Дүйшөмбү, 23 Январь, 2017 - 2:20
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Өткөн жылы Тажикстанда 36 теракттын алдын алышкан

Былтыр Тажикстандын ИИМи өлкөдө 36 террордук чабуулдун алдын алып, теракт жасоону пландаган 50 кишини кармаган. Бул тууралуу мекеме башчысы Рамазон Рахимзода билдирди. Ички иштер министри кармалгандардын бардыгы тең «Ислам мамлекети» […]

Казакстанда журналист мунапыс менен бошотулду

Түштүк Казакстан облусунда  сот жергиликтүү журналист жана активист Амангелди Батырбековго карата өкүм чыгарды. Ал райондук прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Сапаровдун арызынын негизинде жоопко тартылып жаткан. Сапаров журналистти макаласы аркылуу кемсинтүүгө […]

Түркмөнстанда президенттик шайлоого 9 талапкер катталды

Түркмөнстанда президенттике талапкерлерди каттоо аяктады. 12-февралда өтө турчу шайлоого 9 талапкер катталды. Алар эл менен жолугушууларын улантууда. Түркмөнстанда биринчи жолу шайлоого үч саясий партиянын өкүлдөрү жана демилгечи топтор жылдырган талапкерлер […]

Өзбекстан коңшу өлкөлөр менен чек ара сүйлөшүүлөрүн жандандырат

Өзбекстан 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынына ылайык, коңшу төрт мамлекет менен болгон чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин жандандырат. Документтин долбоорунда профилдик министрлик жана мекемелерге быйылкы жылдын биринчи чейрегине карата мамлекеттик […]

Видео – Казакстанда сот мунайчылардын ачкачылык акциясына тыюу салды

Казакстанда сот Oil Construction Company (OCC) мунайсервис компаниясынын жумушчуларынын ачкачылык акциясын мыйзамсыз деп тапты. Жумушчулар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюуга каршы чыгышкан. Компания акцияны мыйзамсыз деп таануу, ачкачылык жарыялагандар […]

Баткенде кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы өттү

Кыргызстандык жана тажикстандык жаштардын катышуусундагы “Кербен-шоу” деп аталган фестиваль эки өлкө ортосундагы алты чектеш аймакта өттү. Баткен облусунун Жаңы-Жер, Кулунду, Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айылдарында өткөн иш-чарага 600дөн ашуун […]

Дүйшөмбү шаарынын аянты 9,5 миң гектарга кеңейтилет

Тажикстанда Дүйшөмбүнүн жаңы башкы планы даярдалып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана архитектура агенттиги билдирди. Жаңы башкы планга ылайык, 2040-жылга чейин Дүйшөмбүнүн аянты Рудаки районунун эсебинен […]

Видео – Өзбекстанда пенсионерлер митингге чыгышты

Интернетте Өзбекстандагы пенсионерлердин митингин чагылдырган видео тарады. Анда ондогон киши Суркандарыя жана Денау райондук администрацияларынын имаратынын алдында пенсияларын пластик карталарга которбой, накталай түрдө берүүнү талап кылышууда. Пенсионерлер пластикалык картадагы акчаларын […]

Казакстанда 5-класстын окуучусу асынып алган

Павлодар облусундагы Железинск районунун борборунда бешинчи класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган. Анын сөөгүн 18-январда кечинде жумуштан келген апасы тапканы кабарланууда. Маалыматка караганда, бала колунда бар үй-бүлөдө өскөн, ата-энеси иштейт. […]

Кыргызстандан ЕАЭБге сүт азыктарын экспорттоо көлөмү үч эсеге көбөйдү

2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 22 миң тоннаны түздү, бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эсеге көп. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору […]

Рахмондун уулу жетектеген Дүйшөмбү мэриясы президенттик имаратка көчтү

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун уулу жетектеген Дүйшөмбү шаардык мэриясы президенттик аппараттын мурдагы имаратына көчтү. Бул өлкөдө Рустам Эмомали атасынын мураскору болуп, мамлекет башчылыгына барышы мүмкүн деген кептерди күчөттү. Эмомали Рахмон […]

Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедовдун жаза мөөнөтү кыскартылды

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган мунапыстын негизинде Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедовдун жаза мөөнөтү кыскартылды. Ал коррупция боюнча күнөөлөнүп, 2015-жылы эркинен ажыратылган. Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, анын жазасы өтөлүп бүтө элек […]

Шавкат Мирзиёев кичи мекенинде мечит салдырууда

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев туулуп-өскөн Жизак облусунун Заамин районунун борборунда мечит салынууда. Жергиликтүү жашоочулар аны “Ак мечит” деп атап коюшкан. Ал 13 кылымдык тарыхы бар комплекстин катарына кирген эски объектинин […]

Түркмөнстанда ылаңдаган малдын эти арзан сатылууда

Түркмөнстанда сибирь жарасынан мал жапырт түрдө кырылып жаткан маалда, өлкөнүн негизги шаарларында арзан тоок этин саткан учурлар көбөйдү. Ашхабадда башка региондон эт азыктарын автоунаалар менен ташып келип, соодалап жаткандар арбып […]

Тажикстан армиясынын Башкы штабынын башчысы авариядан набыт болду

Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Зариф Бобокалонов Дүйшөмбүдө жол кырсыгынан кайтыш болду. Бул тууралуу 18-январда өлкөнүн Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы офицеринин бири маалымдады. “Автоунааны генерал-майор Зариф Бобокалонов айдап […]

Өзбекстан Оштогу Бабур театрына жардам берет

Күн мурун Өзбекстандан Ошко делегация келди. Сүйлөшүүлөргө журналисттер киргизилген жок. Сапар жүрүшүндө меймандар Бабур атындагы өзбек академиялык театрында болуп, актерлордун иши менен таанышышты. Театрдын жетекчиси Набижон Мамаджановдун айтымында, жолугушуу маалында […]

Казакстан веб-сайттарда пикир калтыргандарды аныктоо ниетинде

Казакстанда интернет-басылмалар жарыялаган материалдарга пикир калтыргандарды казак бийлиги алардын телефон номурлары менен аныктоо ниетинде. Тиешелүү мыйзам долбоору даярдалды. Маалымат жана байланыш министрлигинин кызматкери Михаил Комиссаров билдиргендей, веб-сайтка пикир калтыруу үчүн […]

Тажикстан ЕАЭБге кирүү маселесин талкуулап жатат

Тажикстанда Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси талкууланып жатат. Уюмга мүчө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынып, альянстын пайдасы жана зыяны иликтенүүдө. “Алгач бир нече суроого жооп беришибиз керек – анын ичинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн […]

Казакстанда темир жол бекеттеринде текшерүү тартиби киргизилет

Казакстан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында темир жол бекеттеринде адамдарды милдеттүү түрдө текшерүү тартибин киргизүүдө. «Казакстан темиржолы» компаниясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн текшерүү тартиби баскыч менен жүзөгө ашат. Маалыматка караганда, […]

Өзбекстанда быйыл ажылык сапар үчүн көбүрөөк орун бөлүндү

Быйыл ажылык сапарга Өзбекстандан 7200 киши барат. Өткөн жылы алардын саны 5200дү түзгөн. Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдагандай, Меккеге ажылык сапарга аттангандардын саны жыл сайын өсүүдө. Ислам кызыматташтык уюмуна мүчө […]

Алматыда Универсиаданын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Универсиада маалында Алматыдагы коопсуздукту ИИМ, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин жети миңден ашык кызматкери камсыз кылат. Спорттук мелдештердин ачылуу жана жабылуу аземи өтчү күндөрү шаардагы базарлар жабык болот. Бул тууралуу […]

Ооганстандагы жоочулардын арасында тажик жана өзбек жарандары бар

Ооганстандагы Забуль провинциясынын башчысы Бисмилло Афгонмал аймакта согушуп жаткан террордук топтордун арасында тажик жана  өзбек жарандары бар экенин билдирди. Анын айтымында, куралдуу жоочулар Забуль провинциясындагы айрым райондорду башкарууда. Чиновник аймакта […]

Былтыр Өзбекстанда калктын саны жарым миллион кишиге көбөйгөн

Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 32 миллион 121 миң адамды түздү. Өзбек окумуштуулары мындай көрсөткүч 2020-жылы болорун боолголоп жатышкан. Былтыр калктын саны жарым миллионго […]

Түркмөнстанда мал жапырт кырылууда

Түркмөнстанда мал жандыктардын жана канаттуулардын арасында сибирь жарасы катталган учурлар көбөйдү. Дашөгүз районунун Расул аттуу тургуну 30 тоогунан ажырап калган. ”Мен тоок багып, жумурткаларын сатып иштечүмүн. Өткөн жумада алардын баары […]

Өзбекстанда акимдердин иши жаңы система менен бааланат

Өзбекстан президенти өкмөттүн жыйынында калкты иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүдө акимдердин жана алардын биринчи орун басарларынын жоопкерчилигин көтөрүүнү талап кылды. Өлкө башчы ар айдын жыйынтыгы менен жаңы жумуш ордун […]

Тажикстан Жогорку соту: өлкөдө адам укуктары бузулган жок

Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён адам укуктарынын ырааттуу бузулушу жөнүнүндөгү маалыматты четке какты. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 12-январда Тажикстанда адам укуктарына байланыштуу абал кескин начарлап кеткенин […]

Казакстанда президенттик аппараттын мурдагы башчысы камалды

Казакстанда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Баглан Майлыбаев камалды. Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, аны менен кошо ички саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Николай Галихин да кармалды. Экөө тең “мамлекеттик сырды мыйзамсыз […]

Ошто кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча бүгүн Ош шаарында өкмөттөр аралык кезектеги жыйын башталды. Эки күндүк жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер Жеңиш Разаков, өзбек тараптан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов […]

Өзбекстанда төрт эркин экономикалык аймак пайда болот

Өзбекстанда үч эмес төрт эркин экономикалык аймак ачылат: Самарканддагы «Ургут», Ферганадагы «Коканд» жана Бухарадагы «Гиждуванга» Хорезмдеги «Хазарасп» аймагы кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 12-январда кол койду. Эркин экономикалык аймактардын […]

Орусия тажик мигранттарынын пенсия чегерүү долбоорун кабыл алган жок

Орусия өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоону жөнгө салуу тууралуу тажик бийлиги сунуштаган макулдашуу долбоорун кабыл алган жок. Долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн тажик тарапка жөнөтүлдү. Москва макулдашуу […]

Алматыда каттоо үчүн кезекке туруу маалында дагы бир адам көз жумду

Алматыдагы калкты тейлөө борборунда бир киши кайтыш болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондорго шилтеме кылып жергиликтүү ММКлар кабарлашууда. Райондук ички иштер департаменти орто курактагы эркек кишинин каза тапканын тастыктады. Күбөлөрдүн […]

Мирзиёев аскердик-өндүрүш комплексин түзүүнү сунуштады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев армияны жаңылоо максатында аскердик-өндүрүш комплексти түзүүнү сунуштады. Өлкө башчысы бул сунушун Мекенди коргоочулардын 25 жылдыгын белгилөө учурунда айтты. Мирзиёев Өзбекстандын 2021-жылга чейинки комплекстүү программа иштеп чыгып, […]

Москва тажик авиакомпанияларына каршы чектөөлөрдү киргизбейт

Москва авикаттамдар боюнча Тажикстан менен жаңжалды курчутпайт жана тажик авиакомпанияларына кошумча тыюуларды салууга ниеттенген жок. Бул тууралуу Орусиянын транспорт министри Максим Соколов билдирди. Аткаминердин айтымында, авиабайланыш боюнча чектөөчү чаралар киргизилбейт. […]

Түркмөнстанда ден соолук жылында дары-дармек кымбаттады

Быйыл жыл башынан бери Ашхабадда дары-дармек эки эсеге өсүп, мамлекеттик дарыканаларда тартыштык пайда болууда. Ошол эле маалда 2017-жыл Түркмөнстанда ден соолук жылы деп жарыяланган. Жыл жаңыргындан бери дары-дармектин наркы 80 […]

Түркмөнстанда жаңы аэропортту курган компания өкүлдөрү президентке чакырылды

1-январда Ашхабаддагы жаңы эл аралык аэропортту курган Полимекс түрк курулуш компаниясынын өкүлдөрү президенттин администрациясына чакырылышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жеке булактарына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин курулганына бир нече […]

Эми Өзбекстан жарандары ажылыкка бир гана жолу бара алышат

2017-жылдан тарта Өзбекстанда эки жолу ажылык сапарга чыгууга тыюу салынды. Мындай жаңы тартиптин киргизилгендиги тууралуу өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, 15-декабрда Ажылык жана умра сапарларын […]

HRW: Тажикстанда адам укуктарынын абалы кескин начарлады

Былтыр Тажикстанда адам укуктарынын абалы кескин түрдө начарлаган. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) уюмунун 12-январда жарык көргөн «Популисттик демагогия адам укуктарына коркунуч жаратууда» деген баяндамасында айтылат. Өткөн жылы Ташикстан Ислам […]

Казакстандын мурдагы экономика министри 2 айга камалды

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Алматынын шаардык соту билдирет. Астананын Алматы райондук соту Бишимбаевди камоо тууралуу санкцияны 12-январда чыгарган. Мурдагы министрдин пара алууга […]

Өзбекстанда киберкоркунучка каршы турууга даярдык көрүшүүдө

Коопсуздук маселелерин иликтөөчү Жорж К. Маршалл атындагы европалык борбор АКШ жана Германиянын Өзбекстандагы элчиликтеринин колдоосу менен киберкоопсуздук боюнча окуу уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирет. Ташкентте бул […]

Алабай күчүгү Ашхабаддагы Азиада 2017 оюнунун расмий символу болот

Түркмөндөрдүн алабайы Ашхабадда өтө турган Азияда 2017 оюндарынын расмий символу катары тандалып алынды. Түркмөн медиалары кабарлагандай, сүрөттө алабай пародасындагы күчүккө жашыл түс берилген , ага кызыл улуттук чапан жана топу, […]

Астанада казак кыздарынын кытайлыктарга турмушка чыгышына нааразы болушууда

Казакстандын баш калаасы Астанада 12-январда жарандык активисттер нике агенттиктердин биринин алдына акцияга чыгышты. Алар агенттиктин “казак кыз-келиндерди кытай жарандары менен тааныштырабыз” деген жарнамасына нааразылык билдиришти. Активисттер казак кыздарына үйлөнөм деген […]

Эмомали Рахмон уулун Дүйшөмбүнүн мэри кылып дайындады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы Дүйшөмбү шаарынын администрация башчысы болду. Рустам Эмомалинин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлык өлкө президентинин сайтына жарыяланды. 2015-жылдын мартында 29 жаштагы Рустам […]

Эмомали Рахмон уулуна коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон республиканын антикоррупциялык ведомствосу түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты. Президент акыркы он жылда ИИМде, транспорт, юстиция, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо министрликтеринде, сот, прокуратура, […]

Астанада «ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү тобу» түзүлдү

Өлкөнүн расмий маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, «мамлекеттик бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүү боюнча» жумушчу топту президенттик администрациянын башчысы жетектейт. Аталган топту түзүү тууралуу буйрукка президент Нурсултан Назарбаев кол койгон. […]

Ислам Каримовдун китеби сатылышы боюнча биринчи орунга чыкты

Ташкентте өткөн «Китептер дүйнөсү» соода жарманкесинде 2016-жылы Өзбекстанда эң көп сатылган китептердин рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу өзбек ММКлары жазышты. Коомдук-саясий адабият багыты боюнча Ислам Каримовдун «Юксак маънавият – енгилмас куч» […]

Тажикстан Орусиядагы ооган элчисинин кечирим суроосун талап кылууда

Орусиядагы Ооганстан элчисинин Тажикстанды кемсинткен билдирүүсү үчүн Дүйшөмбү тынчсыздануусун жана таң калуусун билдирди. Тажикстан ТИМи Ооганстандын Тажикстандагы элчисин чакыртып, каршылык нотасын берди. Нотада тажик элине карата акарат келтирилгендиги үчүн терең […]

Түркмөнстан Азиада-2017нин пиар кампаниясын баштады

Түркмөнстан ТИМи 2017-жылы Ашхабадда өтө турчу Азия оюндарын дүйнө коомчулугуна тааныштыруу үчүн өз программасын даярдады. Азия оюндарын чагылдыруу үчүн быйыл Жапонияда өтө турчу кышкы Азия оюндары, Алматыдагы Бүткүл дүйнөлүк кышкы […]

Казакстанда сот күнөөсүн моюнга алган Габдуллиндин ишин кыскарткан жок

Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана «Радиоточка» сайтынын ээси Бигелди Габдуллин «күнөөсүн моюнуна алгандыгы» кабарланууда. Ал күзүндө пара талап кылууга айыпталып камакка алынган. Жергиликтүү ММКлар ал  жабырлануучулардын чыгашасынын ордун […]

Тажикстанда никени мечит имамдары гана кыя алат

Тажикстанда мындан ары никени ар бир молдо эмес, мечит имамдары гана кыя алат. Ал эми бул эрежеге баш ийбеген молдолорго административдик айыппул салынат. Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комитет парламенттин […]

Өзбекстан ИИМи мунапыс алдында калк менен интерактивдүү жыйын өткөрөт

Өзбекстан ИИМи 2016-жылы октябрда кабыл алынган мунапыс токтомунун аткарылышы боюнча келерки жумада калк менен интерактивдүү жыйын өткөрөт. Өзбекстандыктар 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча 10:00дөн 13:00гө чейин «ыкчам линия» аркылуу өз суроолорун […]