Дүйшөмбү, 23 Январь, 2017 - 2:21
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: АНАЛИТИКА

Атамбаевдин азыркы командасы “мураскерди” колдобой, президенттикке реалдуу кандидаттар Бабанов менен Төрөбаевге тымызын иштей башташты

Биздин ишенимдүү булактар билдиргенине караганда  Алмаз Атамбаев 5-январда, Кытайга учуп кетер алдында резиденциясына өзүнүн жан-жөкөрлөрүн жыйнап, мураскерин жарыялап, баардыгын бир максатта иштөөгө мобилизациялайт. “Күзүндө өтчү президенттик шайлоого СДПКнын атынан талапкер […]

Табылды Акеров, серепчи: Жалал-Абад шаар кеңешиндеги абал революциялык маанайды жаратышы мүмкүн

Саясий серепчи Табылды Акеров Жалал-Абад шаардык кеңештеги түзүлгөн абал боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди: Дүйнөлүк тажрыйба боюнча коалиция түзүлгөндөн кийин ага кирбей калган партиялар биригип оппозициялык блок түзүшөт, же ар кимиси […]

Алмаз Атамбаевдин “мураскер” операциясы ийгиликтүү ишке аша баштады, Сооронбай Жээнбеков президенттикти, Албек Ибраимов премьер-минстрликти мелжешүүдө

Кыргызстанда мурда-кийин премьер-министр кызматын аркалаган адам өзүнүн талапкердигин президенттикке көрсөтсө ага коомчулук жөндүү дегенсип дароо эле ынана түшүшөт. Курманбек Бакиев премьер-министр кызматынан кийин президенттикке талпынганда эл түшүнүү менен кабыл алган. […]

Элмира Ибраимова, эксперт: “Жолдорубуз начарлагандан начарлап, аларга кеткен чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө”

Жакында жергиликтүү кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо кыргыз жолдору чоң көйгөй экенин даана көрсөттү. Бул теманы өз убадалоосунда эскербеген бир да партия болгон жок. Ар бири жаңы жол салып, […]

Эрнис Кыязов, журналист: Паранойя

Паранойя (др.-греч. παράνοια, дословно — «околомышление») — вид расстройства мышления, странность, возникающая при ряде психических заболеваний и поражений головного мозга. В классическом представлении страдающие паранойей отличаются нездоровой подозрительностью, склонностью видеть […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Бийлик аферистик иштери менен дүйнөгө таанымал компанияны пайдаланып, Өмүрбек Текебаевди каралап жатат”

Өткөн жумада гезитибиздин эксперти  Т.Акеров “Мегаком” компаниясынын тегерегиндеги чыр, президенттин аппараты, анын пресс-кызматы эмне иш кылат, заказ материалдарды кантип уюштурат ж. б. у. с. көптөгөн маселелер боюнча кызыктуу кеп козгогон […]

Адилет Айтикеев, журналист: “2017-жылы Кыргызстанда төңкөрүш болушу мүмкүн”

2017-жылы Алмаз Атамбаев президенттик мөөнөттү тапшырам деп убада берип келатат. Президенттик шайлоого утурлай ар кандай күчтөр биригип, ажырашып дегендей өз талапкерлерин даярдай башташты. Биз президенттик шайлоонун күнгөй-тескейи, Кыргызстандагы саясий абал […]

Сереп: Бабановдун жолу

Саясый жактан атаандашуу лидерлер үчүн күндө күтүлгөн күрөш. Ортодо коомчулук сынчы, тараза. Публикадагы ар бир саясатчынын кылган иши, сүйлөгөн сөзү, кыймыл-аракетинен бери эл астында бааланат. Ошого жараша упай топтолот, рейтинг […]

Кыргыз жергесинин «периштеси»

Бийлик чокусуна жеткен адамдар укмуштай өзгөрөт экен. Акаевдик режимге каршы чыгып, демократиянын чоң жактоочусу болуп калган КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн экинчи жарымында өзүнө окшобой калды. Же, […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоорун психикалык жактан ооруп, жабыр таркан адам жазган”

Конституциянын гаранты болгон президент Атамбаев баш болуп, 4 фракциянын жетекчиси төш болуп, биздин төрөлө элек балдарыбызды Кыргызстандын атуулдугунан ажыратууга жол берген Конституциянын долбоорун зордук менен референдум аркылуу кабыл алдыргыны жатышат. […]

“Бригадир” – Алмаз Атамбаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин КР өкмөтүнүн “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган журналист Абдувахаб Мониевдин Алмаз Атамбаев тууралу 2011-жылы жазып, гезиттерге жарыялаган макаласын кайрадан сунуш кылабыз. Курманбек Бакиев жаңыдан бийликке […]

Таалатбек Масадыков, эксперт: “Эми кыргыздар “Таблиги жамаат”, “Салафит,” “Вахабит” болуп бөлүнсөк кайда барабыз?”

(Уландысы. Башталышы мурунку санда) — Биз чындыгында аябай эле кечиктик. Бирок кеч болуп калды-деп отура бербей диний аалымдардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, коомдук ишмерлердин, интеллигенциянын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдорду өткөрүп чара […]

КСДП бир ок менен эки коён аткысы келет

Конституциянын айынан карт бөрү Өмүрбек Текебаев бийлик менен  (Атамбаев башында турган КСДП) тирешип, ажонун, команданын башында турган колбашчылардын жинин кайнаткан соң, өлөсөлү болуп турган коалиция ыдырады. Бул айласыздыктан келип чыккан […]

Атамбаевди “подставит” эткен Албек Ибраимов

“Чубактын кунундай созулган» чуу жакын арада басылчудай эмес. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун «AKИpress» маалымат агенттигине берген маеги кырдаалга жаңы боекторду кошту. Эмесе, кеп ырааты менен болсун. Бишкек мэри тагдырына кантип […]

Кан коё бербейт: Убактылуу Өкмөт жоопко тартылышы керек!

Ушундай эле жыйынтыкка келчүдөй болуп калдык. Бакиев бийлигин кулатып, анын айынан жүздөгөн адамдардын каны төгүлүп, канчалаган балдар жетим, канчалаган аялдар жесир калып, мына ушунун шарапаты менен бийликке келген Убактылуу Өкмөт […]

Журт бузар… же Өмүрбек Текебаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

Башкы “мародёр” Текебаевдин башы көрүндү Нарын жергесинде эл менен жолуккан Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ачыгын айтайын, саясатта менин эки устатым бар. Анын бирөөсү Атамбаев болсо, экинчиси Текебаев”-деп (“Кыргыз Туусу” […]

Саясаттан бизнес жасаган бизнесмен Өмүрбек Текебаевдин 7 касиети

Бу пенде баласы жөнүндө ар тараптуу сөз козгосоң болот. Бир карасаң, Өмүрбек Текебаев чындап эле Кыргызстандагы №1-эмгек сиңирген юрист. Бирок, кимге эмгек сиңирген? Карапайым элгеби, же кадимки А. Акаевгеби? Бул […]

Кадыржан Батыров: “Мен июнь окуяларынын алдында эки-үч жолу Бишкекке келип, Алмазбек Атамбаев менен жолугуп сүйлөштүм, ал учурда Текебаев менен жолуккан эмесмин”

Башкы прокуратура июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан кандай жагдайда чыгып кеткени боюнча кылмыш иш козгоп, иликтөө жүрүүдө. Батыров “Азаттыкка” курган маегинде […]

Табылды Акеров: “Конституциялык реформалар парламентти эле эмес, президентти да кайра шайлоого жол ачат”

Гезитибиздин туруктуу эксперти, саясат таануучу Т.Акеров менен конституциялык өзгөртүүлөр боюнча пикир алмаштык. Анын ою боюнча парламентин V чакырылышы иштеп чыккан долбоордо бир аз гана өзгөрүүлөр киргизилип,  Ө.Текебаевдин авторлугу сакталган. Ал […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаевдин трагедиясы – өз шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, секретаршасын, жардамчыларын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын бийликке алып келип алгандыгында”

Гезитибиздин туруктуу эксперти, тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров: “Атамбаевдин трагедиясы – бийликке компетентсиз, чийки кадрларды, шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, жардамчыларын, секретаршасын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын алып келип алган”,- деген […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Авторитардык режим түптөлсө нааразычылыктар башталат, ал кайрадан революцияга алып келет”

– Табылды мырза, акыркы кезде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбөк Текебаевдин ортосундагы каршылашуу саясаттан чыгып, жеке тирешүүгө өтүп кеткендей ой калтырууда. Сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай? – 31-августтагы Атамбаевдин билдирүүсү бекер […]

Наралы Асанбаев, журналист: “Текебаев эркек экенин 5 жыл мурун көрсөтпөйт беле? Эми аны Атамбаев пайдаланылган чочок каптай ыргыткандан кийин “эркекмин!” деп итиреңдебей”

Ажо Атамбаевдин майрам күнү аянтта алоолонуп сүйлөгөн сөзүнөн кийин кыргыз саясатчыларында принцип деген түк жашабай турганын дагы бир жолу көрдүк.  Чындыгында, өлкө башчысынын борбордук аянтта ошончо элдин алдында “теке”,  койлор”, […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев Каримовго окшоп өнүгүүнүн үчүнчү жолун табам деп ойлогон, бирок биринчи кадамында эле жаңылышты”

Саясатчы Өмүрбек Текебаев “Ак шам” программасында Атамбаевдин акыркы кадамдары, жаңылыштыктары тууралу, Кыргызстандын бүгүнкү дүйнөдөгү орду, дүйнө кайда баратат да, анын ичинде Кыргызстан кайда баратат деген суроолордун үстүндө ой жүгүртөт. Булак: […]

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Атамбаев кечээ конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккандарды аябастыгын, кыӊк дегендин баарын камоого даяр экендигин билдирди”

—Табылды мырза, 31-августтагы президенттин кечээги үзөӊгүлөштөрүнүнө айткан пикирине кандай баа берип атасыз? -Бул билдирүү бийлик колунан эч нерсе келбесе да, ал бийлик экендигин билдирген билдирүү болду. Өтө өкүндүм. Мен күткөн […]

Алмаз Абеков: “Атамбаев баары бир мураскер чыгарат. Ал ким болот?..”

“Мураскер калтырбайм” деп президент Атамбаев бир нече жолу жарыялады. Бирок… Биринчиден, буга чейин биз Атамбаевдин өз сөздөрүнө бир аз эркин мамилесин байкаганбыз. Ошондой эле, анын бир катар жарыялары күбө, мисалы, […]

Ишенбай Кадырбеков: «2005-жылдын март айында эмне болгон – революциябы, мамлекеттик төңкөрүшпү же бийликти басып алуубу? “

Көз карандысыздык жылдарында болгон окуялар жөнүндө бир катар макалалар – анын ичинде А.Акаевдин китептери, К. Бакиевдин март революциясы жөнүндө эки китеби, саясатчылар А.Бекназаровдун, О. Текебаевдин, ата мекендик жана чет элдик […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Президенттин тегереги үч чоң кландык топ менен бийликти монополияга алууга аракет кылып жатышат”

Табылды агай менен кыргыз саясатындагы айрым кырдаалдар, конституция маселесинин күңгөй тескейи тууралуу баарлаштык. -Табылды агай, Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровду “Үңкүр-Тоону тымызын өзбектерге өткөрүп берүү аракетин жасаган” деген шылтоо менен […]

Табылды Акеров, саясат таанучу: “Байкаган адамга Конституция өзгөрүп, парламент таркай тургандыгы анык болуп калды”

Акыркы мезгилде президент өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине кайрадан кайрылып, бул маселе боюнча күзүндө атайы аракеттер көрүлө тургандыгы айтылып, бир топ саясатчылардын бүйүрүн кызытты. Бул маселе өзгөчө ЖКнын депутаттарынын номер […]

Элдик парламент: “Гаагадагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна Алмаз Атамбаев баштаган жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылабыз”

«ЭЛДИК ПАРЛАМЕНТ» БИРИКМЕСИНИН Кыргыз Республикасынын элине, президентине, өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине Билдирүүсү «Элдик парламент» Бирикмесинин (ЭлПБ) уюштуруу жыйынын өткөргөн 12-апрелде биз жакынкы мезгилде жасай турган иш – аракеттерибиз менен коомчулукту […]

Атамбаев командасын тазалай баштадыбы?

11-апрелде Алмазбек Атамбаев “кытайлык “Long Hai” корпорациясынын кызыкчылыгын көздөдү” деген айыптоого байланыштуу Темир Сариевдин отставкасын кабыл алды. Эксперттер Атамбаевге президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калууга мүмкүндүк берүүчү көп жүрүштүү […]

Чолпонбек Абыкеев, журналист: “Сариевдин шымы жаман жеринен айрылды”

 Өкмөт башына келген күндөн эле “футбол көрөм” деп алтымыштан ашык жансакчы ээрчитип барган, бир жакка чыкса канча бир машиналарды артынан ээрчитип шаң менен жүрүүнү каалаган, ашыкча сыланкорооздугу менен сөзгө илинген […]

Оппозицияга кандай тебетей кийгизсек жарашат, я?!

Сөздү айтылуу Көкөтөй чечендин бир окуясынан баштасак. Бул узун сөз. Кыскача мааниси мындай. Кайран киши ушул эле Сары-Өзөн Чүйгө кайсы бир ашка келиптир. Байкап турса өздөрүнчө топтолгон кишилер кызуу бирдемени […]

Ахматбек Келдибековдун президент болууга шансы канчалык…

Учурда саясаттан четтегендей көрүнгөн Ахматбек Келдибеков жаңы саясый жүруштөрдүн  стратегия жана тактикасын аныктап, эс алуунун шылтоосунда жүрөт. Тымызын түрдө ага ыктагандар көбөйүп баратканы эмнени билдирет? Өзгөчө регионалдык кызыкчылыкты көздөгөндөр, президент […]

Жолборс Жоробеков, саясат талдоочу: “Бузулган элге бучуктан бийби? Кыргызстан качан оңолот? Ким оңойт?”

Азыр бийликте олтургандар жүзгө жакын жигиттердин каны аркылуу бийликке келишти. Мына ага да алты жылдай убакыт өттү, элдин турмуш-тиричилигинде кандайдыр бир алгылыктуу көзгө көрүнгөн оӊолуу байкалбайт. Анын ордуна партия-партияга бөлүнүп, […]

Аксы: кылмыш дүйнөсү “кызматка” кириштиби?

Аксыда саясий митингдерди уюштурган жарандык активист Шекербек Камчыбеков райондун акими менен милиция башчысы ага каршы кримчөйрөнү тукурганын айтып чыкты. Камчыбеков Кербенде “Кабак” деген каймана аты бар адам ага келип бийликке […]

Наралы Асанбаев, журналист: “Оппозиция эмес, Атамбаев өзү кан көксөп жатабы?”

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери жыйналып жыйын өткөрүп жатканда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго “Өткөндү унутсак, келечек бизди жазалайт” деп айтты эле. Бирок, президентибиз өзү бийликке кандай жол менен келгенин, кимдер […]

Өмүрбек Суваналиев, экс-министр: “Атамбаев разрушитель, анын колунан мамлекет башкарыш келбейт” деп мен 2010-жылы эле айткамын”

«Атамбаев разрушитель, анын колунан мамлекет башкарыш келбейт» деп мен 2010-жылы эле айткамын», – деп билдирди Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” – ОКБ деп аталган кыймылдын лидерлеринин бири, генерал Өмүрбек […]

Табылды Акеров, саясат таанучу: “Президент Алмаз Атамбаев банкрот…”

Атамбаевди кимдер түрк атайы кызматтарынын агенти кылып, жипсиз байлап алгысы келет Кыргызстанда 3-чү революциянын болуп кетиши тышкы күчтөрдүн таасирине байланыштуу экенин айтышат. Бүгүн дүйнөлүк саясатта Сирия проблемасы чечилүү жолуна түштү. […]

Табылды Акеров, саясат таанучу: «Бүгүн бийлик Кыргызстанда УКМК, ИИМ, прокуратура, сот органдарын криминал менен бириктирип, бирин-бири колдогон кылмыштуу мамлекеттик синдикат түзгөнү анык болду»

Өз элине кыянаттык кылган бийлик, өз башын өзү жутат. Жаз келди. Кыргызстанда саясий күчтөр, партиялар ойгонуп, саясий оюндар, митингдер, курултайлардын дооранына жол ачылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясий багыты белгилүү болгон […]

Базарбай Мамбетов, эксперт: “Жерүй” алтын кенинде кыргыз бийлиги “Кумтөрдөн” да коркунучтуу, ыплас коррупциялык схеманы, бийик афераны башташты”

-Базарбай Эстебесович, сизди биз бир эмес үч жолку вице-премьер министр, тажрыйбалуу курулушчу жана бийик деңгээлдеги тоо кен өндүрүшчүсү катары билебиз. Ошону менен катар  Таластагы “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун алган […]

ВВС: Эски саясатчылардын жаңы оппозициялык тобу

Эски саясатчылар жаңы оппозициялык топко биригип жатышканын билдирүүдө. Анын өкүлдөрүнүн бири Бегалы Наргозуев бул бирикменин өмүрү узак болуп, өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык абалын оңдоого салым кошот деп ынандырууда. Ал эми байкоочулар […]

Өлкөдөгү саясий, экономикалык абал оппозициянын башын бириктирди

“Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү” деген жаңы оппозициялык кыймыл түзүлдү. Оппозиция өкүлдөрү узакка созулуп кеткен каатчылыктан, өлкөдөгү оор абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин айтып, бийликке 7 талабы бар экенин […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Пиночет жок, бирок, кимге өлүм өкүмү чыгат, кимге ырайым болот, ким мандаттуу болорун Ак үй чечет”

– Табылды мырза айтсаңыз, бүгүн Сириядагы абал өтө коооптуу болуп турат. Д.Медведев да “маселени үчүнчү дүйнөлүк согушка жеткирбей чечели” дегендей билдирүү кылды. Сирияда абал эмнеге мынча тез арада өнүгү жатат?  […]

Кубанычбек Кадыров, “Улуттук оппозициялык кыймылдын” (УОК) лидери: “Акаев, Бакиев түптөп, бекемдеген коррупциялык схемаларды Атамбаев ийгиликтүү улантып жатат”

Жакында дагы бир революция болуп кетиши мүмкүнбү-жокпу, бул туурасында “Майдан.kg” гезитине УОКтун лидери К.Кадыров маек куруп берди. – Буга чейин УОКко карата коомчулук тарабына бир топ сын-пикирлер айтылып, “социалдык тармактардан […]

Адил Турдукулов, УОКтун мүчөсү: “Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кайрадан эле эскиче аңдымай, компромат топтомойго өтүштү”

“Азыркы бийликтегилер ѳздѳрү оппозицияда туруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевди “электр энергиясынын баасын кымбаттатты” – деп бийликтен кетиришкен.   Анда азыркы өлкө башчыбыз, “Эмне үчүн супер арзан энергия мынчалык болуп жатат” – […]

Эрнест Карыбеков, энергетика боюнча эксперт: “Ортомчу фирмалардын аракети элдин ырыскысын жеген уурулук, чыккынчылык. Арасында “Автомаш” да бар”

Энергетика тармагы боюнча адис, Кыргызстандын электр тармагына күйгөн инсан, эксперт Эрнест Карыбеков менен элге кымбат, ал эми экспортко арзан сатылып жаткан электр энергиясы тууралуу баарлаштык. – Эрнест мырза, бир жыл […]

Азыркы ханыбыз Манас боло албады. Кыргыздын шоруна бүткөн бүгүнкү Абыке менен Көбөштөр

Шордуу эл окшойбуз кыргыздар. Эгемендүү эл болгондон бери жакшы ажого жарыбай койдук. Төрт президент өлкөнү башкарса да арабабыз алдыга карай жылбады. Арабаны тартчу өгүздөрүбүз өзүнүн, жакындарынын курсагы тойгонуна карт болуп, […]

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таанучу: “Тоолуктарды толкуткан өкмөт же Теңир Тоодо жашоонун өзү эрдик”

Теңир тоо аймагында кыска аралыкта эки ирет массалык нааразычылык акция болуп өткөнү жөн жерден эмес. Расмий бийлик бул окуялардан жалаң гана саясатташууну көрүп, адаттагыдай атайын кызматтарды жөнөтүп, уюштуруучуларды издеп, аңдып, […]

7-апрелде Ак үйдү жана элди аткан белгисиз куралчандар кимдер?

ММКда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталган күнүнөн тарта “кылым соту” деген атка конгон. Быйыл ноябрь айында аталган соттук тертиштирүүнүн башталганына үч жыл толду. Башында бул сот процессинин ар […]

Тумандуу Кыргызстан. Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент

Кыргыздын “Ишенген кожом сен болсоң” деген жакшы кеби бар. Бүгүн көртирилигин араң өткөрүп жаткан карапайым калк “Кыргызстанды өнүктүрөбүз, элдик бийликти орнотобуз, электр энергиясынын баасын арзандатабыз, сатылып кеткен жерлерди, ишканаларды мамлекеттин […]