Шаршемби, 18 Январь, 2017 - 14:09
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Европа парламентинин жаңы төрагасы шайланды

Европа парламентинин жаңы төрагасы болуп италиялык консерватор, Европа элдик партиясы фракциясынын өкүлү Антонио Таяни шайланды. Ал добуш берүүнүн экинчи турунда 351 депутаттын колдоосун таап жеңишке жетти. Анын атаандашы, социалисттердин өкүлү […]

Стамбул бийлиги: Түнкү клубга чабуул жасоого шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна чабуул жасаган деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машарипов күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Васип Шахинге шилтеме кылып “Хюрриет Дейли” […]

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга шектелген жаран кармалды

Дүйшөмбүдө түрк полициясы Стамбулдагы терактка шектелген Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машариповду камаганын жарыялады. Reina түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 65и жаракат алган. Түрк маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Машарипов Стамбулдун Эсенйурт […]

Олланд Трампка: ЕБге сырттан кеңеш керек эмес

Франция президенти Франсуа Олланд ЕБдин ички иштери тууралуу «сырттан айтылган кеңештердин керек эместигин» билдирип, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Евробиримдикке карата айткан сындарына жооп берди. Мындай пикирин ал АКШнын Франциядагы […]

Украина Орусияга каршы БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды

Украина Орусияга каршы Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Украина Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Марьяна Беца билдирди. Доо арыз Терроримзди каржылоого каршы аракет […]

Сербия поездге байланыштуу окуядан улам Косового аскерлерин жөнөтөрүн билдирди

Поездеги «Косово — бул Сербия» деген жазуудан улам Сербия Косово ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кете жаздады. Сербия президенти Томислав Николич албандыктар тараптан этникалык сербдерге коркунуч жаралса, Косового аскерлерин киргизе турганын […]

Трамп Орусия өзөктүк куралын азайтса санкцияларды алышы мүмкүндүгүн билдирди

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыгуу ыктымалдыгын билдирип, аны орус тараптын өзөктүк куралдарын кыскартуусу менен байланыштырды. Бул тууралуу ал The Times британ гезити менен […]

Oxfam: байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым рекорддук чекке жетти

Сегиз мультимиллиардердин байлыгы Жер шарында жашаган 3,6 миллиард калктын мүлкүнөн ашып түштү. Иликтөөлөрдү жакырчылык менен күрөшкөн Oxfam уюму жарыялады. Баяндамага ылайык, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым рекордук чекке жеткен. Байлардын […]

Парижде Израил менен Палестинаны тынч сүйлөшүүгө чакырышты

70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого, аны бүлгүнгө учуратуучу бир тараптуу аракеттерден карманууга чакырышты. Ошондой эле эки тарапты тең “эки мамлекет” деген мунасага макулдугун расмий […]

WSJ: Швейцария прокуратурасы Гүлнара Каримованы суракка алды

World Street Journalдын (WSJ) маалыматына караганда, Швейцария прокуратурасы коррупция боюнча тергөө иштерине байланыштуу Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованы суракка алды. Басылманын суракка катышкан юристке шилтеме кылып […]

Назарбаев Абу-Дабиге расмий сапар менен барды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Араб Эмирлигине эки күндүк расмий иш сапар менен барды. Анда казак лидери өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери жана ишкердик чөйрө өкүлдөрү менен жолуга тургандыгы кабарланууда. Казакстандын Бириккен […]

ЕККУ 2017-жылы радикал исламчы топторго каршы күрөштү күчөтөт

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 2017-жылы радикал исламчыларга каршы күрөштү күчөтүү ниетинде. Уюмдун төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курцтун белгилешинче, исламчыларга каршы жалгыз согуштук аракеттер жетишсиз. Айтымында, ЕККУнун […]

Түркия парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү мушташ менен улантууда

Түркия парламентинде өлкөнүн президенттик республикага өтүүсүн шарттаган конституциялык реформаны кароо уланууда. Бейшемби жана жума күндөрү негизги мыйзамдын жаңы беренелери кабыл алынды. Ага ылайык, парламенттин ролу көзөмөлдөө деңгээлине чейин төмөндөтүлдү. Президенттин […]

HRW: согуштан кийин калыптанган адам укуктары системасы коркунучка кептелди

Кошмо Штаттарда жана Европада популист лидерлердин бийликке келиши адам укуктарын коргоого чоң коркунуч жаратууда. Мындай кырдаал диктаторлордун кыянаттыкка барышын шарттап жатат. Бул тууралуу эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун 12-январда […]

БУУ өкүлү: Сириядагы жарашуу жараяны толук сакталбай жатат

Жалпысынан Сирияда жарашуу жараяны сакталууда, бирок Дамасктын четиндеги кагылышуулар 23-январга белгиленген Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди. […]

Мамдума кызматкерлери соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү боюнча отчет берет

Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын кызматкерлери интернеттеги билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирилишти. Мындай буйрук Мамдуманын сайтында пайда болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасына парламенттин аппаратындагы булак билдирген. Аткаминерлер өзү тууралуу маалыматтарды жазып, […]

Түркия Сириядагы чек ара дубалын быйыл апрелде куруп бүтүрөт

Түркия Сирия менен чектешкен аймакта курулуп жаткан дубалды быйыл апрелде бүтүрүүнү пландоодо. Курулушчулар дагы 28 чакырым тосмону тургузушу керек. Бул тууралуу Түркиянын Star гезити жазды. Мындан тышкаркы Түркия Армения менен […]

Журналисттер комитети Дүйнөлүк банктан Кыргызстанды каржылоону токтотууга чакырды

Штаб-кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык журналисттерди коргоо уюму Азимжан Аскаров бошотулмайынча, Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууга чакырган катын Дүйнөлүк банктын жетекчиси Жим Ен Кимге жолдогон. Катта Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы базар экономикасын […]

Чеченстандагы атайын операция учурунда беш киши өлдү

Чеченстан бийлиги 11-январда атайын операция маалында ири кылмыштуу топ кармалганын, беш киши өлгөнүн билдирди. Рамзан Кадыров маалымдагандай, Курчалоевск районундагы атайын операция учурунда төрт жоочу жок кылынган. Окуя маалында коопсуздук кызматкери […]

Тиллерсон мусулмандардын АКШга киришине тыюу салууну колдобойт

Шайланган президент Дональд Трамп тарабынан сунушталган АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкер Рекс Тиллерсон исламды «улуу ишеним» деп атап, белгилүү бир динге же топко жалпы тыюу салууну колдобой турганын билдирди. ExxonMobil компаниясынын […]

Дональд Трамп: Орусия АКШнын саясий институттарынын компьютерлерине чабуул жасаган

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын саясий институттарынын компьютердик ресурстарына Орусия хакердик чабуул жасаганын жана ал үчүн орус президенти Владимир Путиндин жооптуу экенин тааныды. Трамп президент болуп шайлангандан берки […]

Видео – Дүкөнчү тоноо үчүн келишкен эки куралдуу каракчынын бирин атып салды, экинчиси качып кутулду

Кечээ, 10-январда американын Жоржия штатынын Мейблтон шаарында курал саткан дүкөндү тоноо үчүн келишкен эки каракчынын бирин дүкөндүн ээси атып салган, экинчиси качып кутулган. Окуя дүкөндө орнотулган видеокамерага тартылып алынган. Булак: youtube.com […]

Видео – Барак Обама Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөдү

Шейшемби кечинде АКШнын президенти Барак Обама Чикагодо элге коштошуу сөзү менен кайрылды. Дал ушул шаарда анын саясий карьерасы башталып, 2008-2012-жылдардагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктоолорду ушул жерде кабыл алган. «Мен […]

Улюкаевдин жарым миллион рублга бааланган мүлкү камакка алынды

Орусиянын Тергөө комитетинин өтүнүчү менен сот коррупцияга айыпталган мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин жарым миллиард рублга бааланган байлыгын жана 15 кыймылсыз мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу мекеменин төрага орун […]

Европалык саясатчылар Трампты «Путин менен чоң келишим түзүүдө» сак болууга чакырышты

Европалык саясатчылардын тобу «Вашингтон пост» гезитине АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка жолдонгон кайрылуусун жарыялашты. Анда алар Кошмо Штаттарды Орусия менен «чоң келишим» түзүүдө сак болууга чакырышты. Каттын авторлору Орусия президенти […]

Жон Керри сексуалдык азчылыктарды басмырлоо үчүн кечирим сурады

Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мурда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн Мамлекеттик департамент тарабынан басмырлангандыгы үчүн ЛГБТ-коомчулугунан кечирим сурады. «40-жылдары жана андан кийинки он жыл ичинде кызматкерлерин салттуу эмес сексуалдык ориентациясына […]

Трамптын жеңишинен кийин орус миллиардерлеринин байлыгы өстү

Дональд Трамп АКШ президенти болгондон бери орусиялык миллиардерлердин, алардын ичинен Владимир Путин менен байланышы барлардын жалпы байлыгы 29 миллиард долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Forbes журналы жазды. Элден мурун Геннадий Тимченконун […]

Чеченстанда башкы редактор менен парламент төрагасынын ортосундагы жаңжал уланууда

«Кавказ түйүнү» интернет-басылмасынын башкы редактору Григорий Шведов Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудовго арызданып, Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Бул тууралуу РБК билдирүүдө. 4-январда Даудов Инстаграм баракчасына Шведовду опузалаган билдирүү жазып, «Кавказ […]

Москвада полиция Өзбекстандын жаранына баласын кайтарып берди

Москвада полиция Өзбекстандын жараны Нилуфар Мамасаидовага бир жаштагы баласын кайтарып берди. Укук коргоо органдары документтеринин жок экендигине байланыштуу 26-декабрда апасын камап, наристени өздөрү алып калышкан болчу. Адвокат жана укук коргоочу […]

Асад Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Сириянын президенти Башар Асад эгер оппозиция өкүлдөрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашса, өз өкмөтү бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди. Асад мындай оюн француз журналисттери менен болгон маегинде айткан. Ал өкмөттүк […]

Донбасста үч украин аскери жоголду

Донбасста чек ара линияларына жакын жерде үч украин аскери жоголду. Бул тууралуу Украинанын чыгышындагы операциялардын штабы кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, кечээ украиналык үч жоокер менен байланыш үзүлүп, алар украин аскер […]

АКШда “Алтын глобус” киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

«Алтын глобус» сыйлыгында «Айлуу жарык» тасмасынын режиссеру Барри Женкинс «Мыкты драма» номинациясы боюнча лауреат болду. Лос-Анжелесте 74-ирет кино сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. «Алтын глобуста» «Ла-Ла-Ленд» мюзиклиндеги жаш актриса менен пианисттин […]

Обама: Орусиянын АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсү кылдат даярдалган

АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Америкадагы шайлоо процессине кийлигишүүсү көптөн бери даярдалып келген пландардын жыйынтыгы экенин билдирди. Бул тууралуу АКШ президенти АВС телеканалына берген маегинде айтты. Обама Дональд Трамптын орусиялык […]

Грузияда саясатчынын уулу оппозициялык телеканалдын башчысын сабагандыгы үчүн камалды

Грузияда 2008-жылкы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон талапкер Леван Гачечиладзенин уулу Рати Гачечиладзе өлкөдөгү эң популярдуу жана таасирдүү «Рустави-2» телекомпаниясынын башкы директору Ника Гварамияны сабагандыгы үчүн камакка алынды. ИИМдин маалыматына караганда, […]

Полиция Стамбулдагы терактты өзбекстандык жаран жасаган болушу мүмкүн дейт

Түрк полициясынын маалыматы боюнча Стамбулдагы 39 кишинин өмүрүн алган кол салууга шектүү адам Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн. Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, шектүү 180 жолу ок чыгарган. Тергөөнүн […]

Керри: АКШ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдү «кубаттайт»

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар ушул айда Астанада өткөнү жаткан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү колдой турганын билдирди. Ал сүйлөшүүлөр алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы согушту токтотууга түрткү болот […]

Обама Акүйдөгү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

АКШ президенти Барак Обама  анын бийлиги тушунда өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаңы пайдубал тургузулганын билдирди. Президенттик ыйгарым укуктары бүтүп баратканына байланыштуу ал Акүйдөгү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кайрылуу жасады. “Менин жашоомдогу негизги […]

Каримов менен Мирзиёев 2016-жылы дүйнөдөгү негизги саясий фигуралардын тизмесине киришти

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов жана жаңы шайланган өлкө башчы Шавкат Мирзиёев 2016-жылдагы эл аралык деңгээлдеги негизги 40 адамдын тизмесине киришти. Бул боюнча Испаниядагы Барселона эл аралык мамилелерди иликтөө борборунун […]

АКШ Усама бен Ладендин уулун террорчулардын тизмесине киргизди

Кошмо Штаттар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулун глобалдык террорчулардын “кара тизмесине” киргизди. Мамлекеттик департамент Хамза бен Ладен глобалдык террорчулардын тизмесине киргизилгенин 5-январда маалымдады. Анын атасы 2011-жылдагы Пакистанда […]

АКШ Сенатында орусиялык хакерлердин киберчабуулдары боюнча угуулар өттү

Угуулардын жүрүшүндө чалгындоо кызматынын өкүлдөрү АКШнын Демократиялык партиясынын серверлери менен Хиллари Клинтондун жардамчысы Жон Подесттин электрондук жазышууларына хакердик чабуул жасоого Орусиянын тиешеси бар деп ишенимдүү айтууга болорун белгилешти. Сенаттагы куралдуу […]

Измирдеги жардырууда эки адам мерт кетти

Түркиянын Измир шаарында 5-январь кечке жуук болгон жардыруудан эки киши – полициячы жана сот кызматкери набыт кетти. Жаракат алгандардын саны онго жетти. Бул тууралуу Измирдин губернатору Эрол Айилдиз билдиргенин Рейтер […]

Стамбулда террорчуга окшоштуруп, түркмөн жаранын сабап кетишти

“Рейна” түнкү клубуна кол салган шектүү адамга окшош түркмөн жаранын Стамбул жашоочулары сабап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлашууда. Турист качууга аракет жасаган маалда аны жергиликтүү жашоочулар кармап, токмоктоп салышкан. Кийинчерээк […]

Акүй Гуантанамо түрмөсүнөн дагы төрт кишини башка жерге которуу ниетинде

АКШ президентинин администрациясы Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө камакта жаткан төрт адам Сауд Арабиясына которулушу мүмкүн экенин билдиришти. Мындай чара аталган түрмөдөгү камактагылардын санын азайтууга багытталган сыяктуу. Обаманын администрациясы жаңы шайланган президент Дональд […]

Обама башкы командачы катары өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен коштошту

АКШ президенти Барак Обама Виржиния штатынын Форт-Майер базасында башкы командачы катары өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен коштошту. Обаманын урматына ардактуу кароол тизилген. Улуттук гимн аткарылган соң кетип жаткан президентке аскер курулушундагы […]

Керри БУУнун Израиль боюнча резолюциясын кубаттады

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри БУУнун Израиль боюнча резолюциясын кубаттады. Анын ырасташынча, эки мамлекетти түзүү – Палестина менен Израиль ортосундагы тынчтыкка жетишүүнүн маанилүү шарты болчу. «БУУдагы добуш берүү эки мамлекет […]

Кыйраган Ту-154түн үч «кара кутусу» тең табылды

Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын үч «кара кутусу» тең кургактыкка чыгарылды. “Интерфакс” агенттигинин булагы алардын абалы канааттандыраарлык экенин жана жазууларын чечмелөөгө мүмкүн экенин билдирди. Алгачкы «кара куту» куткаруучулар тарабынан 27-декабрда […]

Украина Евробиримдиктин каржылык жардамынын экинчи траншын алды

Европа биримдиги Украинага каржылык жардамынын 55 миллион евро өлчөмүндөгү экинчи траншын которду. Бул тууралуу Украинанын Каржы министрлигинин сайтына жазылды. Акча улуттук валютада алынып, мамлекеттик бюджеттин жалпы фондунун чыгашаларын каржылоого жумшалат. […]

Эрдоган АКШ башында турган коалицияны ИМ тобун колдоого айыптады

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган анда Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалициянын исламчыларга колдоо көрсөтүп жаткандыгынын далилдери бар экенин билдирди. Reuters агенттиги кабарлагандай, түрк лидери коалицияны Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик […]

Москвада сот 2014-жылдагы Украинадагы Майданды мамлекеттик төңкөрүш деп тааныды

Москвада сот Жогорку Раданын мурдагы депутаты Владимир Олейниктин доо арызын карап, Украинада 2014-жылы февралда болгон окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп тааныды. Интерфакс кабарлагандай, соттун аныктамасында бул жагдай далилдер менен бекемделгени айтылган. […]

Москвада оорулуу балдарга жемиш таркаткан өзбекстандык Интернетте таанылды

Москвадагы азык-түлүк борборлорунун биринде иштеген өзбекстандык ийги иши менен социалдык түйүн колдонуучуларынын жалпы суктануусун жаратты. Балдар хосписине жардам берүү менен алектенген Ирина Фесенко жаңы жылдык майрамдар үчүн балдарга эки жашик […]