себептери кечээ өкмөттө талкууланды. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын кабарлашынча, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү адистердин, ошондой эле Унаа жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү […]

Орусия 22-декабрдан тарта Тажикстан менен аба каттамдарын токтотот

Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба байланыштары 22-декабрдан тарта токтотулат. Эки өлкөнүн авиация бийликтеринин ортосундагы жаңжал бир нече айдан бери уланып келе жатат. Тажикстандын Транспорт министрлиги эки күн мурун “Жуковскийден” Дүйшөмбүгө каттай […]

Өзбекстан менен Украина ырааттуу аба каттамдарын жандандырууга ниеттенүүдө

Өзбекстан менен Украинанын авиациялык бийлиги Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу «Интерфакс-Украинага» Өзбекстандын Украинадагы элчилиги кабарлады. Өзбекстандын Украиандагы элчиси Алишер Абдуалиевдин белгилешинче, Ташкент-Киев-Ташкент каттамы боюнча учактар 2015-жылы майда […]

Түркмөнстан газ үчүн Ирандан 2 миллиард доллар талап кылууда

Түркмөнстан Иран 2012-жылы санкциялар киргизилгенден кийин жеткирилген түркмөн газы үчүн карызын төлөбөгөндүгүн билдирүүдө. Өз кезегинде Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги өкмөттөгү булактарына шилтеме кылуу менен эгер Түркмөнстан кыш мезгилинде газ берүүнү […]

Тажикстанда ири банктардын бири мүлкүн аукцион аркылуу сатууда

Акыркы эки жылда Тажикстанда төрт ири банк каржы каатчылыгына дуушар болду. «Тожиксодиротбанктын» жетекчилиги банкка тиешелүү болгон турак-жайларды, кеңселерди жана авто унааларды аукцион аркылуу сатууда. Акция эки жумага уланат. Бул демилгенин […]

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жаткан жокпу?”

Президент Алмаз Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жатат деген ой жаралууда. Себеби, миллиард долларга жетчүдөй инфраструктурасы бар “Кыргызгаздын”  болгону 1 $га сатылышына Атамбаев гана кызыкдар болуп, анын натыйжасында “Газпром” пайдалуу […]